Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдыгына карата кино жумалыгы өтөт

Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдыгына карата кино жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жумалыкта Таттыбүбү Турсунбаева тартылган тасмалар көрсөтүлүп, актриса каза болгон күнү аны эскерүү иш-чарасы болот.

Таттыбүбү Турсунбаева көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак. Ал 1944-жылы 12-июлда төрөлүп, 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында көз жумган.