Азия чемпионаты: Волейбол боюнча Кыргызстан курама командасы финалга чыкты

Непалдын Катманду шаарында өтүп жаткан волейбол боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын улуттук курама командасы финалга чыкты.

Финалга чыгуу үчүн беттеште Кыргызстан  Түркмөнстандын курама командасын 3:0 (25-17; 25-18; 25-22) эсебинде жеңген. 23-августта финалда Кыргызстан Өзбекстан курама командасы менен кездешет.

Буга чейин Кыргызстан курама командасы үй ээси Непалды 3:0, Мальдив аралдарынын курама тобун 3:0 эсебинде утуп алган.

Белгилей кетсек, Кыргызстан «А» тайпасында Непал жана Мальдив аралдарынын курама командалары менен ойноду. «Б» тайпасында Түркмөнстан, Өзбекстан, Бангладеш жана Афганстан курама командалары болгон.