Жалал-Абаддагы жакшыруулар

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Гезитибиздин өткөн санында айткандай, Президенттин аймактарды өнүктүрүү боюнча жарлыгы Жалал-Абад облусунда канчалык деңгээлде ишке ашып жатканын жеринде барып көрүп келгенбиз. Айыл жериндеги алдыга жылуулар, өзгөрүүлөр көз кубантып, кулак сүйүнткөн. Мына ошондой учурлардын айрымдарына токтоло кетсек, “Бүргөндү” айыл чарба кооперативинин түзүлүшү жана дыйкандардын биримдикте иштеп жатканы болду.

183 дыйкан – 1 кооператив

Бул чакан ишкана Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл өкмөтүнө карайт. Өткөн жылдын күз айларында ачылган. Кооператив – 183 дыйкандын өндүргөн продукцияларын сатууга жана сактоого жардам көрсөтөт. “Биздин максат – айыл чарба продукцияларын өндүргөн фермерлердин башын бириктирип, алардын өндүргөн товарларын экспортко чыгаруу. Бизге бул логистикалык борборду ачууга Германия кызматташтык уюму чоң жардам берди. Өткөн жылдан бери дыйкандар өндүргөн калемпир менен помидорду сорттоп, тазалап, жууп Россияга экспортко чыгарып жатабыз. Эң башкысы биздин дыйкандар айыл чарба продукцияларын кантип сатам, каякка сатам деп кабатыр болушпайт”,-дейт кооперативдин жетекчиси Эрмамат Матиев. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында, 700 тонна продукцияны экспорттоого жетишкен.

“Сапаттуу, экологиялык таза түшүм алуу үчүн дыйкандарды эрте жазда сапаттуу үрөн менен камсыз кылабыз. Ошондой эле, химиялык кошулмасы жок дары-дармектерди, минералдык азыктарды колдонуусун көзөмөлдөйбүз”, – дейт Э.Матиев. Азыркы учурда 12 киши иштейт. Ал эми ак төөнүн карды жарылып, жемиштин баары бышып, экспортко чыгаруу учурунда 50дөн ашык жалданма жумушчулар эмгектенет. Жумушчулардын айлык акысы күнүнө 700-800 сомду түзөт. Учурда 300 тонна продукция сакталгыдай муздаткычтары менен атайын бөлмө курулуп жатат.

“Агрогрупп” алдыңкы күнөскана

Маалымат булактарына таянсак, Ноокен району боюнча 33 күнөскана бар. Кичи-Бүргөндү айылындагы “Агрогрупп” күнөсканасы – Ноокен районундагы эң алдыңкы күнөсканалардын бири.

Аянты 7 гектарды түзөт. Анын 4 гектарына помидор айдалып, биринчи түшүмү жыйналып бүттү. Азыр экинчи түшүмдүн көчөттөрү отургузулуп, өстүрүлө баштады. Дыйкандардын айтымында, жаңыдан баш көтөргөн помидорлор жаңы жылдын алдында бышып, жетилип, сатыкка чыгарыла баштайт.

“Бул күнөскананын жанында кийинчерээк логистикалык борбор салуу планыбызда бар. Бул максатыбыз ишке ашса, Ноокен районунун потенциялын өстүрүүгө абдан чоң мүмкүнчүлүк жаралат”, – дейт Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Эркинбек Маматаев. Анын айтымында, келерки жылы дыйкандар бадыраң менен пияз айдоону болжоп жатышат.

Келечек спорт чемпиондорду күтөт

Жалал-Абад облусунун Масы айыл аймагында жыл аягына чейин эски стадион толугу менен оңдоптүзөөдөн өтүп, колдонулууга берилет. Советтер союзунан калган стадион, ушул убакка чейин бир да жолу оңдолгон эмес. Тескерисинче, таланып, тонолуп, стадион деген эле аты калган.

Быйыл Президенттин жарлыгына ылайык, аймактарды өнүктүрүү жана жаштарды спортко тартуу максатында, дал ушул стадионду оңдоодон өткөрүү пландалган. Учурда, жумуштун 70 пайызы аткарылды. Стадион колдон чыкса, ал жерде эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө болот. Маалыматтар боюнча, сметалык баасы 18 млн. сомду түзгөн. Ал каражаттар ЖалалАбад мамлекеттик администрациясынын жана Масы айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Ушул эле стадиондун жанында 2 кабаттуу, заманбап спорт комплекс салынып бүтүп, пайдаланууга берилүүнүн алдында турат.

Эске салсак, бул комплекстин курулушу мындан 10 жыл мурда, тагыраак айтканда 2009-жылы башталган. Бирок, каражаттын жетишсиздигинен улам аягына чыкпай келген. Август айында ишке берилерин уккан спорт ышкыбоздору терисине батпай сүйүнүп турган чактары. Буюрса, бул спорт комплексте келечектин чемпиондору өсүп чыгат деп ишенели.

Жер астындагы өтмөк курулууда

Жалал-Абад шаарындагы эң негизги көчөлөрдүн бири болуп саналган Ленин көчөсүндө жер астындагы өтмөк курулуп жатат. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин айтымында, Ленин көчөсүнүн боюнда жогорку окуу жайлар, коммерциялык банктар жана борбордук базар ж.б. жайгашкан. Ошондой эле, автоунаалардын каттамы көп болгондуктан, жөө адамдардын өтүүсү бир топ кыйынчылыктарды туудуруп келген. Ал тургай бир нече кырсыктар да келип чыккан.

“Мына ошол себептен, Ленин көчөсүнө жер алдындагы өтмөктү куруу муктаждыгы жаралган. Курулуш иштери 1-июнда башталган. Сентябрдын аяк ченинде жумуштар толугу менен бүткөрүлөт деген ойдобуз”,- дейт шаар мэри М. Тагаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстан эгемендик алганы мындай жер астындагы өтмөктөр курулбаптыр. Жалал-Абад шаарынын мэринин айтымында, мындай курулуш алгачкы жолу Жалал-Абад облусунда курулууда. Жергиликтүү бюджеттен 31 млн. сом каралган. Бирок, тендердин негизинде 20 млн. 900 сомдук келишим түзүлгөн.

Жыл башынан бери 7 км. жол оңдолду

Жалал-Абад шаарында Манас көчөсү негизделип, ага асфальт төшөлгөн. Жергиликтүү тургундардын сөзүнө таянсак, мурда бул көчө болгон эмес. Башкача айтканда, ал жердеги баш аламандыктан автоунаа да, жөө киши да өтүүгө мүмкүн эмес болчу.

Азыр Манас көчөсүнүн көрүнүшү такыр башкача. Асфальтталып, тротуар салынып, жарыктандырылган. Жолдун туурасы 8 метр болсо, тротуардыкы 2 метр. Мындан сырткары, майыптар үчүн же кольяска сүйрөгөн жаш энелер үчүн атайын пандустар жасалган. Шаар мэринин сөзүнө таянсак, Жалал-Абад шаары боюнча жыл башынан бери 7 км. жол Жер астындагы өтмөктүн курулушу асфальтталган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *