Бишкекте асынып каза болгон окуучу кыз өгөй атасы менен жашачуу

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы үйүнөн асынып каза болгон өспүрүм кыз өгөй атасы менен бирге жашачу. Бул маалыматты бүгүн, 9-июнда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милиция кызматкерлерине өспүрүм кыздын денеси асылып турган жеринен табылганы тууралуу 5-июнда маалымдалган. Анын өздүгү такталып, 2002-жылы туулган Д.Ж. экени аныкталды. Ал быйыл 9-классты аяктап жаткан.

«Экспертизанын корутундусу каза болгон кыз дары-дармек ичпегенин жана денесинде күч колдонулган белгилер жок экенин аныктады. Учурда анын өлүмүнүн себеби такталып жатат. Милиция кызаткерлери тааныштары менен коңшуларынан көрсөтмө алышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыздын апасы окуя болгон учурда чет өлкөдө жүргөнү белгилүү болду.