Талас: Мэр менен болгон окуя сотто каралууда

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


10-июль күнү кечкурун Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндөгү №179 үйгө келип, үй ээси Муктар Чоюбековго буга чейин бир нече эскертүү берилгендигине карабастан мыйзамсыз көмүр сатууну улантып жатканын, кошуналардан арыз түшкөнүн айтканда мэрге жулунган ишкерди түртүп жиберет. М.Чоюбеков болсо аны таш менен уруп жиберген. Таш автоунаанын терезесине тийип, көп убакыт өтпөй шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери М.Чоюбековду убактылуу кармоочу жайга алып кирип камашкан.

Жакында Талас шаардык сотунда жогорудагы окуя судья Д.Сүйүналиевдин төрагалыгында каралды. Сотто шаар мэри, жабырлануучу А.Жусупбеков окуяны кайталап айтып берип, көмүр мэрия белгилеген жайдан сатылуусу керек экендигин, ижара акысын төлөө менен ишкерлик жүргүзө берсе болоорун, ал эми мамлекеттик салык кызматы иштерин жүргүзүүгө документ бербегенин кошумчалады. Мыйзамсыз ишкерлик жүргүзгөндүктөн М.Чоюбековдун бир нече тонна көмүрү конфискация болгонун да эске салды.

Сотто М.Чоюбеков: «Мэр А.Жусупбеков менден 20000 сом акча сураган, мен берген жокмун. Ал менден 20000 сом акча талап кылганын 11-июль күнү суракта билдиргем. Андан кийин менин бир туугандарым А.Жусупбековго барышып, жетекчи катары айкөлдүк кылып кечирим берүүнү өтүнүшкөн. Ошондо ал: «Мэр менден акча сураган эмес, ачуум менен жөн эле жазып койгом» деп тосмо арыз жазып бергин, анан мен да кечирдим деп тосмо арыз жазып берем», – деп айткан. Мен мэрдин сөзүнө ишенип, тосмо арыз жазып берсем ал менин үстүмөн арыз жазып, натыйжада мага карата экинчи кылмыш иши козголду. Ушул дагы шаар башчысынын этикасына жатабы?” – деди.

Анын жактоочусу Мирбек Кенжешов А.Жусупбековго: «Ошондой сүйлөшүү, убадалашуу болду беле?» – деген суроону берди. Бирок мэр: «Андай болгон эмес, мен М.Чоюбековдон 20000 сом акча талап кылган эмесмин, биз сүйлөшүүгө үлгүргөн да жокпуз, жакалашып, таш менен уруп жатса кайдагы сүйлөшүү, убадалашуу» – деди ал.

Жактоочу М.Чоюбековдун 7 жашында автокырсыкка учурап, денесинен жаракат алганын, балким башынан да жабыр чегип калганбы деп анын жакындары медициналык адистерге кайрылганда Лашиновская деген врач Муктарды соттук психиатриалык экспертизадан өткөрүүгө сунуштама жазып бергенин айтып, акыл-эсин текшерүүдөн өткөрүү керек деген өтүнүч келтирди.

Судья Д.Сүйүналиев жактоочунун ал арызын канааттандырды.