УКМК коррупция менен күрөш эсебине 11 млн. сом которду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 11 млн. сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Айта кетсек, атайын кызмат 30-август күнү да бирдиктүү эсепке 31 миллион сом өлчөмүндө акча которгондугун маалымдаган.

УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 283 млн. 535 миң 391 сомду түзгөн.