VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады

2-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы Кыргыз Республикасынын гимни менен расмий түрдө ачык деп жарыяланды. Төрага Дастанбек Жумабеков белгилегендей, ачылыштан соң депутаттардын иши комитеттердин жыйындарында улнамакчы.

Ал эми парламенттин жалпы жыйыны 4-сентябрда болот. Эсиңиздерге сала кетели, Регламент талабына ылайык, депутаттар дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү  комитеттерде, жума күнү фракцияларда иштейт. Ал эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйындары шаршемби жана бейшемби күндөрү өтөт.