Аймактар өнүксө — өлкө өнүгөт: Нарында жасалып жаткан иштер арбын

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында кандай иштер аткарылганына жооп табуу үчүн 13-15-август күндөрү Нарын облусуна пресс-тур уюштурулду. Анын алкагында журналисттер Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунда жасалып жаткан иштер менен жеринен таанышып кайтышты.

Нарын району: мал базар реконструкцияланууда…

Нарын районунун МиңБулак айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылындагы мал базарынын реконструкциялоо иштери менен таанышуу болду. Аталган мал базардын долбоорунун жалпы наркы 1 млн. 860 миң сомду түзөт. Анын аянты жалпы 3 гектар болсо, бир гектар жерине бастырма орнотулган. Азыркы тапта жалпы жасала турган жумуштардын 40%ы аяктап калган.

Негизинен алганда Нарын районунда ушул жылдын 1-январына карата маалыматка ылайык, 44 029 баш ири мүйүздүү мал, 258 738 баш кой, эчки, 29679 баш жылкы, 36 090 баш үй канаттуулары, 102 төө жана 728 баш эшек катталган. Мал багуу киреше табуу булагынын негизгилеринин катарында болгон бул аймакта эски мал базардын реконструкциядан өтүп жатышы кубандырбай койбойт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул мал базарга Нарын районунан эле эмес, коңшу райондордон дагы келип сатылат экен.

…жүн иштетүү колго алынууда, алдыда…

Ушул эле райондун Эмгекчил айыл өкмөтүнө караштуу “Кара-Бүк” айыл аймагында жүндү кайра иштетүүчү жана мал союучу жай жеке ишкер тарабынан курулуп, жакында толук кандуу ишке кирүүсү күтүлүүдө. Учурда бул жерде жүн иштетүүдө алты адам эмгектенет. Алардын айтымында аталган цех күнүнө бир тонна жүн алып, анын 700 килограммын иштетүүгө жетишет. Ишканада жүндөн жасалган кийиздер, үйгө кийиле турган кийиз бут кийимдер жана ичинен кийиз капталган булгары бут кийимдер тигилет. Өндүрүлгөн продукция азырынча Нарын облусунун райондоруна гана чыгарылып жатыптыр. Алдыда ишкана толук ишке киргизилсе, бул жерде төмөнкү сорттогу жүн, тери жана союлган малдын ичегисин кабыл алуучу жай курулуп, өндүрүштүк кубаттуулугу жыл ичинде 1000 тонна жүн чогултуп иштетүүгө жетет экен.

Аталган ишкана жеке ишкерге берилген. Анткен менен жергиликтүү бийлик сыртта калган эмес. Мисалга алсак, Нарын райондук администрациясы тарабынан 50 даана парпед, септик куруу максатында 12 темир бетон төрт бурчтуу шакекчелеринен жана 400 куб метр шагыл, ичин толтуруу үчүн 3000 куб метр кум-таш түшүрүүгө жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми жакында ишке кирет делинип жаткан мал союучу жайда суткасына 50 баш бодо мал жана 150 баш майда жандык союлмакчы. Бул ишкананын аппараттары Түркия мамлекетинен алынып келине турганы маалым болду. Бул үчүн жана ишкананы толук кандуу ишке берүү максатын да кыргыз-орус фондунан 250 миң доллар алуу мерчемделген.

Нарын шаары бардык жагынан алдыга умтулууда

Алсак, шаардын борбордук “Ала Тоо” стадиону кайрадан реконструкцияланып жатат. Аталган стадион 1975-жылы курулган. Учурда ишкерлер 2 млн. сомго стадиондун жашыл майсаңын отургузуп беришсе, жергиликтүү бийлик калган оңдоо иштерин жасоону мерчемдеген.

Шаардагы эски сүт завод учурунда менчиктелип кеткен. Бирок, ал имарат ээсине кызмат кылбай туруп калган. Мына ушул имаратты ички инвесторлор тарабынан сатып алышып, толук реконструкциядан өткөрүлгөн. “Сүт-Азык” ЖЧКсы тарабынан ишканага чет өлкөдөн аппараттар сатылып алынып, продукция чыгарылууда. Аталган сүт завод күнүнө 150 тонна сүттү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү жетет. Учурда сезондук өзгөчөлүккө байланыштуу сүттүн көлөмү аз болгондуктан, ишкана каймак май жана голланд сырын эле чыгарууда. Ишкананын ачылышы менен жергиликтүү тургундардан 30 адам иш менен камсыз болгон.

Мындан тышкары Нарын шаарында таза суу түтүктөрүн алмаштыруу жана канализация киргизүү жумуштары кызуу жүрүп жатыптыр. Иштин жүрүшү менен тааныштырган шаар мэри Эмил Алымкуловдун маалыматына ылайык, долбоордун жалпы наркы 25 млн. еврону түзөт. Ал эми баштапкы инвестициянын наркы 5,2 млн. евро. Долбоор Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда. Бүгүнкү күндө 2 млн. 760 миң евро каржыланып, жумуштардын 90 пайыздан ашыгы бүткөрүлгөн.

Алга карай арышын керген Ат-Башы

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жеке ишкерлер тарабынан салынган кичи футбол аянтчасы үчүн ушул айылдын маданият үйүнө тийиштүү 9033 метр аянттын ичинен жер бөлүнүп берилген. Аянтчанын курулушун ишке ашырган жумушчу топтун бригадири Дүйшөнбек Капатовдун айтымында, буга чейин айылда футбол аянтчасы болгон эмес.

Колл-борбор, салык кызматынын сайты жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөдө «Бирдиктүү терезе» принцибинде иштөө Ат-Башы райондук салык кызматында да колдонулууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындай кызмат көрсөтүү кыйла ыңгайлуу.

Ат-Башы району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Рахат Абдылдаев: «Бирдиктүү терезе» – салык төлөөчүлөрдү каттоо, отчет, декларацияларды алуу, КНС эсеп фактураларын, социалдык полистерди жана патенттерди берүү, ошондой эле ар түрдүү маалыматтарды берүү жана дагы башка кызматтарды көргөзөт», – деп билдирди.

Райондо Ак-Жар айылында жеке ишкер Т.Самакунов тарабынан кыш завод курулган. Анын кубаттуулугу күнүнө 25 миң кыш, 65 адамды иш менен камсыз кылып жатат. Ушул жылдын июнь айында Орускыргыз өнүктүрүү фондунан 10 млн. сом насыя алынып, бир жүктөгүч жана бышыруучу меш алынган. Учурда 60 орундуу жатакана салынууда. Завод толук кандуу ушул жылдын сентябрь айында иштеп баштайт.

Туризм тармагын колго алган Ак-Талаа

Ак-Талаа районундагы ЖаңыТалап айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Талап айылында белгилүү жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгына арналып жасалган гүлбакча 2018-жылы ишке берилген. Айыл тургундарынын демилгеси менен гүлбакча 1 млн. 26 миң сомго курулган.

«Айылыбызда атайын эс алып сейилдөөчү сейил багы жок эле. Айыл тургундарынын сунушу менен айыл өкмөттөн 15 сотых жер бөлүнүп, 2018-жылы элдин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 1 млн. 26 миң сом чогулуп, гүлбакча курулган”, – деди айыл өкмөттүн башчысы Кенжебай Бейшенкулов. Райондун акими Нурбек Молдокадыровдун айтымында, бул райондо жол, сугат суу, таза суу көйгөйү маселе жаратып келет.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн аракеттер көрүлүп жатат. Мындан тышкары жергиликтүү демөөрчүлөр жана инвесторлор менен иш алып барылып жатат.

– Райондо Жаман-Даван суу сактагычы жана Ала-Букадагы канал ишке кирсе, бул көйгөй чечилет. Мындан тышкары таза суу маселеси дагы абдан көйгөйлүү. Учурда Президенттин таза суу менен камсыздоо демилгесине биздин райондон төрт айыл кирди. Ошондой эле мектептер көйгөй жаратып келет. Мисалга алсак, райондук борбордогу Э.Карасартов атындагы мектеп бүтпөй келет. Мындан башка дагы мектептер бар”, – деди Н.Молдокадыров.

Анткен менен бул райондо туризм тармагын колго алуу жакшы жүрүп жатыптыр. Алсак, Соң-Көл жайлоосунда туристтерди кабыл алууда кызмат көрсөтүүнүн жаңы ыкмалары колдонула баштаганын байкоого болот. Маселен Соң-Көл жайлоосуна жеке ишкер «Кыял көчмөндөрү» аталышындагы эс алуу жайын ачкан. Ал быйыл ишке берилген. Азыркы тапта ага чет өлкөдөн келген меймандардын саны күн сайын өсүүдө. Аталган туристтик жайды көзөмөлдөгөн Алмаз Кайыпов: «Меймандарды тосуучу жайды быйылкы жылдын июнь айынан бери иштетип келебиз. Бул жерде 17 боз үй бар. Алардын экөө тамактануучу жай болсо, 15и уктоочу боз үйлөр. Жайдан бери бизге Израиль, Англия, Япония жана Швейцария өлкөлөрүнөн меймандар келишүүдө. Келген ар бир эс алуучуларды шампань менен тосуп алууну адатка айлантканбыз жана аталган шарапты ар бир боз үйгө белек катары коюп коебуз. Аны менен бирге кечкисин от жагып, улуттук күүлөрүбүздү ойноп, ошону менен бирге улуттук оюндарыбызды көрсөтөбүз», – дейт.

Жумгалдагы журтту сүйүнткөн жаңылыктар

Жумгал районунда айрым объектилер менен тааныштык. Алардын бири ушул райондун Баш-Кууганды айылында 1967-жылы курулган кампа. Ал жакында эле реконструкциялоодон өтүп, ишке берилген. 300 тоннага чейин эгин сактала турган бул кампа 2 млн. 600 миң сомго оңдолгонун айткан Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Рахатбек Жумуков: «Былтыркы жылы айылдын тургундарынын талабы менен Рынокту жана мал чарбаны өнүктүрүү долбооруна сунушталып, быйылкы жылы каржыланды. Эгин тазалоочу машинасы жана эгин чабуучу жабдыктары да бар», – дейт.

Мындан тышкары Байзак айылында 1,1 миң гектар жерди камтыган “ОртоКууганды” каналы курулган. Байзак айыл аймагынын башчысы Кайрат Качкынбаевдин айтымында, каналды курууга 27 млн. сом каралган. Каналдын 75%ы БДБ бөлгөн гранттын эсебинен курулууда. Маалыматка ылайык, канал 2020-жылы курулуп бүтүп, айылды толугу менен камтыйт. Канал курулуп бүтсө, сугат жерлер көбөйүп, айдоо аянтын да көбөйтүү пландалууда.

Кочкордо социалдык объектилер ишке берилүү алдында

Кочкор районунда ишке берилүү алдында турган спорт зал жана мектеп менен тааныштык. 2016-жылы курулуш иштери башталган Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылында 100 орундуу спорт зал быйыл ишке берилүү алдында турат. Айыл өкмөтүнүн башчысы Бурканбек Акишовдун айтымында, айылда алгачкы ирет салынып жаткан машыгуу залынын сметалык баасы 15 млн. сомду түзгөн. Мындан тышкары, 1-сентябрь күнү Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Арсы айылында жаңы мектептин ачылышы болот. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Керимкуловдун айтымында, жаңы имарат 150 орунга ылайыкташкан.

«Кочкор районунда 33 мектеп жана 26 бала бакча бар. Былтыркы жылдын август айынан тарта Арсы айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулуп баштаган. Учурда анын 80% курулуш иштери бүткөрүлгөн. Ага демөөрчүлөр тарабынан каражат бөлүнүп жана бизден 20 миң доллар өздүк салым каралган. Ошондой эле республикалык бюджеттен 1,5 млн. сом каралып, мектептин ашканасы курулууда», – деди ал.