Нур-Султандагы сүйлөшүүлөр

МаксатСириядагы жаңжалдарды жөнгө салууга жардамдашуу

Казакстандын борбор шаары НурСултанда жакында Сириядагы жаңжалдарды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду болору күтүлүүдө. Бул 14-жолугушуу. Жолугушуулардын ушундай санга жеткени казакстандык форматтагы диалогдук аянтчага бардык тараптардын кызыгуусун тастыктап турат: сүйлөшүүчү тараптардын жолугушууга куштарлыгы мындай пикир алмашуулардын маанилүү экендигин айгинелөөдө. Ушул август айынын алгачкы күндөрүндө өткөрүлгөн раунд, жалпыга маалымдоо каражаттары кыскача атагандай,  «Астана – 13» деген ат менен тарыхта калды.

Сириянын телеберүүсү Идлиб провинциясында атышуунун токтогонун Казакстандын борбор шаарында сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда эле жарыялады. Атышуунун токтотулуусу көп күттүргөн жана ошончолук астейдил окуя болду. Сириянын түндүк-батышындагы бул провинцияда, ар кандай маалыматтарга караганда, бир жарым миллиондон үч миллионго чейин адам жашайт. Эл аралык серепчилердин акыркы билдирүүлөрүнө таянсак, Идлиб чоң гуманитардык капсалаңга кептелүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун расмий сайтында уюмдун башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары жана  БУУнун өзгөчө кырдаалдарда жардам берүү боюнча координатору Марк Лококтун баяндамасы жарыяланган. Анын айтымында, Идлибдеги абал өтө начарлап бара жатат. «Карапайым тургундар зомбулукту токтото албай жана согуштук аракеттердин жүрүшүндө жарандарды коргоону караган эл аралык укуктарды сактай албай жатышкан сая­сатчылардын жөндөмсүздүгүнүн азабын көрүүдө», деп билдирди ал.

Эң башкысы – саясатчылар бир мунасага келүүгө жөндөмсүз болууда. Бул өңүттөн алып караганда, казакстандык борбордун аянтчасы компромисстик чечимди табууга аракет кылууга мүмкүнчүлүк түзгөн ыңгайлуу орун болуп жатат. Анын үстүнө Нур-Султандагы сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары Сирияда согуштук кыймылдардын токтотулганына кызыкдар, себеби сүйлөшүүчү тараптардын өлкөлөрүнүн коопсуздугуна жана туруктуулугуна согуштук кыймылдар коркунуч жаратууда.

Сүйлөшүүлөрдүн тегерек үстөлүнө жаңжалдын ар түрдүү тараптарынын өкүлдөрү чогулду – өкмөттүк делегацияны Бириккен Улуттар Уюмундагы Сирия Араб Республикасынын туруктуу өкүлү Башар аль-Джафари, ал эми куралдуу оппозицияны Ахмад Аль-Тоума баштап келишти. Кепил-өлкөлөрдүн арасынан Россиянын делегациясын Россия Федерациясынын Президентинин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев, Түркия делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Седат Онал жетектеп келди.

Жыйынга Ирандын делегация­сы өлкөнүн тышкы иштер минис­тринин саясий маселелер боюнча улук жардамчысы Али Асгар Хаджинин жетекчилик кылуусу менен катышты. Ошондой эле Нур-Султандагы жолугушууга Бириккен Улуттар Уюмунун делегациясын уюмдун Сирия боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Хавла Матар башкарып келди. Атайын өкүлдүн өзү –  Гейр О.Педерсен ден соолугуна байланыштуу Казакстанга келе алган жок. Казакстандын борборундагы тегерек үстөлдүн иш-чараларына Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын, Кызыл Кресттин жана Иордания мамлекетинин өкүлдөрү катышып отурушту.

Астаналык форматтагы сүйлөшүүлөргө биринчи жолу Ливан менен Ирак мамлекеттеринин өкүлдөрү кошулушту. Сүйлөшүү процесстерине эки Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн кошуу жөнүндө чечим Казакстандын борборунда мындан мурда өткөрүлгөн жолугушууда кабыл алынган. Расмий Бейрут менен Багдаддын кызыкдарлыгы түшүнүктүү. Сирияга географиялык жактан коңшу өлкөлөр сириялык качкындардын кайтып келүү маселелеринин чечилүүсүнө кызыкдар, жалпысынан алганда, алар ишенимдүү жана экономикалык жактан туруктуу өнөктөштөргө ынтызар.

Идлиб боюнча макулдашуу – Нур-Султандагы сүйлөшүүлөрдүн эң башкы жыйынтыгы эмес. Маселе Сирия боюнча конституциялык комиссия түзүү жөнүндө болуп жатат. Аны түзүү жөнүндө Сириядагы жаңжалдарды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкан россиялыктар мындан эки жыл мурун билдирген эле. Жаңы орган Сириянын жаңы Конституциясын иштеп чыгуу менен алпурушуусу керек болчу. Бирок сүйлөшүүлөр жаңы органдын мүчөлөрүн кабыл алууну талкуулоо процессинде токтоп калган. Комиссияны түзүү боюнча олуттуу илгерилөө алгачкы жолу Нур-Султандагы август сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Эл аралык эксперттер Сирия боюнча конституция­лык комиссияны калыптандыруу процесси алдыбыздагы октябрь айында Казакстандын борбор  шаарындагы кезектеги раундда аяктайт деген пикирлерин билдирип жатышат.

Сириядагы согуштук жаңжалдар 2011-жылдын март айында башталып, ушул күнгө чейин уланып келет. 2017-жылдын 23-24-январында Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча биринчи жолугушуу Казакстандын борбор шаарында болгон. Үстүбүздөгү жылдын 23-мартында шаарга Нур-Султан ысымы ыйгарылган. Ошентсе да Сирия боюнча сүйлөшүүлөр “Астана процесси” бойдон калды.

Негизи, Астана процессинин натыйжаларын сүйлөшүүлөргө активдүү катышкан бардык тарап жогору баалап жатышат. Буга чейинки макулдашуулардын жыйынтыгында ок атышуу токтотулган аймактар түзүлүп, гуманитардык жардамдарды жеткизе турган коридорлор ачылган болчу. Ошондой эле согуш жаңжалдарынан качып, баш паанек издеген бозгундарга жашай турган жай табылды.

13-раунддун саамалыгы – Женева, Вена жана Нур-Султан шаарларындагы мурдагы жолугушууларда тегерек үстөл башында кер-мур айтышып, “жака жыртышып жаткан” тараптар бул жолу кепил мамлекеттердин (Россия, Түркия жана Иран) жаңжалдуу аймактарда тынччылык орнотуу иш-чаралары боюнча сунуштарына түшүнүү менен мамиле кылгандай болушту.

 

Назарбек БАЙЖИГИТОВ,  “Кыргыз Туусу”