Убакыт чукул, демек жигердүү аракет керек!

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Күн сайын Талас жергесинде көчмөндөр оюну өтүүчү күн жакындап келатат. Ал эми ал зор иш чарага даярдык кандай? Мына ушул маселеге байланыштуу облустук активдин жыйыны өткөн аптада болуп өттү.

Жыйында ыйгарым укуктуу өкүлдүн 1-орун басары К.Осмонбеков билдиргендей, берилген тапшырмалар аткарылбай, көчөлөр ирээтке келтирилбей жатат, кайдыгерлик көп болууда. Мисалы А.Нуржанов айыл аймагына канча жолу терс көрүнүштөрдү четтетүү боюнча тапшырмалар берилген менен көрүнүштөр ошол бойдон калууда. Манас Ордодогу салтанат өтүүчү көк жайыкка чым төшөө ишин эбак Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондору бүткөрүп коюшса, Талас району эки аптага созулган убакыттан бери алигиче бүтүрбөй, ишти сапатсыз жасап жатат.

Ыйгарым укуктуу өкүл М.Мураталиев Талас районунун акими З.Сыдыковго жана И.Осмонкулов, Жергетал, А.Нуржанов айыл аймактардын башчыларынын даректерине сын айтты. “Замир Бейшенович, аким болуп дайындалганыңызга 7 ай болду, айыл аймак башчыларына тапшырмаларды берип, талап кылганга үйрөнүүгө мынча убакыт деле зарыл эмес го”, – деди.

Сыягы З.Сыдыков бир кезде өзү айыл аймак башчысы болуп иштеген кесиптештерине тапшырмаларды берип, анын аткарылышын талап кылууда жүүнү боштук кылып жаткандай. Себеби, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн өткөн коллегиясында бул өңүттө бир топ сын айтылган эле.

Ал ошондой эле Талды-Булак айылында бир жылдан бери электр зымдары чубалып жатканын, көптөгөн электр лампалары күйбөй турганын, электр мамыларын боёо, бак-дарактарды актоо, бир типтүү желектерди илүү сыяктуу жумуштар ыкчам жасалышын баса белгиледи. М.Мураталиев Талас облустук ат майданы 30 млн. сомго курулуп, таластыктар үчүн чоң белек болуп калаарын белгилеп, ал эми Талас шаарынан ат майданга чейинки жолду асфальттоого бюджеттен 10 млн. сом каражат бөлүнгөнүн айтты. Ошондой эле таза суу системасы жакында ишке кирип, дренаждар жасалаарын кошумчалады.

Ал көчмөндөр оюнун өткөрүүгө түшкөн алгачкы каражаттар максаттуу бөлүнгөнүн да маалымдады. Сүрөөнчүлөрдөн түшкөн 2 млн. 200 миң сом ат майданга, 1 млн. сом Манас Ордого брусчатка иштерине, 1 млн. сом арка-дарбазага, 450 миң сом облустук драма театрына бөлүнгөнүн билдирди.

Түшкөн каражаттар атайын түзүлгөн облустук комиссиянын көзөмөлүндө болмокчу. Анткени комиссиянын тыкыр көзөмөлү болбосо, миллиондогон акчалар туура эмес жумшалып кетиши мүмкүн деген күмөн саноолорго бөгөт коюлат. Ошондой эле сүрөтчүлөрдүн көркөм түстүү китебине 300 миң сом «Бакубат Талас» фондусунан которулуп берилген.

Сөз арасында ал облустук жана Талас райондук өнүктүрүү фондусундагы ондогон миллион сомдор айылдардагы кичи футбол жайларын курууга жумшалганын, айрым айылдарда 2-3төн курулганын, бирок ошол эле учурда таза сууга 400-500 миң сом каражат зарыл болуп турганын айтып, мындан ары кичи футбол аянттарын курууга акча бөлүнбөй турганын айтты. Облус жетекчиси айрым жерлерде кичи футбол аянттары 2 млн. сомго курулса, айрым жерлерде 4-5 млн. сомго курулганын сынга алып, ортодо миллиондогон акчалар каякка кетти деген суроону койду. Бирок, тилекке каршы, укук коргоо жана фискалдык органдар ушул убакка чейин бир да анализ жасабаганы ар кандай күмөндүү ойлорду жаратат.

Ал ошондой эле Талас шаарындагы Ч.Айтматов көчөсүндөгү мекеме-уюмдарга бөлүнгөн тилкелерди ирээтке келтирүү ишин колго алуу тапшырмасын койду. Жыйында Манас Ордо комплексинин кызматкерлери такай сугарып, көк жашыл майсанга айланып турган 4 гектар аянтка жайгашуучу этноайылдарга тигилүүчү боз үйлөр, конокторду күтүүгө жоопкерчилик бекитилген мекемеуюмдар такталды.

Бирок Манас Ордо комплексиндеги трибунаны сырдап, ремонттоого, ордодогу мурдагы салтанат жайды тегерете асфальттоого каралган 2 млн. сом эсепке түшпөй, ат майдандын курулуш ишинин да каражаттары создугуп, республикалык тиешелүү министрликтер, ведомстволор өз иштерин ыкчам, так аткарбай жатышат.

Натыйжада Манас Ордо комплексинде трибунаны, 2000дей орундукту сырдоо, текчелерди, тамандырыктарды цементтөө, ремонттоо, ат майданды айландыра асфальттоо иштери каражатты талап кылууда. Ал эми Манас Ордонун эсебиндеги каражаттан убактылуу пайдаланып турууга финансылык мыйзам, тартип жол бербейт, анткени бюджеттик сметада жогорку иш чаралар жыл башында каралбагандыктан, мыйзам бузууга жатаары айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.

Ал ортодо Манас Ордодо учурда иш кайнап жаткан учур. Биз барганда Комплекстин башкы директору Ормош Чоюнбаевдин жетекчилиги алдында 30дай кызматкери жабыла «Кызыл аска» аталган бөксөнүн этегиндеги узун аралыкка созулган тосмолорду сырдап жатышкан экен. О.Чоюнбаев аларга түшкүсүн акысыз ысык тамак уюштурулганын айтты. Ал эми трибунанын алдында курулушчу жигиттер күндүн аптабына карабастан брусчаткаларды төшөө иштерин жасап жатышыптыр. Трибунанын артындагы ажаткананын ремонту да жүрүп жатат.

Баса, ат майдандагы тайказандар алынып, сахна ортого жылдырылган. Трибунанын батыш тарабындагы этноайылдар жайгашчу тилке такай сугарылып, кароодо болгондуктан жашыл көрпө болуп түспөлдөнөт. Ал эми Кароол чокунун трибуна тараптагы бетин Манас ордонун кызматкерлери күн сайын насос менен сугарып тургандыктан жашыл ыраң тартып көзгө көркөм боло түшүптүр. Ал жерден эл салтанатты көрүшөт. Ал эми шыпаакана, мейманкана жайгашкан эки кабаттуу имараттын ичи-сырты толук жаңыртылыптыр.

Мейман тосуучу бөлмөлөр евроремонт жасалып, идиш аяктарынан бери жабдылган. Мейманкана бөлмөлөрү да заманбап ремонттон өткөн. Жуунуучу душтарга кабиналар орнотулуп, ысык суу, муздак суу системалары киргизилип, толук жаңыланган.

– Мунун баары сүрөөнчүлөрдүн көмөгү менен жасалды. Өзгөчө Кыргыз Республикасынын Баатыры сыймыктуу уулубуз Алиясбек Алымкуловдун эмгеги чоң, – деди Ормош Жетигенович.