Жеңил атлетика оюндары «жеңил» эмес

Белгилүү спорт журналисти Сергей Сячин ата-мекендик спортту көп жылдардан бери чагылдырып келет. Бул макаласында жеңил атлетика спортуна болгон массалык кызыгуунун төмөндөп бараткандыгы тууралуу олуттуу ойлорун ортого салат. Аныгында ойлончу маселе экен.

Күйөрмандар кайда кеткен?

Жакында Москва олимпиадасынын чемпиону, биздин жердешибиз Татьяна Колпакованын сыйлыгы үчүн XVIII эл аралык жеңил атлетчилердин мелдеши болуп өттү. Анын жеңүүчүлөрү күзүндө Доха шаарында (Катар) өтө турган дүйнөлүк чемпионатка лицензия алышмак. Ошону менен Орто Азия республикаларынан жана Индиядан келген 200 спортчу жеңил атлетика оюндарынын 32 түрү боюнча ат салышты.

Бирок, бул оюндардын күйөрмандары тууралуу айткандан дагы уялып турабыз. Аларды дегеле көргөн жокпуз десек да болот. Бул тууралуу Т.Колпакова өзү мындай дейт: “Жеңил атлетика –массалык оюндардын катарына кирет. Бирок жылдан жылга ага болгон кызыгуу азайып баратат. Кезегинде “Спартак” (азыркы Д.Өмүрзаков атындагы) стадионунда күйөрмандар батпай турушчу. Сыягы, жаштарды тез эле жылдызга айландырган спорттун түрлөрү кызыктырат окшойт”.

Резерв калбай калыптыр

Жеңил атлетика аты айтып тургандай “жеңил” эмес. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алган бир гана “спорт ханышабыз” бар. Ал Мария Коробицкая (аны машыктырган россиялык тренер Борис Жигр).

Белгилүү болгондой жеңил атлетикада бир спорттун мастерин даярдоо үчүн 10-20 биринчи разряддагы спортчу болушу керек. Ал эми биринчи разряддагы спортчуларды даярдоо үчүн 10-15 экинчи разряддагы спортчуларды тарбиялашың зарыл. Ал эми эл аралык аренага жарай турган, олимпиада оюндарында байге алганга мүмкүнчүлүгү бар бир спортсменди даярдоо үчүн эмне деген гана мээнет талап кылынат. Бирок, резерв кайда? Кайда жанагы арасынан “бычакка саптуу” бирөө чыга турган биринчи жана экинчи разряддагы спортсмендер?!

Ошого карабастан спорт боюнча мамлекеттик агенттик жана жеңил атлетика федерациясы Д.Өмүрзаков атындагы спорт аренасын жаңылап, электроникалык жабдууларын жаңыртып, судьяларынын курамы жогорку классификациялуу болушу үчүн баарын жасап жатканын белгилей кетейин.

Кубандырбаган республикалык спорт таймашы

Мен быйылкы жылдагы жеңил атлетика боюнча өткөн мелдештердин бардыгын өз көзүм менен көргөндүктөн айтаар сөзүм да бар. Республикалык “Спорт тамекиден тышкары” аталган мелдеш Мамагенттикти жана федерациянын кызматкерлерин өзүнүн массалуулугу жана анын катышуучуларынын жетишкен ийгиликтери менен кубандыра алган жок. Ушул жагынан алганда Талас, Ысык-Көл жана ЖалалАбаддан башка түштүктүн облустары дайыма аксап келет.

Жалал Абад облустук балдардын спорт мектебинин тренери Абдулла Төрөжанов мындай дейт: Биздин жаш атлеттерибиз борбордо өтө турган мелдештерге чоң үмүттөр менен келишет. Биз дайыма машыгып турабыз. Аракеттерибизди балдардын ата-энесинен тартып, мэрия жана облустун жетекчилери колдоп келишет. Өспүрүмдөрдүн спорттогу жетишкендиктери акырындап болсо да өсүп баратат”.

Эми, Тобокел Мамыровдой чыгаандар чыгабы?

Дагы бир спорттук иш-чарага, СССР спортунун мастери Тобокел Мамыровду эскерүүгө арналган жеңил атлетика боюнча өткөн республикалык өспүрүмдөрдүн жана чоңдордун ачык таймашына токтоло кетейин. Түз айтсам мында деле спортчулардын катышкан саны жана көрсөткөн жыйынтыктары маанай жылыткан жок.

Тобокел Мамыров 2 метр бийиктикти багынткан кыргыз улутунан биринчи чыккан, жападан жалгыз СССРдин мастер спорту болгон жана Улуттук олимпиада комитети тарабынан XX кылымдын эң мыкты спортсмени катары таанылган.

Ошону менен оюн кандай өттү? Баягы эле көрүнүш. Коңшу мамлекеттерден эч ким келбеди, ал эми жергиликтүү спортсмендер жыргатып деле чуркап же секирип жиберишкен жок.

Тобокел Мамыровдун уулу Бишкек гуманитардык университетинин спорт мугалими Жеңишбек Мамыров муну айтты: “Мен башында сууга сүзүү менен машыгып жүрдүм. Атам жеңил атлетикага өт деп деле айткан жок. Кийинчерээк жеңил атлетикадан көбүрөөк ийгиликтерге жетише турганыма көзүм жете баштады. Спорт чебери наамына жетишкенимден кийин республикалык эл аралык мелдештерге катыша баштадым”.

Бул жолу Ж.Мамыровдун тарбиялануучулары сыйлыктардын дээрлик көбүн алышты. Алыскы аралыктан чочулагандар

Андан эки жума өткөндөн кийин республикалык өспүрүмдөрдүн жана чоңдордун таймашы өтүп калды. “Жүз метрлик” аралыкка чуркоо боюнча катышуучулар көп эле болду. Аралык алыстаган сайын катышуучулардын саны да азая баштады. Ал эми стайердик аралыкка бирин-экин гана спортсмен катышты. Эми спорттук жетишкендиктери тууралуу айтпай эле коеюн. Эптеп эле катышты аты болушту окшойт. Анысы аз келгенсип бир жагымсыз жагдай эсимен чыкпай калды. Ош облусунан сайердик аралыкка чуркаган кызды тренери жол киресин өзүм төлөп келдим деген эле. Кийин билсем Ош облусунан келген бир ууч спортсмендер мамлекеттин эсебинен келишиптир. Мындайда эмне дешти да билбейсиң?!

Өспүрүмдөрдүн умтулуусу үмүттөндүрөт

Ал эми июнь айында өспүрүмдөрдүн спортко катышуусу борбордук стадиондун көркүн ачты десек да болот. Алар бийиктиктен секирүү, аралыкка чуркоо, топту башы менен ыргытуу, тоскоолдуктардан өтүү өңдүү классикалык спорт оюндарын ойношту. “Кожомкул атындагы стадиондо өткөн спорт оюндары “Балдардын жеңил атлетикасы” аталган долбоор болуп саналат. Бул жеңил атлетикадагы бир катар спорт оюндарын өзүнө камтыйт. Ага катышкан балдардын командалары (4 кыз, 4 бала) сегиз сыноодон өтүшөт. Жалпы жыйнаган упайларынын негизинде судьялар жеңүүчүнү аныкташат. Оюндун максаты балдарды спортту сүйүүгө тарбиялоо. Бул оюндар 13 жылдан бери бир нече этаптар менен (шаардык, республикалык, сыртка чыгуу) өткөрүлүп келет. Жакында PoIanik фирмасынын атайын жабдууларын алып, мурдагыларын мындай оюндар үч жолу өткөрүлгөн Каракол шаарына бердик. Быйылкы жайда республикалык – 7, борбордук – 8 команда катышкан мелдеш өткөрдүк”, – дейт ата-мекендик Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Захарович Щербаков.

Спортту жайылтпасак болбойт

Дене тарбия жана спорт менен машыгуу – бардык мезгилдерде зарыл жана маанилүү иш деп айтып келебиз. Кезегинде өспүрүмдөр спортко массалык тартылып, ГТОнун нормаларын тапшыруу милдеттүү дагы болчу. Завод-фабрикаларда өндүрүштүк гимнастикалар өткөрүлүп, аэробикалык топтор уюштурулуп турчу.

Азыркы учурда шаардын көчөлөрүндө же тоо жолдорунда массалык жүгүрүү уюштурула калып жүрөт. Мен, СССР спортунун ГТО комплекси боюнча чебери катары муну жакшы эле деп эсептейм. Ата-мекендин мамспорттун жана жеңил атлетика федерациясынын чиновниктери деле буга көзү түз. Болгону ден соолукту чыңдоочу мындай спорттун түрлөрү элди өзүнө көбүрөөк тартса деп тилейм. Башкысы жеңил атлетика оюндарына массалык кызыгуунун төмөндөп баратканы гана санаага салат.

Сергей СЯЧИН, спорт журналисти