Гүлсайра МОМУНОВА: «Бир күнү Турдакун Усубалиев чалып: «Үйдөсүзбү? Мен сизге баратам…» – дейт…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Легендарлуу жетекчи Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата маек куруп бергени келген мейманыбыз – КРнын Эл акыны Гүлсайра Момунова.

– Гүлсайра эже, Турдакун Усубалиев берген үйдө жашайм дегениңизди бир уктум эле, ошол үйдү кантип, качан алдыңыз эле, ошол тууралуу айтып берсеңиз?

– “Советтик Кыргызстанда” (азыркы “Кыргыз Туусу”) иштеп жүрүп, үйдүн кезегине тургам. Бир күнү шаардык аткаруу комитетинде иштегендер: “Башка райондордон үйлөр бүтүп, берилип жатат. Ала бересиңби, же дагы эки жыл күтөсүңбү?” – деп калышты. Турдакун Усубалиев өзү Совет-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде бир жакшы үй салдырып жаткан. “Талаада жашап жаткан жерим жок, ошол үйдү эле күтөм”, – дедим. Бала-бакырабыз менен, улам бир жазуучу жашап кеткен жер үйлөрдүн биринде турчубуз. Бир күнү кайра чакырышты.

– Курулуш бүтөйүн деп калды. Бирок Турдакун Усубалиев: “Бул үйгө өтө татыктуу, эмгеги бар, алдыңкы саптагы жарандар гана кириш керек”, – деп үй алчулардын тизмесин өзү карап, кээ бирөөлөрдү тизмеден чийип салып жатат. Эгерде тизмеге кирбей калсаңыз, бизге капа болбоңуз, – деди Керимжан Кунакунов. Бул маселелерди ошол киши тейлечү анда. “Ий, кокуй, мен анда албай калган турбаймынбы. Ал киши мени тааныбаса, көрбөсө, чийип салат турбайбы”, – деп аябай кейип калдым. Анткени, менин азыркы күнгө чейин бир адатым бар, бир да жолу бир чоңго өз меселем менен кирип, бир нерсе сурап же кайрылып көргөн жан эмесмин. Ошентип, үйдөн үмүтүмдү үзүп, аябай кейип жүрсөм, эки-үч күндөн кийин Кунакунов кайра чакырып:

– Сизди куттуктайм, үй ала турган болдуңуз. Сиздин кандидатураңызга келгенде: “ Момунова жакшы акын, жакшы журналист. Бул кишиге сөзсүз бериш керек. Бергенде да жакшы кабаттан бергиле!” – деп айтты, – дейт. Үйгө кубангандан мурун: “Ий, ал киши деле гезит окуп, ыр окуйт турбайбы!” – деп кубанып калдым.

 – Усубалиев тууралуу ырды ошо үй алганда жазсаңыз керек?

– Жок. Абдан ыраазы болгонум чын, бирок анда ыр арнап жазуу оюма деле келген эмес. Турдакун Усубалиевдин акылман-даанышмандыгы, көрөгөчтүгү, элге сиңирген эмгеги тууралуу ырды, ал киши пенсияга чыккандан кийин, 80 жашында жаздым.

“Азия нуру” деген гезит чыкчу. Ошол гезиттин редактору бир күнү чалып калды:

– Эже, Усубалиев аксакалдын 80 жылдыгы экен. Жазуучулар Союзунун атынан куттуктоо жазып коелу. Сиз ыр жазып бербейсизби, — деп. Ошол маалда Усубалиев үйдө отуруп калган маалы болчу. Коммунисттик партиядан чыгарылып, кодуланып жүргөн кези эле.
О, Туке, чейрек кылым эл бийледиң,
Ак ниет, адал иштеп, тең бийледиң.
Кыңыр иш кырк жылда да билинмекчи,
Түз жүрүп кыңыр сөзгө илинбедиң… – деген саптары бар ыр жаздым.

Бир күнү үйдө отурсам эле салмактуу, коңур үндүү бирөө:

– Сизге барайын дедим эле”, – деп телефон чалат.

– Бул ким?

– Усубалиев.

– Кайсы Усубалиев? – дагы бир Усубалиев деген бирөө бар эле, ошолбу деп коем.

– Турдакун Усубалиев, – дейт. Таң калып, чочуп кеттим:

– Ой, Турдакун Усубалиевби? Сиз мага чалып жатасызбы?

– Ооба, сизге чалып жатам. Бир китеп бар эле, ошону берейин дедим эле, – дейт.

Анан “үйгө кирет экен” деп далбастап калдым. Дасторконумду даярдап коюп: “Сырттан күтүп алайын, улуу адамды”, – деп күтүп турсам, машинеден түшүп келди. Колундагы китебин берди.

– Үйдө мен жөнүндө жазылган ырлар абдан көп экен. Ошолордун баарын карап отурсам, чын дилден жазылган, мага жаккан ыр сиздики болду. Ошондуктан ушул томдугума киргиздим, – деди.

Айткандай эле, башка эч бир ыр жок, менин гана ырым бар экен.

Бул менин журт атасы болгон улуу адам менен экинчи жолу кезигүүм болду.

– Биринчи жолу кантип жолуктуңуз эле?

– Анда мен “Кыргызстан аялдары” редакциясында иштечүмүн. Күүгүм талаш мезгил эле. Жумуштан чыгып, эмен паркы жакта келе жатсам, ал улуттук китепкана тараптан келе жаткан экен. Усубалиев алдымдан чыгат деп ойлобогон үчүн го, анын үстүнө жүзүнө деле үңүлбөгөн үчүн го, тааныган деле эмесмин. “Зыңгыраган, жакшы адам экен”, – деп ойлоп койгом. Так алдыма келип калган кезде:

– Саламатсызбы? – десе болобу. Карасам – Турдакун Усубалиев.

– Саламатсызбы? – деп, шашып учураштым.

– Кандай, акыбал? Жашоо-тиричилик жакшыбы? – деди.

Ошол кезде өзү берген үйдө жашап жаткам.

– Абдан жакшы, агай. Сизге бир рахматымды айта албай жүрдүм эле. Сиз берген үйдө жашап жатам, – деп шашып-бушуп оюмду, ыраазычылыгымды айтып калдым, – Ар бир күнү эртең менен турган сайын, жылуу сууга жуунган сайын сизди эстейм. Күнүгө балконго чыгып, күндү караган сайын сизге рахматымды айтып жатам. Балкондуу үйдө балдарым да абдан бактылуу чоңоюп жатат, – дедим.

Аябай кубанды. Өзү ошол кезде абдан басынып жүргөн маалы болчу. Китепканада отуруп алып, “Кыргызстан – менин жүрөгүмдө” деген мына бул томдугун жазып жүргөн экен.

Ошондо дагы катуу кубанганымды айтпа. Көп эле чоң кызматта жүргөн кишилер зыңгыраган бойдон өтүп кете бермек. Фамилияңды таанып, өзүңдү тааныбай деле коймок. Жок, атайын бурулуп, токтоп туруп акыбал сураганын айтпайсыңбы. Улуу адамдын ушул – бир кишиге, мага эле кылган мамилесинен бүтүндөй журтка кылган мамилесин аңдоого болот.