Аймактар арымы: жанданган кайра иштетүү ишканалары

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Аймактарды өнүктүрүү – бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикалыксоциалдык багытын аныктаган негизги саясаты болуп калды. Мунун натыйжасында эгемендик жылдарынан бери мамлекеттин өнүгүү саясатынын өзөгүн түзмөк турсун өгөйлөнүп унутта калган элетке кадимкидей жан кирди. Айрыкча, анча-мынча инфраструктуранын жугу калган калктуу пункттар, шаарлар элет элинин жашоо-тиричилигин алга сүрөгөн, кубаттуу күчкө айланууда. Айталы, дегенибиз канча жылдардан бери көздөн учкан кайра иштетүү ишканалары курулуп, жумуш орундары табылып, элет элинин өндүргөн продукциясын жеринде сатып алып, атүгүл өздөрү өндүргөн продукциясын экспортко чыгарууга белсенип турушат… Бир кадамдан болсо да мына ушуну өнүгүү дейбиз.

Теңир-Тоонун сүт булагы

Белгилүү болгондой Нарын шаары токсон тоонун ар жагындагы Кыргызстандын эң алыскы шаарларынын бири. Бир кылымдан ашуун бай тарыхка ээ, тогуз жолдун тоомундагы бул шаардын рынок шартында ар тараптан өнүгүп кетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Анткени тегерек четинде мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенген эмгекчил элет эли жашайт. Кайра иштетип пайда табам десең эттин чүйгүнү, сүттүн каймактуусу ушул элде. Өкүнүчкө жараша алардын өндүргөн продукцияларын кайра иштетүү жагынан өксүп келгенбиз.

Аймактарды өнүктүрүү саясатынын натыйжасында Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ачылышы (“Сүт-Азык” ЖАК ишканасы) билгенге кубанычтуу жакшы жаңылык. Аны Президент Сооронбай Жээнбеков өзү ачты. «Аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган”, – деген мамлекет башчы мындай ишканалар өндүргөн продукцияларын экспортко чыгарууну көздөөлөрү керектигин ишарат кылды.

Азыр бүткүл дүйнө жашыл экология маселесин көтөрүп жатышат же болбосо экологиялык таза продукцияларга муктаждык артууда. Бул жагынан алганда да утуштабыз. Кыргызстандын кайсы булуңбурчун албайлы өндүргөн продукцияларыбыз экологиялык жактан таза экендиги ЕАЭБде болобу, Евробиримдигинде болобу жакшы белгилүү. Кептин баары айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды республикабыздын бардык аймактарында тезирээк куруп, ишке киргизүүдө калды.

Баса, “Сүт-Азык” ЖАК ишканасы азырынча быштакты экспорттоого ниеттенип жатыптыр. Аныгында ТеңирТоонун каймагы карыш сүтүнөн жасалган кыргыз быштагы рынокто өз ордун таба аларын бөркүбүздөй эле көрүп турабыз.

Кайра куруу ишканалары асмандан түшпөйт…

Мындай кайра иштетүү ишканалары, башка дагы айыл чарбасын алга сүйрөп чыгуучу долбоорлор өзүнөн өзү асмандан түшө калбайт. Мамлекеттин тикелей колдоосун, финансы институттарынын ийкемдүү каржылоосун талап кылат.

Жакында эле Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансылык институттарынын жетекчилерин кабыл алып, аларды аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткычы болууга чакырган болчу. Анда Президент аймактарды өнүктүрүү максатында калк тарабынан өндүрүлгөн продукцияларды (сүт, эт, тери, жүн, жер-жемиштер) кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө жана жайылтууга финансылык ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү багыттоо зарылдыгын баса белгилеген. Өз кезегинде өлкөнүн финансы институттары аймактарды өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошуп жатканын айта кетишибиз абзел.

Фактыга кайрылсак, РКӨФ 7 айда 4,5 млрд. сомдук 369 долбоорду каржылаган (2018-жылга салыштырмалуу эки эсе көп). Мунун 60 пайыздан ашыгы өлкөнүн аймактарына багытталганын белгилей кетели. Ал эми «Айыл Банк» 2019-жылдын 7 айында 7,7 млрд. сом өлчөмүндө насыя берсе, анын 72 пайызы аймактарга берилген. «РСК Банк» 7 айда 4,8 млрд. сом насыя берсе, анын 2,6 млрд. сому аймактарга жумшалган. Кепилдик фонд 7 айдын жыйынтыгы боюнча 469 млн. сом өлчөмүндө 264 кепилдик берген. Гарантиялардын эсебинен банктардын берген насыялары 1,4 млрд. сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 156%га өскөн. Көрүнүп тургандай аймактарды өнүктүрүүгө айтса оозго жараша тургандай каражаттар берилүүдө. Жыйынтыгын да четинен көрө баштадык.

Бир долбоор өткөрө албаган жети облус…

Баарынан мурда аймактарды өнүктүрүүдө биринчи жолу максаттуу каржылоо жүзөгө ашырылып жатканы, ага өзгөчө критерийлер талабы коюлуп, долбоорлорду даярдоодо ар бир региондун шарты эске алына тургандыгы, мамлекеттин бул өңүттөгү саясатынын өтө олуттуулугунан кабар берет.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров инвестициялык бизнес долбоорлорду, инфраструктуралык жана өнүгүү программаларын тандоо боюнча сынак комиссиясынын кезектеги жыйынында ушул маселени көтөрдү. «Долбоорлорду тандоодо алыскы аймактардын каржыга жеткиликтүүлүгү, жергиликтүү чийки зат менен эмгек ресурсун колдонуу, экспорт менен инновациялык багыттар боюнча критерийлер эске алынат», – деди ал.

Инвестиция тартуу боюнча агенттиктин маалыматына таянсак, май айынын аягында аймактардан 80 долбоор келип түшкөн. Мындан тышкары жакында эле түзүлгөн «Аймактардын өнүктүрүүсүн каржылоо долбоорлор борбору» ААКтан 14 долбоор түшкөн.

Ошол эле учурда аймактардан келип түшкөн бир да долбоор каржы-финансылык мекемелери тарабынан жактырылбаптыр. Себеп дегенде бекитилген критерийлерге жооп берген эмес же болбосо ар бир региондун уникалдуу артыкчылыктарын өнүктүрүү принциптерине кайнаса каны кошулбай калган.

Ушундан улам аталган жыйында вицепремьер-министр З.Аскаров долбоорлорду сапаттуу даярдоо үчүн арыз бергендерге кеңеш берүү үчүн облустар менен иштей турган кредиттик мекемелерди бөлүштүрүүнү сунуштап, бюджеттен каржылоо үчүн долбоорлорду туура тандоо – бул облустардагы ар бир өкмөттүн өкүлдөрүнүн милдети экендигин эске салып, буга чоң жоопкерчиликтүү мамиле кылууну талап кылды.

«Биздин өлкөнүн тарыхында биринчи жолу аймактарды өнүктүрүү максатында мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнүүдө. Биз бул каражатты кантип туура колдонуу керектигин көпкө ойлонуп, долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу каржылоо керек деген чечимге токтолдук. Бизнес мурдагы жолун улап жана башка облустардын кызыкчылыгын эске алуу менен ар бир региондун кластерин өнүктүрүү боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруусу керек», – деди вице-премьерминистр.

Ошону менен бюджеттен бөлүнө турган 2 млрд. сом «Аймактардын өнүктүрүүсүн каржылоо долбоорлорунун борбору» ААКы аркылуу он жылдык мөөнөткө жылына 6% үстөк менен берилмей болду. Инвестициялык бизнес долбоорлорду, инфраструктуралык жана өнүгүү программаларын тандоо боюнча сынак комиссиясынын жыйынынын сонуңда 200 млн. сомдук 4 долбоор жактырылды. Ошондой эле вицепремьер-министр З.Аскаров Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн сунушун эске алып, 3 жуманын ичинде финансылыккредиттик мекемелердин адистеринин катышуусу менен калган долбоорлорду иштеп чыгуу, аны бекитилген регламент боюнча катчылыкка жөнөтүү тапшырмасын берди.