Эгемендүүлүктө ар бирибиздин тагдырыбыз бар…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


1991-жылы 31-августта Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” декларация кабыл алып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет деп салтанаттуу жарыяланган жана дүйнөнүн саясый картасында көз карандысыз, эгемендүү мамлекет — Кыргыз Республикасы пайда болгон.

Ооба, күнү бүгүнкүдөй эсимде турат. 1991-жылдын 31-августунда декларацияны кабыл алууда баары сыдыргыга салгандай, жеңил-желпи болгон эмес. Жогорку Кеңештин ошол чакырылышы мына бүгүн “легендарлуу парламент” аталып, даңаза болгон менен, Кыргыз Республикасынын өзүнчө, эгемендүү мамлекет болушуна макул эмес депутаттар аябай көп болгон. Адатта, айрымдар “өлкөнүн эгемен болушуна коммунисттер каршы болушкан” деп жүрүшөт. Жок, андай эмес, Жогорку Кеңештин ал чакырылышында башкармалар, мекеме-ишкана директорлору, жикчилдер көп болушкан. Алар чындыгында да, Кыргызстандын эгемендүү өлкө боло ала тургандыгына ишенишкен эмес.

Ал жылдарда “Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам” да, Кыргыз Республикасы деген өлкөнүн аталышы да, ж.б. ушуга окшогон маанилүү тарыхый чечимдерди кабыл алууда Кыргызстандын элинин – коомчулуктун, анын ичинде ошол учурдагы жаштардын таасири күчтүү болгон. Ошол учурдагы жаштар жогору жакты карап кылчактаган “легендарлуу парламентти” элдик чечим кабыл алууга күчтөп мажбурлап турган. Эгер, коомчулуктун, асыресе жаштардын кысымы болбогондо, “легендарлуу парламент” Көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алат беле, ким билет?

“Легендарлуу парламент” улам-улам артын карап кылчактап турганда, “Кыргызстандын демократиялык күчтөрү” кыймылы жаштарга таянып, кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнө, акын-жазуучуларга таянып, 23-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча кайрылуу жолдогон. “Легендарлуу парламент” бул кайрылууга дароо эле макул болгон эмес. Төрт күндөн кийин гана, 27-августта Жогорку Кеңеш 31-августта кезексиз жыйынга чогулуу боюнча токтомун чыгарып, ошол чакырылыштын депутаттары 6-кезексиз сессияга чогулушкан.

Айтылуу жазуучу, “легендарлуу парламенттин” депутаты Казат Акматовдун: “Өзүнчө эгемендүү мамлекет болушка макул эмес депутаттар аябай көп эле. Алардын көпчүлүгү ошол коммунисттик доорду эңсеген, совет доорундагы депутаттар болчу. Көз карандысыздык декларациясын абдан кыйналып жатып, 31-августта араң-араң өткөргөнбүз…” деп эскергени эсте.

Кыргызстан көз карандысыздыкка жетүү менен, баарын кайрадан түптөдү: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Улуттук гвардия, ички иштер аскерлери, ондогон мамлекеттик мекемелер кайрадан уюштурулду. 1991-жылдын акырында Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештиги түзүлүп, Кыргызстан ага толук кандуу мүчө болуп кирди. Мамлекеттик түзүлүш, өлкөнүн коомдуксаясый, экономикалык өнүгүү багыттары, ички жана тышкы саясаты аныкталды.

Эгемендүү мамлекеттин атрибуттары: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги (1992-жыл 3-март), Гимн (1992-жыл 18-декабрь), Герб (1994-жыл 14-январь) жана 1993-жылдын 5-майында Жогорку Кеңештин 12-сессиясында алгачкы Конституция кабыл алынды. Ал конституцияда Кыргыз Республикасы укук туткан, динге негизделбеген, демократиянын негиздерин туу туткан эрктүү мамлекет болуп түзүлгөнү, эгемендүүлүктүн ээси, мамлекеттик бийликтин бир туткасы эл экендиги айтылган. 1993-жылдын 10-майында кыргыз улуттук валютасы кирди.

Кыргызстандын саясый турмушунда бир топ өзгөрүүлөр болду жана демократия нукка түштү. Көп партиялуулук системасы кирди. Коомдук уюмдар өнүктү.

Эгемендүү Кыргызстандын жер жана агрардык саясатында өзгөрүүлөр болду. Элеттик эл жердин чыныгы кожоюндарына айланды. Билим берүү тармагы да өзгөрүүгө учурап, мектептердин ордуна гимназиялар, лицейлер, жеке менчик жана эл аралык орто билим берүү мекемелери пайда болду.

Кыргызстандын БУУ, ЮНЕСКО, Бүт дүйнөлүк соода уюму, КМШ, Шанхай кызматташтык уюму, ЭАЭБ өңдүү эл аралык жана аймактык ж.б. уюмдарга мүчө болушу да эгемендиктин жемиши.

Арийне, эгемендүүлүктүн жылдары биз үчүн жеңил-желпи болбоду. 2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде элдик ынкылаптар өттү.

…Өлкөнүн көз карандысыздыгы жаш болсо да, анда көз карандысыздыкка умтулуунун карт тарыхы жатат. Көз карандысыздык дегенде, бири Урумга, бири Кырымга, бири Эренге, бири Тереңге, бири Алтайга, бири Каңгайга тентип кеткен кыргыздын башын бириктирип, Ала-Тоого кыргыздардын башын бириктирген Манас ата көз алдыбызга келет. Кыргыз элинин көз карандысыздыгынын, эгемендүүлүгүнүн символу – Манас.

Кыргыз элинин тарыхында кыргыз дөөлөтүнүн туусун бийик көтөрүп, намысын белге байлап, ат үстүндө жүрүп, элге кызмат кылган ата-бабалар ар бир доордо жашап өткөн. Алардын көзү жок эрдиги, караңгыдан жол тапкан көсөмдүгү, билгилиги ар дайым жылуу сөзгө арзыйт.

Кыргыз тарыхында биздин доорго чейинки кылымдарда кытайдын жазма булактарында кыргыз деген эл бар экендиги, кытай императору менен кат алышып турганы тууралуу маалыматтар айтылат.

Бүгүнкү күндөрдө да кыргыз тарыхы жазылып жатат. Ал тарыхты баарыбыз жана ар бирибиз биргелешип жазып жатабыз. Кыргызстандын бүгүнкү тарыхында ар бирибиздин тагдырыбыз, өмүрүбүз, жасаган иштерибиз бар.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө эми гана чейрек кылымдан ашты: улуу муундагыларга небересиндей болсо, андан кийинкилерге баласындай, балдарыбыз менен курбалдаш, жашташ болсо, неберелерибизге агасындай. Көз карандысыздык, эгемендүүлүк баарыбызга бир тууганыбыздай ысык көрүнөт, көз карандысыздык дегенде жүрөктө жылуулук пайда болот.