Улуттук көчмөндөр оюндары боюнча мелдештер 15-сентябрда башталат

Талас облусунда өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндары 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, оюндарга жети облус жана эки шаардын спотчулары катышат.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев спорттук оюндардан тышкары маданий иш-чаралар да өткөрүлүп, этнобазарлар боло турганын билдирди.

Маалым болгондой, учурдла Таласта ат оюндары боюнча мелдештер өтө турган ат майданы оңдолуп, оңдоп-түзөө иштерине 30 миллион сом бөлүнгөн.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын күз айында Ысык-Көл облусунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн. Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт.

Ал эми улуттук көчмөндөр оюндары Кыргызстандын ар бир облусунда жыл сайын өткөрүлүп турат.