“Бакай-Ата” жаңы конушунда жарык өчүрүлдү

Бүгүн 110/35/10 кВ «Лермонтова» жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунда айрым жабдыктардын иштен чыгып калышына байланыштуу, “Бакай-Ата” жаңы конушунда авариялык өчүрүүлөр болду.

“Түндүк электрдин” басма-сөз кызматы билдиргендей, учурда аталган көмөк чордондо оңдоо иштери жүрүп жатат. Анткен менен конуштун тургундары жарыгы жок калбашы үчүн, аларды башка электр тармагына убактылуу кошуп туруу иш аракеттерин көрүлүүдө.