Суу кымбаттаса, сарамжал пайдаланылабы?

Шабдан Абылгазы уулу, “Кыргыз Туусу”


Бишкек шаарында сууга карата тарифтин жогорулашы күтүлүүдө. Бул боюнча тийшитүү токтом учурда Бишкек шаардык кеңешине киргизилди. “Бишкексууканал” ишканасы тарифтерди көтөрүүнү ишкана чыгашалуу болуп, суу жеткирүү жана кетирүү системаларын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керектиги менен түшүндүрүүдө.

Бишкектин чекесиндеги Пригородный айылында жайгашкан саркынды сууларды тазалаган «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын шаар канализация ишканасынын аэрация станциясы бар. Аталган станция 1969-жылы курулуп, алгачкы механикалык тазалоо цехи 1976-жылы ишке кирген. Ал эми биологиялык тазалоо цехи 1980-жылы ишке кирген. 40 жылдан бери Бишкектин саркынды сууларын тазалап келген станцияда жабдыктардын эскилиги жетип, капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Ишкана өзү чарбалык эсепте болгондуктан, бул ишти ишкана өз алдынча жасай албайт. Ал эми агынды суунун тарифи бир кубу 1 сом 20 тыйынды гана түзөт. Шаар канализация ишканасынын жетекчиси Кемелбек Алтымышев эгерде азыртадан чара көрүлбөсө, 5 жылдан кийин бул станция такыр эле ишин токтотушу ыктымал экенин белгилейт.

— Аталган станциянын кубатуулугу 380 миң куб. Анткен менен учурда 200-220 миң куб суу кирип жатат. Бул жерден механикалык, биологиялык, химиялык тазалоодон өткөрөбүз. Азыркы убакта ишкананын шар тына жараша алмаштырчу жабдыктарды алмаштырып, колдон келишинче оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, сырдап алып жатабыз. Бирок бул курулмалардын иштеп жатканына 40 жылдан ашык убакыт болду. Учурда курулмалар, трубалар чирип, бассейндер эскирип калды. Толугу менен капиталдык оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Аны жасоого биздин каражат жетпейт. Абдан чоң каражат керек болот экен, — дейт К.Алтымышев.

Жабдыктардын эскилигинен дагы толгонтокой көйгөйлөр бар. Ушул станциянын механикалык тазалоо цехинде эмгектенген Любовь Чернова: “Мына ушул цехте төрт жылдан бери иштейм. Башка цехтен которулуп келгем. Шаардагы таштандылардын баары бизге келип түшөт. Акыркы убакта таштандылар дагы көбөйүп жатат. Анын баарын биз тазалайбыз. Жабдыктар эски, насосторго тыгылып калбасын деп аларды тазалап турабыз”, — дейт.

Аэрация станциясындагы сууну тазалоочу бассейндер

Бишкек шаарынан чогулган саркынды суулар дал ушул механикалык тазалоо цехине келип ал жактан таштандылардан тазаланган соң, атайын каналдарда 1,5–2 саат жай агымга түшүрүлүп, кумдан тазаланат. Андан кийин биологиялык тазалоо цехине түшөт. Ал жерден атайын микроорганизмдер, кычкылтек аркылуу тазаланып, химиялык тазалоодон кийин сугатка же канал аркылуу Чу суусуна кое берилет. Бул процесстин баары лабораториялык көзөмөл алдында өтөт. Өндүрүштүк саркындылар боюнча инженер-химик Ирина Голубчикова аталган лабораторияда станциянын сууларынан тышкары ишканалардын саркынды суулары дагы текшерүүдөн өтө турганын белгилейт. Анын айтымында, эгерде ишкананын суу тазалоо жабдыктарынан талаптагыдай тазаланбаса, чара каралган.

— Шаардагы саркынды сууларын шаардык канализацияга куйган өндүрүш-ишканалар менен иштейм. Биздин лаборотория аэрация станциясында жана шаардын өндүрүш ишканалардын саркынды суулардын изилдөө менен алектенет. Ишканалардын пробасын алып, саркынды сууларын изилдейбиз. Химиялык курамын текшерген соң, ошого жараша иш алып барабыз. Бул боюнча атайын нормалар каралган, нормалардан жогору болсо, документ толтуруп, алардын агынды сууларды тазалоо системасы жакшы иштебей же талаптагыдай тазалабай жаткандыгы тууралуу билдирүү жиберебиз. Анткени шаардык канализацияга саркынды сууларын куйган ишканалар аны тазалашы зарыл. Эгерде бул нерсе аткарылбаса, буга атайын чаралар каралган, — дейт Ирина Голубчикова.

Анткен менен ошол эле сууну кайра артка чыгаруу, сугаттарга колдонуу жолдору каралган эмес. Мындан улам, айрым жаңы конуштарда ичүүчү сууну огород сугарууга колдонуп, башка абоненттерге суу жетпей калган учурлар жок эмес. Бул көйгөй административдик жазага тартуу менен дагы токтобой келет. Аны чечүү үчүн арык системасын ишке киргизүү зарылдыгы бар. Албетте, шаардын чок ортосунда арык системасы дурусурак болгону менен шаар четиндеги жаңы конуштарга эми гана канализация кирип жатса, айрымдарына таза суу жете элек болуп жатпайбы.

Негизинен тарифтердин көтөрүлүшүнө шаардыктар деле каршы эмес. А бирок алар ошол эле автоунаа жуучу жайлардын ичүүчү сууну колдонуусун токтотуу керектигин, огород сугаргандарды чектөөгө алып, сууну үзгүлтүксүз жана сапаттуу жеткирип берсе деген тилектерин айтышууда. Сууну сарамжал пайдалануу деген түшүнүк биздин коомго сиңе элек. Маселен, Москвадагы мекендештерибиз электр энергия менен сууну кандай үнөмдөө керектигин жакшы билишет. Ал тургай абдан жакшы өздөштүрүп алышкан. Анткени, чөнтөккө күч келгенде, бардык нерсеге көнсө болот окшобойбу. Балким бизде дагы каражатка күч келсе, аны өздөштүрүп алаарбыз… Сууга тарифтин аздыгынан улам, «Бишкексууканал» өндүрүштүкэксплуатациялык башкармалыгы чыгашалуу ишкана болуп калган. Мындан улам Бишкек шаардык кеңешине тарифтерди көтөрүү боюнча токтом киргизилди. Бул тууралуу «Бишкексууканалдын» абоненттик бөлүмүнүн башчысынын орун басары Инна Байбурина: “Таза сууну 50 см. тарта 1,5 метр диаметрге чейинки трубалар аркылуу 1478 км транспортировкалоо жүрөт. Бул кандай көөлөм экенин элестетүү кыйын. Мындан тышкары суу өткөрүү системасында 9 миңге чукул суу өткөрүүчү кудуктар бар. Булардын ичинде ар канда гидранттар, суу жылдыруучулар жана башка жабдыктар орун алган. Аларды тейлөө дагы биздин функцияда. Албетте, мунун баарын иш абалында кармоо, капиталдык жана күнүмдүк оңдоп-түзөө иштерин модернизациялоо жүргүзүш үчүн каражат керек”, — деп белгиледи.

Белгилей кетсек, шаардыктар үчүн суу тарифи куб метрине 5 сом 38 тыйынды түзөт. Тарифтер жогорулагандан кийин 8 сом 10 тыйынды түзөт. Бюджеттик уюмдар учурда 7 сом 38 тыйын төлөсө, жогорулагандан кийин бул көрсөткүч 9 сом 10 тыйын болот. Ал эми башка колдонуучулар бүгүнкү күндө 9 сом 15 тыйындан 13 сомго чейин жогорулатуу мерчемделүүдө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *