Айнаш КОЗУБАЕВА: «Жыргаганыбыздан «жылкычы» болгон жокпуз»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Айнаш Козубаева – кесиби боюнча орус тили жана адабият мугалими. Бирок, 17 жылдан бери Москва шаарында кассир болуп эмгектенип келет. Андан сырткары, “Аян” театрын негиздеген. Өнөрлүү, таланттуу эмгек мигранттарынын башын бириктирип, алгачкы премьерасын июнь айында өткөздү.

– Алгач, Москвага келип иштеп калганыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

– Кыргызстандагы жумушсуздук, айлык акынын аздыгы бизди мигрант болууга аргасыз кылды. Эгерде, өлкөбүздө жумуш орундары түзүлүп, эмгек акы жогору болуп турса, өз жерибизден эч жакка кетпейт элек. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошот элек. Кыргызстан өтө кооз, өтө берекелүү, кен байлыгы көп, бай мамлекет. Бирок, кедей жашайбыз. Анткени, биздин чиновниктерибиз эл үчүн эмес, өздөрү үчүн иштешет. Бийликке келгендер ичип-жегенди эстафета кылып алышкан. Башка өлкөлөр жоктон барды кылышат. Бизде тескерисинче. Ушундай жагдайлардан улам бөтөн элде, бөтөн жерде иштеп жүрөбүз. “Жыргагандан жылкычы болгон жокмун дегендей”, ар кандай себептер менен Москвага келип иштеп жүргөн мыкты медиктер, мугалимдер, академик, профессорлор бар. Өкүнүчтүүсү алардын билими, дарамети башка өлкө үчүн жумшалып жатканында. Орусияда кыргыздын атын чыгарып, таланты менен таң калтырган инсандар да бар. Аларга чоң сый-урмат менен мамиле жасашат. Ошол эле учурда кыргыздын атына доо кетирген мекендештерибиз дагы кездешип калат.

 – Билишимче, Москвада үй-бүлөңүз менен жашайт экенсиз…

– Бөлөк жерде болсок да, толук кандуу үй-бүлөдө жашайлы, баарына баш көз бололу дедик. Уул-келиним, неберелерим, кыздарым да Москвада. Балдарыбыз жогорку билимдүү, дипломдору бар. Бир уулум энергетик. Бир уулум жана кызым тарыхчы. Жана айткандай, жумушсуздуктун кесепетинен баарыбыз өз кесибибиз боюнча иштей албай, ар башка тармактарда эмгектенип жүрөбүз. Мисалы, мен мугалиммин. Бирок, дүкөндө кассир болуп иштейм. Жолдошум архитектор болгону менен маляр болуп иштеп жатат. Уулдарымдын бири куруучу, бири ашпозчу. Кызым сулуулук салондо кызмат кылат. Кыргызстанга кычыратып үй салып койдук. Бирок, ал үйүбүздү жаап коюп, баары жогубуз бул жакта батирде жашап жүрөбүз…

– Фейсбуктагы баракчаңыздан “Мекенге кат” деген ырыңызды окуп калдым. Сиз көптөн бери ыр жазасызбы, же Бишкектеги акыркы окуялардан улам эле жаралдыбы?

– Мурда эле ыр жазчумун. Москвага келгени көбүрөөк жазып калдым. Менимче, дүйнөнүн булуң-бурчунда жүргөн мекендештердин бардыгы, өлкөбүздөгү болуп жаткан окуялардан кабардар болуп турушат. Кандай гана кырдаал болбосун жүрөктөрүнөн өткөрүшөт. Ошол сыңары, өлкө ичинде болуп жаткан акыркы окуялар, баарыбызды убайымга салды. Биз, алыста жүргөн мекендештер, эли-жерибизде тынчтыктын болгонун самайбыз. Өлкөбүз өнүксө деп тилейбиз… Илгери, кыйын заманда эч ким менен урушпай, революция жасабай, митингге чыкпай эле жашачу элек. Азыр жакшы заманда жашап жатып дагы, баарыбыз агрессивдүүбүз.

– Анда сөздү өзүңүз негиздеген “Аян” театрына бурсак?

– Белгилүү бир убакытка чейин адам балдарды кантип багып, кантип чоңойтуп, курсагын кантип тойгузуу жөнүндө жана там салып, аларды үйлөнтүпжайлантып, тууруна кондуруу тууралуу гана ойлонуп, ошого жараша аракет кылат экен. Качан балдар чоңоюп, буттарына туруп калган кезде гана, башка нерсе жөнүндө ойлонууга мүмкүнчүлүк жаралат тура. Ошол сыңары, балдарыбыз өздөрү менен өздөрү болуп калганда, “Аян” театрын ачуу идеясы жаралды. Театрдын түптөлүшүнө таланттуу режиссер Садыр Сагынбаевдин салымы чоң. Бул киши менен “Москва кайрыктары” аттуу адабий ийрими аркылуу таанышкам. Менин театр ачуу боюнча сунушумду колдоп, кубаттап, көп жардамын берди.

– Театрга артисттерди кантип алдыңыздар?

– Биз театрды ачып эле дароо артист издеген жокпуз. Себеп дегенде биздин репетиция кыла турган жерибиз жок эле. Анзират Тасмаева деген мекендешибиз телефон чалып, өзүнүн кафесине даярданууну сунуштаганда гана, актерлорду кабыл алуу боюнча жарыя чыгардык. Ошентип, Кыргызстандын ар тарабынан келген, өнөр дүйнөсүнө кызыккан, кыялында актер болгусу келип жүргөн мигранттар чогулду. Алар кечинде жумуштан чыгып, элдер уктоого камынган убакта кафеге келип, репетиция кылышат. 2-3 саат уктап алып, кайра жумуштарына кетишет.

– Аларды туруктуу кармап калуу кыйын болсо керек?

– Абдан кыйын. Театрга чыныгы күйөрмандар гана чыдабаса, көптөрү чыдабайт. Анүстүнө айрымдарынын документтери туура эмес, кээсиники таптакыр эле жок. Ар кандай учурлар болуп калат.

– “Аяндын” келечегин көрүп турасызбы? Жабылып калбайбы?

– Албетте, театрдын келечеги кең. Биз театрды ачып эле, кайра жаап коелу деп ачкан жокпуз да. Буга чейин канча мээнет кылдык. Буюрса, алдыга койгон максаттарыбыз көп. Кези келгенде ийгиликтерибиз менен тең бөлүшүп турабыз.

Мекенге кат

Москвадан кат жазгым келди менин,
Бейтынчтыгын укканда кыргыз элим.
Мекендешим мага окшош, ичтен сызат,
Элестетип көз тумар кыргыз жерин.
Кыргызымдын дилине мээрим салсын,
Аман кылсын журтумдун алтын башын.
Ала-Тоону айланып бүркүт шаңшып,
Биримдикке береке нуру жаасын.
Бөлүнбөйлү, кандашым, бир тууганым,
Кулач керип баарыңды кучактайын!
Төгүлбөсүн энелер тамчы жашы,
Эл ишенген эр жигит кулабасын!
«Жыргагандан жылкычы болгон жокпуз»,
Ата Мекен ыйласа, томсоробуз.
Алыс деген кеп эмес мусапырга,
Сабырканып, ой менен толгонобуз!
Жакшы сөздү арначы,түз сүйлөчү,
Бөлүнбөчү, кыргызым, бөлүнбөчү!?
Бейиш төрдөй жеримди белек кылган,
Жараткандан суранып, сүйгүлөчү!