Волейбол боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстандын каршылаштары аныкталды

Волейбол боюнча зоналык Азия чемпиондугунун тайпалык баскычындагы Кыргызстан курумасынын каршылаштары белгилүү болду.

Непалдын Катманду шаарында өтө турган мелдеш бүгүн старт алып, беттештер 7 команданын ортосунда болмокчу.

17-августта болгон чүчү кулактын жыйынтыгы менен Кыргызстан курамасы Непал жана Мальдив курумалары менен А тайпасына бөлүндү.

Ал эми В тайпасына Өзбекстан, Түркмөнстан, Бангладеш жана Ооганстан бөлүндү.