Аймактар өнүксө – өлкө өнүгөт: Борбор калаада болуп жаткан иштер

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу


27-28-август күндөрү журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, борбор калаада жүргүзүлүп жаткан иштерден кеңири маалымат берилди. Алардын катарында шаардагы курулуштар, санариптештирүү багытында жасалып жаткан жумуштар, өндүрүштөрдүн ачылышы жана шаарга салынып жаткан инвестициялар ж.б. бар. Негизинен эле быйылкы жылдын эсебинен Бишкекте кандай өзгөрүүлөр болот?

Курулуш: Жаңы сейил бак, көпүрө, жол, мектептер…

Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сейил бак курулууда. Аталган сейил бактын аянты 10 гектарды түзүп, куруу үчүн 80 млн. сомго чукул каражат бөлүнгөн. Учурда сейил бакты жашылдандыруу, жарыктандыруу иштери аяктап калган. 30-августта расмий ачылышы болду. Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Марат Жороев бул сейил бак кышка чейин толук колдонууга бериле турганын билдирди. Анын айтымында иштер жыйынтыкталып калганы менен сейил бак толук аяктап калды дегенге болбойт. Алдыда бак-дарактарды отургузуу иштери бар.

Шаардыктар үчүн “Чыгыш-5” кичирайонунда да эс алуучу жай курулууда. М.Жороев белгилегендей, ал жерде 400 метр тротуар, 800 метр веложол оңдолуп, 70 отургуч, 130 бак отургузулат. Долбоордун жалпы наркы 19 млн. сомду түзүп, ушул жылдын октябрына чейин аяктайт.

Ошондой эле Токтоналиев менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде көпүрө курулууда. Аталган курулушка 478 млн. юань Кытай мамлекети тарабынан бөлүнгөн. Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Уезбаевдин айтымында, көпүрөнүн курулушун ушул жылдын 20-сентябрына чейин аяктоо пландалууда. Бул көпүрөнүн курулушу менен Манас проспектиси жана Абдрахманов көчөсүндөгү тыгындар азаят деген ишеним бар. Кытай грантынын эсебинен жалпы 49 көчө жана 2 эстакадалык көпүрөнү оңдоптүзөө иштери каралган. Бүгүнкү күндө 93 км. жол оңдолуп бүткөн.

Тунгуч кичи районунда 140 орундуу бала бакча салынууда. Аталган курулушту 2020-жылдын биринчи кварталында аяктоо пландалууда. Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысы Максим Ситников: “Бул аталган кичи райондун жашоочулары үчүн күтүлгөн долбоор. Буга чейин тургундар балдарын берүү үчүн ыңгайлашкан соцобъект жок болчу. Балдарды бала бакчага берүүдө болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жол берет. Анткени жашоочулар өз балдарын жеке менчик же жакынкы жаңы конуштарда жайгашкан бакчаларга берүүгө мажбур болуп келишкен. Аталган бакчанын курулушу 2020-жылдын жазында аяктап калат”, – деп билдирди.

Белгилүү болгондой, учурда Тыныстанов көчөсүнө курула турган дагы бир 100 орунду бала бакчанын документтери экспертизага берилген. Мындан тышкары Алтын-Ордо жаңы конушунда бала бакча, Азербайжан грантынын негизинде Көк-Жар конушунда мектеп куруу пландалууда. Мындан тышкары №19 мектепте 2 кабат жаңы корпус салынууда. Анын жалпы сметасы 45 млн. сомдон ашуун каражатты түзүп, курулуш иштери 2020-жылы жыйынтыкталат.

Санариптештирүү: коопсуз кичи район жана электрондук жол кире

Жарандар документ топтоодогу бюрократиялык элементтерден тажагандарын белгилеп келишкен. Мындан улам бул жаатта санариптештирүү аркылуу бул көйгөйдүү чечүү жолдору каралган. Санариптештирүүгө алгачкы кадам катары калкты тейлөө борборлору ишке берилип, бүгүнкү күндө алар натыйжа көрсөтүүгө жетишти. Учурда аталган борборлордо документтерди алуу иштерин болушунча жөнөкөйлөтүү багытында иш жүрүп жатканын Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев билдирди.

Ошондой эле ушул жылдын сентябрь айынан баштап Бишкек шаардык мэриясы автобустардагы жол кирени электрондук форматка өткөрүүнү пландоодо. Бишкек шаарынын мэриясынын автотранспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Койчубаков электрондук билет системасы өнүккөн өлкөлөрдө эбак тараганын белгилеп, бул системанын артыкчылыктары көп экенин айтат. Ал билдиргендей, жол кирени электрондук форматка өткөрүү биринчи кезекте айдоочунун алаксуусун жокко чыгарып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна жакшы таасир кылат.

Борбор калаанын 6-кичи районуна 72 камера орнотулган. Алар Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан көзөмөлгө алынып, коопсуздукту сактоодо милициянын ишине көмөк кылууда. Долбоордун жалпы наркы 1,5 млрд. сомду түзгөн. Шаардык милициянын номер 3-бөлүмүнүн коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматынын жетекчиси Самат Алсейитов бул камералар бир канча кылмыш ишин ачууга көмөк кылып, аздыр-көптүр натыйжа берип калганын белгиледи. С.Алсейитов белгилегендей, “Коопсуз кичи-район” долбоору 2018-жылы башталып, ушул жылы аяктаган. Келечекте №№ 11, 12 жана Асанбай кичи райондорунда да 150 видео байкоо орнотулуп, ишке ашырылуусу мерчемделүүдө.

90 пайыз продукциясын экспорттогон ишкана

Бишкек байпак чыгаруучу завод айына 500 миң жупка чейин продукция чыгарып, 150 адам туруктуу иш менен камсыз болгон. Ишкананын аткаруучу директору Нургазы Мышыевдин айтымында, аталган кичи завод байпактын бир канча түрүн, колготкилерди чыгарып, 90 пайыз продукцияны Россия жана Казакстанга экспортко чыгарат. – Келечекте пахта иштеткен завод ачсак деген планыбыз бар. Ошондо башкалардан көз каранды болбой, сырье өзүбүздөн болуп калат. Мындан тышкары 200гө чукул адам иш менен камсыз болот. Продукция негизинен экспортко чыгат. Жакындан баштап эле ички рынокко иштөөнү көтөрүү башталды. Биздин продукция экологиялык тазалыгы менен айырмаланат, – деди Н.Мышаев.

Таштанды ылгоочу завод курулат

Бишкекте санитардык полигондун курулушу башталды. Аталган завод шаардан чыккан таштандыларды ылгап, кошумча жумушчу орундарды түзөт деген ишеним бар. “Бишкек санитардык полигон” долбоорунун директору Талгат Үмөталиев курулуштун жалпы аянтты 30 гектар экени белгилеп, эски полигон рекультивация кылынып, үстүнөн топурак менен көмүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, рекультивация иштерине 1,5 млн. евро, ал эми заводдун курулушуна 7,5 млн. евро коротулмакчы. Бул полигонго жылына 320 тонна таштанды келип түшөт. Эгер таштанды ылгоочу завод курулса, таштандыны иштетүү менен полигондун шаардын экологиясына тийгизип жаткан таасирин азайтууга болот. Ошондой эле 120-140 адам жумуш менен камсыз болуусу күтүлүүдө.

Таза суу көйгөйүн чечүүгө жасалган аракет

«Орто алыш» суу топтомосу Бишкек сууканал ишканасынын эң чоң суу топтомосу болуп эсептелет. Анын жалпы аянты 470 гектарды түзөт. «Суу жеткирүү жана канализация системаларын оңдоп түзөө» долбооруна Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана Швейцария мамлекети тарабынан 16 млн. евро инвестиция бөлүнүп, учурда долбоордун экинчи фазасы ишке ашырылууда. Бишкек суу канал башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиевдин айтымында, бул каражаттын 50 пайызы насыя түрүндө, ал эми калганы грант иретинде берилген. Ал эми долбоор төрт компоненттен туруп, анын ичинен үчөө жыйынтыкталып, учурда канализация системасын толук реконструкция кылуу иштери гана калган. Бул багыттагы долбоорлор жыйынтыкталса, Бишкек шаарынын түштүк жагындагы кичирайондор жана жакынкы сегиз айыл таза сууну үзгүлтүксүз алуусу күтүлүүдө.