Текебаев менен Чотонов үй камагына чыкты

29-августта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, алар үй камагына чыкты.

Белгилей кетсек, Жогорку Сот 21-августта Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден “пара алды” деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылган.