Абылгазиев: «Билим берүүгө салынган инвестиция өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу таасир берет»

Вера БЕДЕЛЕБЕК, “Кыргыз Туусу”


29-августта Өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үстүбүздөгү жылдын 7 ай аралыгында Өкмөттүн жасаган иштерине токтолуп, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын 2019-2020-окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдыгы боюнча отчету жана экономика министри Санжар Муканбетовдун Кыргызстандын ЕАЭБге киргенден кийинки 4 жылдагы интеграциянын жыйынтыгы тууралуу маалыматы угулду. Жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагына байланышкан бир нече жагдайлар боюнча маселелер талкууланды.

Өкмөт башчы мамлекетибизде учурдун эң орчундуу маселеси болгон билим берүүгө байланышкан көйгөйлөргө басым жасап, окуу куралдарынын даярдалышы, контрафакттык китептердин балдар үчүн зыяндуулугу, мектептердин жаңы окуу жылына карата абалы жана бүгүнкү күндөгү санариптешүү жана инновациянын мезгилинде региондордо интернеттин жеткиликтүү камсыздалышы тууралуу маселелерге токтолду. Аны менен катар окуу куралдарындагы орфографиялык, стилистикалык каталарга Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз билим берүү академиясы жооптуу экендигин, ар бир китепке министрдин колу коюлуп, андан соң чыгышы керектигин айтты.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 7 ай аралыгында Өкмөт тарабынан аткарылган иштерде экономикалык жактан өсүү болгондугун, “Кумтөр” тууралуу макулдашуунун жыйынтыгы чыгып, Солтон-Сары кенинде маселе туура көтөрүлүп, ал жергиликтүү эл менен биргеликте чечилерин белгиледи. Ал билим берүү тармагы боюнча “Бүгүнкү мезгил билим берүүгө чоң талаптарды койгон учур. Билим берүүгө инвестиция салбаган коом өтө кыйын социалдык кесепеттерге кабылат. Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй билим берүүгө салынган инвестициялар өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Бүгүн билим берүү чөйрөсү рентабелдүү тармакка айланды. Ушул жерде отургандардын баары СССР учурунда билим алганбыз. БУУнун көрсөткүчү боюнча союз кезиндеги билим алган жаштардын көрсөткүчү эң алдыңкы орунда болгон. Азыркы билим берүүдө абдан чоң кыйынчылыктар, көйгөйлөр бар”, — деди.

Ал эми 2019-2020-окуу жылына карата республикадагы орто билим берүү мекемелеринин даярдыгы тууралуу министр Г.Кудайбердиеванын берген маалыматы боюнча, республикада орто билим берген мектептердин 17си авариялык абалда, 202 мектептин имаратына капиталдык ремонт кылуу зарылдыгы бар экендиги, 1-сентябрга 15, жыл аягына чейин 30дан ашык жаңы мектептин ишке берилери, учурда 111 мектеп салынып жаткандыгы, ошондой эле жаңы окуу жылына карата бардык мектептер аккредитациядан өткөндүгү жана жалпысынан орто билим берген мекемелери жаңы окуу жылына даяр экендиги маалым болду.

Жыйында мектепке чейинки даярдоо программалары менен камтууну 40%га чейин жогорулатуу, 5-7-класстарда англис тилинин сааттарынын санын көбөйтүү, 2018-2019-окуу жылында республика боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн баллдарынын орточо эсеби (62,2%) 2017-2018-окуу жылына караганда 4,8%га жогору болгондугу айтылып, Премьер-министр Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академия­сы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча тутумдуу жана комплекстүү иштерди жүргүзүүсү, китептерди жана башка басылмаларды сапаттуу чыгаруу керектигин белгиледи.

Аны менен катар аталган министрликтин бир нече багыт боюнча ишинин жетишсиздиги көрсөтүлдү. Анын ичинде мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүн мамлекеттик социалдык буйрутма жана «Китепканалардын базасында баланы өнүктүрүү борбору» долбоорлорун ишке ашыруу, максатсыз пайдаланылган бала бакчаларды кайра кайтарып алууда министрликтин кызыкчылыгынын жоктугу, окуу-методикалык комплекстерин иштеп чыгуу боюнча алдын ала пландоо жоктугу, мектеп китептерин басып чыгуу үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар натыйжасыз пайдаланууга алып келгендиги айтылды.

Жыйында Премьер-министр: “Алдыда өтө жоопкерчиликтүү мезгил турат. Күз-кыш мезгилине даярдануу, түшүм жыйноо учуру келатат. 1-сентябрдан тартып, Жогорку Кеңеште маанилүү мыйзам долбоорлорун кароо башталат. Анын ичинде 2020-жылдын бюджети бар. Быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү боюнча маселе турат. Мыйзам долбоорлордун биринчи, экинчи окууда өткөндөрү бар, 1-сентябрдан баштап аларды аягына чыгарып, жаңы мыйзам долбоорлорун талкуулап, тез арада кабыл алышыбыз керек. Саясий туруктуулукту, экономикалык өсүштү камсыздоо жана бюджетибиз бул биздин негизги милдеттерибиздин бири.

Үстүбүздөгү жылдын 7 ай аралыгында “Кумтөр” кени боюнча “Центерра Голд” кампаниясы менен стратегиялык маселелер боюнча макулдашуунун жыйынтыгын чыгардык. Экологиялык жана инвестициялык багытта макулдашуулар болду. Макулдашууга тиешелүү маселелер жалпы коомчулукка, депутаттарга жеткиликтүү болсун үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырылып жатат. Биздин стратегиялык милдетибиз жаңыдан өндүрүш иштерин жандандырып, жумушчу орундарын түзүү максатын көздөйт. Өзгөчө жергиликтүү бизнести колго алуу багытында. Улуттун кызыкчылыгына жооп берген тышкы таасирлерден көз каранды болбогон ички дүң продукциянын туруктуу өсүшүн жана жарандарыбыздын бакубат жашоосун камсыз кылган экономиканы түзүшүбүз керек. Анүчүн өндүрүштө чакан жана орто бизнести, жарандарыбыздын жеке ишкерлик демилгелерин колдоого алышыбыз керек”, — деди.

7 ай аралыгындагы тармактардагы өсүү тууралуу Премьер-министр “Жыл башынан бери биз макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылып, өсүү темпин 6,9 пайызга чыгардык. Бул 284,4 миллиард сомду түздү. Ал ЕАЭБ мамлекеттеринен бир аз жогору көрсөткүч. Мындай көрсөткүч биздин талбай иштеген ырааттуу ишибиздин жана экономикалык субъекттердин, бизнесмендердин, ишкерлердин салымы деп ойлойм. Баса белгилеп айткым келет. “Кумтөрдү” кошпогондо 3,1 пайыз өсүшкө жеттик. Демек, биздин “Кумтөргө” болгон көз карандылыгыбыз азайып келе жатат.

Экономикалык жактан өнөр жайы 19,5, курулуш тармагы 6,9, кызмат көрсөтүү 2, 3, айыл чарбасы 1,9 пайызга өстү. Айыл чарбасы менен курулуш тармагынын жыйынтыктары кийинки айларда дагы оң динамикага ээ болот деп ойлойм. Себеби түшүм жыйноо процесстери азыртан башталып жатат. Андыктан айыл чарбасынын көрсөткүчү мындан дагы жогору болот деген ойдомун. Инфляциянын деңгээли 13 пайыз төмөн болду. Бул дагы биздин экономикабыздын жакшы көрсөткүчү. Экспорт 4,2 пайызга өстү. Азыркы экономикалык катаал шартта биздин өнөктөштөрдө болуп жаткан экономикалык көйгөйлөрдүн алкагында бул дагы жакшы көрсөткүч. Мындай өсүү биздин өнөр жайыбыздын жанданып жатканын билдирет. Кен байлыктар боюнча 20 миллион долларлык инвестиция тартылды. 500гө жакын жумушчу оруну түзүлдү. Алтын өндүрүү ишканасында дагы сентябрь айында кайра иштетүүчү фабриканы куруу боюнча да 100 миллион долларлык инвестиция башталат. Инвесторлордун туруктуу иштеши үчүн биз шартын түзүп беришибиз керек. Тилекке каршы, тоо-кен тармагында терс көрүнүштөр да бар. Муну биз моюнга алышыбыз керек”,- деди.

Жыйындын соңунда министрликтерге жана региондордогу өкмөттүн өкүлдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди.