Медеткан ШЕРИМКУЛОВ: «Элибиздин көз карашы, жашоо-шарты эски бойдон калбаш керек»

Нурзада САГЫНБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Ар дайым ак дилден кызмат кылып, билмин, күчүн мамлекеттин жаркын жашоосу үчүн жумшаган инсандар сыймыктуу жолду көрсөтөт.

– Медеткан агай, мамлекеттин биримдигин, тынчтыгын, өнүгүүсүн арттыруу максатында кээде чечүүчү мезгилдер келгенде аксакалдар калыстыгын көрсөтүп, чындыкты ортого коюп турса, бийлик да катачылыктарга жол бербес эле…

– Бул туурасында көп ойлоном. Кылымдар бою сакталган кыргыз элинин менталитетинин чоң бир өзгөчөлүгү — мамлекеттин, элдин тагдырындагы кыйчалыш мезгилдерде аксакалдар улуу сөздү ортого салып, кеп-кеңеш берип, туура чечимдерге негиз түзүлгөн. Тилекке каршы, бул көрөңгөлүү нарк-нускабыздын бүгүн барк-баасы болбой калды. “Керкисинде да, кемтигинде да бар” демекчи, аксакалдарда да, бийлик тарабында да, элдин өзүндө да кемчиликтер бар.

– Эмне үчүн көрүнүктүү инсандар, аксакалдар бийликтин кетирип жаткан катачылыктарын өз убагында айта албайт?

– Мунун себеби көп…

– Бүгүн кадрларды даярдоо саясатында олуттуу кемчиликтер бар. Сиздин оюңуз?

– Кадр маселесиндеги туура тандоодо чоң көзөмөл талап кылынат. Анан да эң башкысы, президент, аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги жана жер-жердеги эл өкүлдөрү биргеликте кадрларды даярдоонун мезгил ыргагына ылайыкташкан жаңы системасын иштеп чыгуу керек. Кадрлардын билими, жөндөмдүүлүгү, эл менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү, басып өткөн жолу, тажрыйбасы баарынан маанилүү. Аларды иштеги натыйжасына карап, улам бир тепкичтен өйдөлөтүп, акырындык менен жылдырып отуруш керек.

Бүгүнкүдөй ким кайсы органды жетектеп турса, ал өзүнүн гана тааныш-билишин, жек-жаатын же жердешин кызматтарга көтөрө берүүнү токтотуу шарт. Андай фактылар ачыкталса, өз көмөчүнө күл тарткан ошондой жетекчилерди иштен дароо алуу абзел. Андай болбосо кадр системасы оңолушу кыйын. Тазалык – башынан. Башчыны көрүп, башкасы түздөнөт, үлгү алат да. Демек, мамлекет мындай олуттуу мүчүлүштүктөргө жол бербей, кескиндүү түрдө чара колдонуп, тайманбастык менен иш алып барса, анын жыйынтыктары да сөзсүз болот.

– Сиз жетекчи кызматтарда жүргөндө түз иштеген, принципиалдуу, калыс кызматкерлер жөнүндө терс пикирлерди, ушак сөздөрдү тымызын сизге айтып киргендерге кандай реакция кылчу элеңиз?

– Анда Жогорку Кеңеште төрага болуп тургам. Бир адам экинчисин каралап, анын үстүнөн жаман сөздөрдү айтып, мага болушунча даттанды. Угуп отурсаң чын эле сыяктуу.

Мен күтүүсүз чечим кабыл алдым. Дароо жамандалган кызматкерди чакырттым. Ал кирди. “Эми мага айткан сөздөрүңүздү бул кишинин көзүнчө айтып бериңиз!” дедим олуттуу түрдө. Арызданып кирген адам алдастап, кызыктай боло түштү. Эч нерсе айта албай, аргасыз башын жерге салды. “Сиздин үстүңүздөн мага бул киши доомат айтып келди. Бул айтылгандар чынбы?” деп баарын тактап сурадым. Экинчи тарап да өз пикирин ачык-айкын айтып берди.

 – Төрага болуп турган учуруңузда кээде маанилүү чечим кабыл алаарда сизге басым жасоо болду беле?

– Мен башкарган парламент өзүнүн укугу жана функциясы боюнча президенттик бийликтен да айрым убакта жогору болчу. Президенттик бийлик анда жаңы эле пайда болсо, Жогорку Кеңеш ал мезгилде 70 жылдан ашуун мезгилди өз ичине камтыган аздыркөптүр тажрыйбасы бар эл өкүлдөрүнүн топтому болгон. Демек, мага кысым жасоо туура болбостугун жакшы түшүнүшкөн.

– Бирок, кээде чабуул башкача жолдор менен да келет го. Түз болбосо да кыйыр түрдө?

– Ар түркүн чабуулдар, менден кутулууга болгон аракеттер да принципиалдуу көз карашыма байланыштуу болду. Натыйжада, өз каалоом менен эч кимден бийлик талашпастан, билим берүү тармагына өтүп кеттим.

– Азыр бул тандооңузга өкүнүч кылбайсызбы?

– Жок. Кызмат үчүн эл алдында жаман көрүнүп, сынган жокмун. Азыр Бишкектин көчөлөрүндө ээн-эркин басам. Улуу-кичүүлөр көрсө, ар дайым учурашып, ал-абалымды сурап турат. Бул коомчулуктун мага карата чоң урмат-сыйы деп эсептейм. Бир гана андан бери республикабызда алдыга өсүш болбой, татыктуу жетекчилер келбегенине гана кейийм.

– Сиз М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университеттен билим алып, аспирантураны аяктап, илимий даражага да ээ болгонсуз. Билим берүүнүн эң алдыңкы катарында турган дал ошол жогорку окуу жайынын жанынан өтүү эле канчалык сыймыктуу болгондугун айтышат…

– Туура. Кезинде М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети эң жогорку баага татып, билим берүүнүн флагманы катары эсептелчү. Аталган жогорку окуу жайын бүтүрүп, ал жерден диссертация жактоо – өтө чоң аракеттерди талап кыла турган. Себеби, университетте дүйнөгө белгилүү дасыккан окумуштуулар билим берип, илимий иштерге жетекчилик кылаар эле.

Кубанганым – ал окуу жайдан билим алган биздин адистер Кыргызстандын көп тармактарында иштеп, мамлекет үчүн пайдалуу, чоң иштерди жасашты жана ал эмгектер азыр да уланып жатат.

– Коомдогу элитаны бир нече категорияга бөлүүгө туура келет. Сиздин бааңызда, саясий элитанын орду, деңгээли кандай болушу керек?

– Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимов, Насирдин Исанов өңдүү бир катар тажрыйбалуу партиялык жана коомдук ишмерлерибиз башкаруу чөйрөсүндө өздөрүнүн өрнөктүү жолун калтырып кетти. Бүгүн биз алардын аттарын атап, сыймык менен эстеп жүрүүгө тийишпиз.

Экинчиси, маданият, адабият, илим-билим жаатындагы элитанын эмгектери да көз жаздымда калбашы керек. Ар түркүн тармактын алдыңкы уулкыздары биригип келип, мамлекетибиздин кадыр-баркын арттырып, дүйнөгө таанытты. Ушундай улуу инсандардын жасаган эмгектери кийинки муунга үлгү болуп, туура жана байсалдуу сапарды көрсөтүп бериши керек.

Ал эми саясий элита жеке кызыкчылыгын эмес, өлкөнүн биримдигин, туруктуулугун алдыңкы орунга коюуга милдеттүү. Бүгүнкү саясий элита туура жүрүш-туруш менен мойнуна тагылган жоопкерчиликти так сезе билип, ишин ак ниеттүүлүк менен таза жүргүзсө, өзүнүн кадыр-баркына, атына көлөкө түшүрбөс эле… Калыстыкка негизделген башкаруу стратегиясы гана бийлик башындагыларга айныксыз оң багытты көрсөтүп берет деп ойлойм.

– Атак сизди өзгөртө алдыбы? Кандай адам эбегейсиз байлыкты да, даңкты да көтөрө алат деп ойлойсуз?

– Мен ар дайым эл менен жакын болуп, жөнөкөйлүктү башкы принцибим катары карманып жүрөм.

Байлык-бийликти да, кадыр-барк, дөөлөттү да көтөрө билип, кызматтан жогорулаган сайын өзүнүн жөндөмүн, кесипкөйлүгүн көрсөткөн инсандар бар. А кээде байкап жүрөбүз, убактылуу бийликке манчыркап, өзүн асманда каалгып жүргөндөй сезип, элден тез эле алыстап кеткендер да кездешет. Бул – адамдын төмөндүгү, тарбиясынын, билиминин жоктугу деп түшүнсөк болот.

Түбөлүктүү эч нерсе жок. Бир келген өмүрдү адам бийик ойлор менен жакшы жашап өтсө кана… Адамгерчиликке негизделген улуу сапаттар, иш-аракеттер гана эртеңибизди жарык жана бакубат кылат.

– Кызматкерлерди тандоодо кандай критерийге басым жасаар элеңиз?

– Жоопкерчиликти жогору коюп, билимин, күчүн мамлекеттин кызыкчылыгына арнаган кадрлар гана менин талаптарыма жооп берчү.

– Эртең менен турганда дароо эмнеге көңүлүңүз бурулат?

– Бул сурооңуз Москвада окуп жүргөн убагымды эске салат. Илим менен алпурушкан ал жылдарда мен ар дайым түнкү саат 2де жаздыкка баш койчумун. Бул мага өзгөрүлбөс эреже, адат болуп калды. Кагаз карап, китеп окуп, дайыма кеч жатам. Дароо уктабайм. Эртеңки аткара турган пландарымды түзүп, бир топко ойлуу жатам. А күндүн көзү көрүнүп, жарык киргенде суктануу менен айлананы карап, кечинде түзгөн планым боюнча күнүмдү баштайм.

Эртең буюрса, эгемендүүлүк майрамы. Эң сонун сыймыктуу күн. Кылымдар бою келе жаткан түптүү, уюткулуу кыргыз тарыхын, руханий дүйнөбүздү, маданиятыбызды аздектеп, барктап, сактап калууга тийишпиз. Ата-бабадан келе жаткан улуу түшүнүктөр биз үчүн баалуу сепил. Бирок, биз бүгүнкү дүйнөлүк таалим, тартип менен, бүгүнкү реалдуулук менен жашасак дейм. Коомдук өсүштөр орун алып жаткан азыркы кезде элибиздин көз карашы, жашоо-шарты эски бойдон калбаш керек.

“Менин жүзүм да, жүрөгүм да, эли-жерим да кыргыз!” Биздин жаштарыбыз мына ушул ураандын астында жаңы дем менен бийиктиктерди багынтып, жаркын келечекти көздөй жаңылбай багыт алышын каалайм. Майрамыңыздар менен!