Ажыга кеткендердин алгачкы тобу Кыргызстанга кайтып келди

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу мекенине кайтып келди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар «Жидда-Бишкек» багыты боюнча Кыргызстанга 17-августта саат 22:28де учуп келишкен.

17-августтан 1-сентябрга чейин кыргызстандык ажылар «Жидда-Бишкек», «Жидда-Ош» жана «Медина-Ош» багыттары боюнча Кыргызстанга кайтып келишмекчи. Жалпысынан 18 каттам уюштурулган.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6 миң 10 квота бөлүп берген.