Аймактар өнүксө – өлкө өнүгөт: Чүй өрөөнү: эмне өзгөрүүлөр бар?

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Быйыл Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Быйылкы жылды жыйынтыктай турган учур да келип калды. Мына ушул багытта аймактарга атайын пресс-тур жасалууда. 20-22-август күндөрү журналисттер Чүй облусун кыдырышты.

Калктын саламаттыгын сактоо – негизги милдет

Облуста саламаттыкты сактоо тармагында жасалып жаткан иштер арбын. Мисалы, Кемин районундагы Бейшеке айылында 1500 адам жашайт. Ушул жылдын июнь айынан бери калкты «Аssanabil» кайрымдуулук фонду тарабынан 1 млн. 635 миң сомго курулган заманбап ФАП тейлей баштаган. Аталган медициналык мекеменин фельдшери Нуржамал Мамытказиеванын айтымында, буга чейинки айылдагы медициналык пунктта жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү абдан ыңгайсыз болгон.

Токмок шаарында курулуп жаткан төрөткананын пайдубалы

Бул фельдшердик-амбулатордук пункттан тийиштүү жардам ала албаган бейтаптар райондун борборунда жайгашкан Кемин райондук ооруканага барышчу. Аталган оорукана Бишкек – Нарын – Торугарт жол каттамынын боюнда жайгашып, тейлөө радиусу 60 чарчы чакырымды түзөт. Учурда ал жакта Саламаттыкты сактоо министрлигинин “жаш дарыгердин депозити” программасы менен келген Гулзат Сагынбекова иштейт. Ал окуусун бүтүп, ушул жакка бөлүнгөн. Ал эми 5 ай мурун үйбүлөсү менен Кеминге көчүп келишкен.

– Негизинен айыл жергесинде иш көп, маяна болсо аз. Ал эми борбордо мүмкүнчүлүктөр кенен. Саламаттыкты сактоо министрлигинин “жаш дарыгердин депозити” программасы менен 3 жылга ушул ооруканага келгем. Башында барып-келип иштеп жаткам. Кийин жолдошумду көндүрүп, көчүп келип алдык, – дейт Г.Сагынбекова.

Кемин району боюнча бейтаптарды тейлеген бул аймактык оорукана 1991-жылы 85 орунга ылайыкташтырылып курулган. Ошондон бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтө элек болчу. 2017-жылы абал менен жеринен таанышкан ал кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков оорукананы капиталдык ремонттон өткөрүүнү тапшырганын айткан Кемин райондук аймактык оорукананын директору Алмаз Назарбеков, натыйжада республикалык бюджеттен 22 млн. 400 миң сом бөлүнүп, оорукана капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнүн маалымдады.

Ооруканада 5 клиникалык бөлүм: терапиялык – 27, инфекциялык – 10, хирургиялык – 22, төрөт – 20, реанимациялык – 6 орундуу бөлүмдөр, диагностикалык бөлүм, дарыкана бар. Мындан тышкары, параклиникалык бөлүмдө бейтаптарга консультативдик жардам көрсөтүлүп турат.

Ал эми Чүй облустук бириктирилген ооруканасы санариптештирүү боюнча алгачкы этабын киргизип, бөлүмдөргө, лабораторияга толугу менен компьютерлерди орноткон. Алдыда дарыгерлерди планшеттер менен камсыздоо пландалып жатканын айткан оорукананын директору Бакыт Болотбеков: “Бейтап кабыл алуу бөлүмүнөн баштап, компьютердик системага киргизилет. Керектүү текшерүүлөр (лабораториялык анализ, рентген, ЭКГ, УЗИ ж.б. анализдер) ошол замат электрондук вариантта бардык бөлүмдөргө берилет. Натыйжада бейтапты дарылоодо өзгөчө өзгөртүүлөр кирет. Оорукананын дарыканаларында кандай дарыдармектер бар экендиги бардык бөлүмдөргө көрүнүп турат”, – деп билдирди.

Ошондой эле Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору дагы жаңы ишке берилүү алдында турат. Аталган айыл өкмөт башчысы Эмир Аманкуловдун айтымында, оорукана 1938-жылы курулуп, кийин жараксыз абалга жеткен. Натыйжада 25 млн. сомго жаңы оорукана салынган. Маалыматка ылайык, бул айылдын калкынын саны жети миңге чукул. Мындан тышкары бул бейтапканага кошуна айылдардан дагы адамдар келе турганы айтылды.

Алгылыктуу түшүм берген айыл чарба продукциялары

Мамлекет башчы С.Жээнбековдун Кыргызстан таза жана табигый айыл чарба продукциялары менен экспортко чыгуу мүмкүндүгү бар экенин айткан жайы бар. Облуста бул багытта дагы алгылыктуу иштер жасалып жатыптыр. Мисалга Кемин районундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Алтымыш айылында жоюлуп кеткен Агротэк фирмасынын базасында жайгашкан учурда багбанчылык менен алектенип жаткан экс-депутат Өмүрбек Абдрахмановдун алма багын келтирсек болот. Анын айтымында, учурда 22 гектар алма багы түшүм берүүдө. Ушул эле жерден былтыр 7 гектардан 70 тонна түшүм болгон. Өндүрүлгөн продукция Россияга экспорттолгон. Быйыл алма бактын аянты кеңейтилип, атайын алма сактоо үчүн муздаткыч курулууда. Муздаткычтын баштапкы сыйымдуулугу 400 тонна, ал эми толук курулушу аяктаган соң 1000 тоннага чейин алма сактоого мүмкүн. Ө.Абдрахманов РКӨФдан 450 миң доллар насыя алган.

Ошентип багбанчылыктан пайда табуу менен бирге бул чарба иш орундарын дагы түзүп келет. Маселен, чарбада 10 жумушчу туруктуу кызмат кылса, 45 жумушчу сезон убагында жумушка тартылат. Ошондой эле чарба толугу менен тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөн.

Мындай сугаруу технологиясын Москва районунун Петровка айылындагы «Заветы Ильича» чарбасы дагы колдонот. Аталган чарба 22 гектарга сабиз айдап, ушул аянтты сугаруу үчүн секундасына 30 литр суу гана коротулат. Аталган чарбанын кооперативинин төрагасы Владимир Олейниковдун айтымында, бул 15-20 эсе сугат сууну үнөмдөйт. Өткөн жылы бир гектардан 26 тонна түшүм алышкан. Быйылкы жылы 40-50 тонна түшүм алуу пландалып жатканы айтылды. Продукция негизинен Россия, Казакстанга экспортко чыгарылууда.

Облус жол курулушунан да кур калган жок

Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бейшеке айылында 2018-2019-жылдары республикалык бюджеттин эсебинен 9 млн. 400 миң сомго 2 км аралыктагы жолго асфальт төшөлгөн. Ал эми Ильич айыл өкмөтүнүн Советская, ЖаңыЖол айылдарынын жолдоруна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө Боролдой-Совет айылдарынын аралыгын дагы 1 чакырым жолго 3 млн. 849 миң сомго жана Жаңы-Жол-Советская айылдарынын ортосундагы жолго 4 млн. 900 миң сомго асфальт төшөө иштери башталды.

Ошондой эле Токмок шаарынын көчөлөрүн капиталдык жана учурдагы оңдоо максатында шаардагы “Сахзавод” районунун Чокморов көчөсүнүн жол төшөмүн оңдоо жумуштары каралган.

Ушул жылдын июнь айында сынак өткөрүлүп, «Технотоп» ЖЧКсы менен жалпы 3,5 млн. сомго келишим түзүлүп жолду асфальттоо иштери аяктаган.

Өнүгүүгө салым кошкон өндүрүштөр

Кант шаарында жайгашкан “Анан Сары таш” ишканасы өткөн жылы өлкө казынасына 1 млн. 390 миң сом төккөн. Аталган ишкананын директору Юбуза Зухранын айтымында, ишкананын 70 пайыз продукциясы чет өлкөлөргө экспорттолот. Кадимки таштарды кесип, чегип, кооздогон бул ишканага салынган инвестициянын жалпы көлөмү 39 млн. сомду түзгөн. Сырье негизинен ЖалалАбад облусунан алынып келинет.

Өндүрүштүк ишканалардын катарындагы Новопавловка айылында жайгашкан «Империал групп ко» ишканасы 2017-жылы ишке киргизилген. Анын аппаратуралары толугу менен Италиядан алынып келинген. Андан кийин өндүрүштү өстүрүү максатында 3 млн. 100 миң сом Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алып, кошумча цех ишке берилген. Ишкананын маркетологу Араке Майрамбековдун айтымында, эгерде ишкана мурда жарандык бут кийимдерди гана тигип келген болсо, жакынкы учурдан баштап аскердик бут кийимдерди дагы тигип баштаган. Негизинен продукция ата мекендик рынокто сатылат. Анткен менен Казакстанга экспорттоо иштери да жүргүзүлүп келет. Бут кийим тигүү үчүн сырье Россия, Түркия, Италиядан алынып келинет.

Ишкана жылына 120 миң жуп бут кийим чыгарат. Жалпы 60тан ашык адам иш менен камсыз болгон. Ишкана толук кубаттуулугуна чыкканда 200 адам иш менен камсыз боло турганы айтылды.

Беловодск айылында жайгашкан «Дары земли» ишканасында да болдук. Бул жерде туздалган бадыраң, помидор, компот жана башка продукциялар чыгат. Аталган ишкананын директору Альберт Акматалиевдин айтымында, ишкана РКӨФдан 835 миң доллар насыя алынган. Ал каражатка чет өлкөдөн аппараттар алган. Мунун арты менен 80 адамды жумуш менен камсыздоо пландалууда. Учурда 40 адам иштейт. Ишкана суткасына 15 тонна айыл чарба продукцияларын чыгара алат. Продукция буга чейин Пакистан, Афганстанга экспорттолуп келсе, 2020-жылы ЕАЭБдин алкагында Россияга чыгаруу пландалып жатканы айтылды.

Социалдык объектилердин курулушу өз нугунда

Чүй облусунда социалдык объектилерди куруу иштери өз нугунда кетип жатыптыр. Алсак, Аламүдүн районунун Ленин айылында эски маданият үйү толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен реконструкцияланган. Бул имаратта маданий иш чараларды өткөрүү менен бирге, балдарга 10 түрлүү кружок уюштурулмакчы. Мындан тышкары райондун акими Марс Саккараев жылдын аягына чейин Лебединовка айылында муниципалдык бала бакчанын курулушу аяктай турганын билдирди. Анын айтымында, курулуш иштери 28-июнда башталган. Курулуш иштеринин жалпы баасы 22 млн сом. Башка айыл өкмөттөрдө дагы ушундай эле иштер жүргүзүлүп жатат.

Ушундай эле жагымдуу жаңылык Сокулук районунун Садовое айылында орун алган. Ал жакта аз камсыз болгон үй бүлөлөр үчүн социалдык турак жай курулган. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Анара Асадованын айтымында, 2018-жылы “А-Сафа” фонду тарабынан үй салынып баштаган. Айыл өкмөт тарабынан 1 гектар 60 сотых жер бөлүнгөн. Быйыл апрель айында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 16 үйдөн 64 батир берилген. Мындан тышкары аталган фонд бул кичи шаарчага фельдшердикамбулатордук пункт, мечит, дүкөн салып берген. Ошондой эле жакынкы учурда тигүүчү цех курула турганы маалым болду.

Ал эми Панфилов районунун Букара айылында 210 окуучуга ылайыкталган мектеп курулган. Аталган мектеп 1992-жылы курулуп баштап, толук аяктабай калган. Сентябрда окуучуларды кабыл алууну мерчемдеп жаткан бул мектептин курулушуна 33 млн. сомдон ашуун каражат кетип, ал республикалык бюджеттен каржыланган.

Ушул эле райондун Курама айыл өкмөтүнүн Эфиронос айылында 50 орундуу бала бакча оңдолду. Айыл өкмөттүн инвестиция боюнча адиси билдиргендей, бала бакчаны оңдоп-түзөө үчүн 2,8 млн. сом (гранттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен) жумшалган. Эмеректер жана жабдыктар үчүн 1,5 млн. сом Чүй облусун өнүктүрүү фондунан бөлүндү. Оңдоо иштери өткөн жылы жүргүзүлүп, жабдыктар жана эмеректер 2019-жылы алынган.

Союз учурунда имаратта бала бакча болгон, кийин ал мектеп катары пайдаланылган. Окуучулар аз болгондуктан алар башка мектепке которулуп, имарат 20 жыл бош турган. Эми кайра бала бакча болуп ачылды.

Сугат жана таза суу менен камсыздоо аракети күч

Жайыл районунун Сары-Булак айылында 1 км лоток орнотулган. Натыйжада 150 кожолук сугат суу менен камсыз болот. Жайыл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жумабек Жунушалиевдин айтымында, бул жердегилердин огороду 15-30 сотыхтан кем эмес. Жалпы сугарылуучу аянт 85 гектарды түзөт. Долбоорго жалпысынан 3 млн. 200 миң сом каражат коротулган.

Ушул эле райондун Сосновка айылында быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен 8 км канал тазаланып, 1400 кожолук толугу менен сугат суу менен камсыз болгон. Сосновка айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Сырдыбаев: “Союз убагындагы канал 20 жылдан бери тазаланбай, көп жерге суу жетпей калган. Андан тышкары 760 гектар жерге сугат суу жеткирилген. Бул каналды тазалоого жалпы 2 млн. 700 миң сом каражат кеткен”, — деп билдирди.

Ошол эле райондун Алексеевка айылында АРИС долбоору аркылуу таза суу менен камсыз кылуу системасын жаңылоо максатында 110 млн. сомго иштер жүргүзүлүп жатат. Айыл башчысы Замирбек Мамаевдин айтымында, жалпы 36 км. суу түтүктөрү орнотулган. Калктын саны 7300. Иштер 80 пайыз бүтүп, ушул жылдын этегине чейин толук жыйынтыкталат. Ал эми райондун акими Турусбек Ногоев райондо жалпы наркы 1 млрд. 48 млн. сомго 27 долбоор ишке ашыруу мерчемделгенин айтты. Учурда аларды ишке ашыруу максатында иштер жүрүп жатат.

Панфилов районунун Курама айылында таза суу системасын калыбына келтирүү үчүн долбоордун алкагында 57 чакырымга суу түтүк орнотулду. Долбоор АРИС аркылуу ишке ашып, Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жатканын айткан айыл өкмөт башчысы Бакытбек Эсенаманов: «Бүгүнкү күндө 170 млн. сом каражат берилип, 53 чакырымга суу түтүктөрү орнотулушу керек. Долбоорго бир нече көчөлөрдү киргизгенбиз. Ошондо жалпы суу түтүктүн узундугу 57 чакырымды түзөт. 300 метрлик, 262 метрлик, 167 метрлик, 202 метрлик 4 скважина бургуланган. 1 миң 843 үйдүн ичинен 1600 үйгө суу эсептегич орнотулуп жатат. 11 миң адамдын ичинен 9 миң адам таза суу менен камсыз болду», – деп билдирди.

Айыл өкмөттүн алдында «Курама суу» муниципалдык ишканасы түзүлүп, аз камсыз үй-бүлөлөргө суу жагынан жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 490 миң сом бөлүнгөн.

Санариптештирүү жыйынтыкталып калды

Учурда өлкө боюнча санариптештирүү иштери кызуу жүрүп жаткан кези. Чүй облусунда бул иш дээрлик жыйынтыкталайын деп калды. Маселен өлкөдөгү санариптештирүү жылына карата оптикалык була байланыш менен камсыздоо иштери Кемин районунда дээрлик аяктап калган. Учурда интернет таратуучу атайын станция райондун Алтымыш айылында орнотулуп, алгачкы абоненттер кошулууда. Айыл башчысы Жумаалы Мамырканов учурда 15 абонентке интернет киргизилгенин билдирди. Ал эми Кыргызтелеком ачык акционердик коомунун Чүй облусу боюнча мүдүрү Рустам Боромбаев район секундасына 10 мегавит ылдамдыктагы интернет менен сентябрь айына чейин толук камсыз боло турганын билдирет. Анын айтымында, райондун эли мындан тышкары ЗОР ТВ аркылуу 127 каналды көрө алышат.

Кемин районунунда азыркы учурда Ак-Түз айлынан башка бардык айылдарга оптикалык була кабелин тартуу иштери жүргүзүлүп, бардык социалдык объектилер – саламаттык сактоо мекемелери, маданият үйлөрү, китепканалар, айыл өкмөттөрү, мектептер, бала-бакчалар ылдым интернеттен колдоонууга мүмкүнчүлүк алышканын айткан Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Шаршеналиев Кемин районунда 28 мамлекеттик билим берүү мектеби, «Билимкана-Шабдан» коомдук фондусунун 1 жеке-менчик мектеби жана №19 кесиптик лицейине оптикалык була кабелдери тартылып, интернетке кошулганын билдирди.

Ал эми Ысык-Ата районундагы 47 мектептин ичинен 46 мектеп интернет байланышы менен камсыз болгонун аким Байыш Курманов билдирди. Анын айтымында, акыркы 1 мектеп 1-сентябрга чейин камсыз болот. Мындан тышкары, 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук саламаттыкты сактоо тутумун пайдаланат. Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин жардамы менен аларга 28 компьютер, 5 ноутбук берилген.