Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Айылдыктар бир жылда бир миллиард сом каражат табышат»

Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”


Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапар менен Нарын дубанында болду. 21-август күнү ал Нарын шаарындагы каалгасын кайрадан ачкан сүт заводунда жана “Нарын сууканал” ишканасынын жаңы курулган кеңсесин жеринде көрдү.

Маалыматтар боюнча Нарын шаарында сүт завод 1953-жылы пайдаланууга берилген. Союз жок болгондо, завод дагы ишмердигин токтоткон. Бирок түп орду менен бомба тийгендей талкаланып кетпей, жеке ишкер тарабынан арак заводго айландырылган. Бара-бара “ачуу сууну” чыгаруу дагы токтоп, каңгырап бош калган.

-Биз жумушту өткөн жылы баштаганбыз, — деди “Сүт-Азык” жабык акционердик коомунун аткаруучу директору Жолдошбек Айтакунов. — Чындыгында заводдун айланасы акыр-чикирге толуптур. Мал багылып, сарай болгон экен. Көрсө бир адам кароолчулук кылып, а киши короо салып, кээ бир жерлеринар кимге ижарага берип келиптир. Жалпысы 43 машина акыр-чикир чыгарылды. Ал эми кайрадан толук оңдоо быйыл июль айында бүткөрүлүп, 2-август күнү 115 литр сүттү кабыл алуу менен жумушубузду баштадык. 100 миллион сомдун айланасындагы жеке каражатка завод кайрадан заманбап жабдылды. Суткасына 150 тоннага чейин сүттү иштете алат. Мына бүгүнкү күнгө карата суткасына 7 тоннадан сүт кабыл алып жатабыз. 25 адам жумуш менен камсыз болду жана бардыгы нарындыктар. Алар 17-20 миң сомдон эмгек акы алышат. Учурда каймак май жана голландия сыры чыгарылууда. Сүттү келишимдик негизде азырынча Нарын, Ат-Башы райондорунан алып жатабыз. Кызыккан тараптар 100 литрден жогорку көлөмдө тапшырышууда. Алардан ветеринардык маалымдамаларды талап кылабыз. Бизге келгенде сүттүн майлуулугун аныктап, сорттуулугуна жараша алгач 23 сомго чейин сатып алып жатканбыз. Азыркы тапта 1-сорттогу сүттү 25 сомго жеткирдик. Сүттү сатуучуларга ар жума күнү акчалары берилүүдө.

-Нарын шаарында ушундай сүт заводдун ачылып жатышы абдан жагымдуу окуя, — деди заводдун короосуна чакырылган жарандардын алдында С.Жээнбеков. — Анткени биз эки жылдан бери аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялап элетке көңүл буруудабыз. Биз кайра иштетүүчү өнөр жайына көп көңүл буруп жатабыз, анткени айылдарда чийки зат жетиштүү. Бул сыяктуу ишканалардын ачылышы менен чет жакка чыкпастан, өз үйүнөн иштөөгө мүмкүнчүлүк пайда болууда. Ошондой эле бул өнүгүүгө жана мал чарбачылыгына заманбап технологияларды тартууга дем берет.

Мамлекет башчы заводду кайрадан оңдоп чыккан “Үмүт и КО” компаниясына ыраазычылык билдирип, буларды кошумчалады:

-Биз 28 жылдан бери эле сүттү, этти, жүндү кайра иштетебиз деп келе жатабыз. Ошондуктан мындай ишкерлерге шарт түзүп беришибиз керек. Мына эми Нарынга сүт завод ачылды, эл болсо эми өздөрү эле селекциялык жумушту жасашат. Сүттүү уйлар көбөйөт. Ошентип өнүгүү болот. Мына бул завод бир литр сүттү 25 сомдон алууда. Натыйжада бир жылда нарындык уй баккандар бир миллиард сомдук сүтүн сатышат экен.

Мындан соң мамлекет башчы Нарын шаарында жүрүп жаткан таза суу боюнча курулуш иштери менен таанышып, “Нарын суу-канал” ишканасынын жаңы кеңсесин көрүп чыкты.

-“Нарын шаарын таза суу менен жабдуу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун негизинде өткөн жылы жумуштар башталган. Ошону менен катар долбоор алкагында кеңсе салынып, бир нече атайын унаалар дагы сатылып алынды, — деп билдирди “Нарын суу-канал” ишканасынын жетекчиси Нурлан Максүталиев. Натыйжада быр жыл аралыгында 6262 метр таза суу жана 2383 метр саркынды суулардын түтүктөрү жаңыланган. 200 куб/м көлөмүндөгү суу топтоочу резервуар курулуп, эки суу алуучу жай реабилитациядан өткөрүлгөн. Жыйынтыгында аталган долбоордун негизинде Нарын шаа­рынын тургундарынын 99 пайызы таза суу менен жана 40 пайызы канализация системасынпайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкандыгын Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев белгиледи. Ал береги долбоор Швейцария Конфедерациясынын колдоосу, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) каржылоосу менен ишке ашырылып жаткандыгын, жалпысынан 6,2 млн. евро каралгандыгын, иштин биринчи фазасы быйылкы жылдын декабрь айында аяктаарын, келерки жылы үнөмдөлгөн каражаттар аркылуу дагы бир катар жумуштар жасалаарын да кошумчалады.

* * *

22-августта Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Анда Мамлекет башчы аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди. Бул жер-жерлерде, айылдарда бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү — салыктардан бошотуу же аларды кыскартуу, продукцияны сертификаттоо боюнча жаңы лабораторияларды куруу, айыл ишкерлерин колдоо боюнча финансылык институттардын ишмердиги, жеңилдетилген насыялоо, өндүрүштү өнүктүрүү жана экологиялык таза продукцияны экспортко чыгаруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт тармактарындагы реформалар, соттук-укуктук реформа жана коррупция менен күрөшүү.

Ал өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүүнү жана ошондой эле тышкы саясаттагы жүргүзүлүп жаткан иштерди да өзгөчө белгилеп өттү. Ирригация жана таза суу менен камсыздоо боюнча улуттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө кеңири токтолуп, бул багыттар анын президенттик кампаниясынын негизги убадаларынан болгонун белгиледи.

Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына ылайык, 2026-жылга чейин 65 миң гектардан ашык жаңы сугат жерлер өздөштүрүлүп, 50 миң гектар жердин суу менен камсыздоосу жогорулайт.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуштун 69 айылы таза суу менен камсыз болду, эми алдыдагы 5 жылда 584 айылга таза суу тартылмакчы.

Өлкөнүн стратегиялык жана ички жолдорун куруу да уланууда, ар бир райондук борбордо 4 чакырымдан кем эмес жолдорду оңдоп-түзөө башталды, энергетикалык долбоорлор ишке ашууда, ГЭСтерде реконструкциялар жүрүп жатат.

Президент өз сөзүндө сот системасын, укук коргоо органдарын тазалоо, мыйзамдарды өркүндөтүү иштери күчөтүлгөнүн да белгиледи. «Эми соттук процесстин баары ачыкайкын болот, мурдагыдай көмүскө болбойт.

Биз эски репрессивдик мыйзамдардан кетип, жаңы укуктук стандарттарга өтүп жатабыз. Анча оор эмес мыйзам бузуулар кылмыштардын катарынан чыгарылып, мыйзамдарды гумандаштыруу алкагында жорук катары бааланат. Жорук жасагандар эркиндигинен ажыратылбайт, андайлар үчүн айып пул, коомдук иштер каралган», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчы, тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы коррупция эң негизги улуттук көйгөй болуп калганын белгиледи.

«Бийликке — өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кеткен. Бийликти — байлык топтоонун булагына, бизнеске айлантып жиберишкен», — деди С.Жээнбеков.

Президент мамлекеттик кызматка келген ишкерлер өз психологиясын таптакыр өзгөртүшү керек экенин кошумчалады.

«Бийликке көрпенделик кызыкчылыктан, байлыктан баш тартып, акча табуу үчүн эмес, эл арасында сый-урмат, эл үчүн кылган эмгегим менен абийир табайын дегендер келиши керек», — деди Мамлекет башчысы.

Ал коррупцияга каршы күрөш азыр күч менен, көзөмөл менен гана жылып жатканын, бул иште ийгилик бул күрөштү жалпы эл, сиздер колдогондо гана болорун эскертти.

* * *

Андан соң Президент С.Жээнбеков райондогу ирригациялык долбоорлор менен да таанышты.

Өкмөткө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ала-Буга, Жаман-Даван жана Куртка дарыяларындагы суу объектилерин куруу жана калыбына келтирүү боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Долбоорлор 2020-жылдан тартып ишке ашырыла баштайт. Алардын аякташы менен Ак-Талаа районунда кошумча 4000 гектардан ашуун жерге сугат суу жетип, пайдаланылып жаткан сугат жерлерди сугарууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мамлекет башчы ирригация тармактарын модернизациялоо жана кеңейтүү аймактык өнүктүрүү саясатынын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи. Ал тийиштүү мамлекеттик органдарга өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдү тартуу менен бул маселени чечүүнү тездетүүнү сунуштады.