45 майнинг компаниясына электр энергиясын берүү токтотулду

Улуттук энергохолдинг тарабынан 45 – майнинг компаниясына электр энергиясын берүү токтотулду.

Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаровдун айтымында, өчүрүлгөн 45 майнинг компанияларынын кубаттуулугу 138 МВт түзгөн.

Кыргызстанда майнинг компаниялардын ишмердүүлүгү мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Ошон үчүн  алардын ишмердүүлүгүнө чөктөө киргизилип, алар колдонуп жаткан электр-энергиясы өчүрүлгөн.

«Алардын бир айлык керектөөсү бир облустун электр энгергиясын түзөт», — деди Айтмамат Назаров.