Сауд Арабиянын футболчулары Лондон терактынан каза болгондорду эскерүүдөн баш тартты (видео)

Сауд Арабиянын футболчулары Лондондогу терактка байланыштуу  жарыяланган аза күтүү үнсүздүктү четке кагышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунун квалификациялык оюну Австралия курама командасы менен Австралиянын Аделаида шаарында өткөн. Оюн алдында бир мүнөттүк үнсүздүк жарыяланган. Австралиялык футболчулар оюн талаанын ортосуна тизилип, көптөгөн көрүүчүлөр ордуларынан турган. Бирок, саудиттер талаага чачырап туруп алышкан. Ошондой эле саудиттердин машыктыруучулары да Лондон терактына байланыштуу эскерүүндөн баш тартышкан.

Оюн 3:2 эсебинде Австралиянын жеңиши менен аяктады.

Белгилей кетсек, Лондон шаарында 4-июнга караган түнү жасалган эки терактыдан жети адам каза таап, 30га жакыны ооруканага түштү. Лондондогу көпүрөдө жүргөндөрдү кичи автобус тебелетип кетсе, ал эми Боро деп аталган базардын жанындагы адамдар бычак жеген.