Президент Садыр Жапаров “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Тоголок жетим калган балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга жана билим алууга укуктарын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылынат:

1. 2024-жылдын 1-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган тоголок жетим калган ар бир балага (Кыргыз Республикасынын жаранына жана кайрылманга) “Айыл Банк” ААКда “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити киргизилсин.

2. “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозиттериндеги акча каражаттары тоголок жетим калган балдар он сегиз жашка толгондон кийин пайдаланылышы мүмкүн экендиги жана алардын тандоосу боюнча ден соолугун, жашоо шартын жакшыртууга жана билим алууга жумшала тургандыгы белгиленсин.

3. Республикалык бюджеттен “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозиттерин жыл сайын толуктоону камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:

– “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ачуу, толуктоо жана каражаттарын тескөө Тартибин бекитсин;

– эсептөөлөрдү жүргүзсүн жана ар бир бала он сегиз жашка толгондо 500 000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес төлөөгө арналган акча каражаттарынын бирдейлештирилген суммасын белгилесин;

– “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын жана ушул Жарлыктан келип чыккан чараларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетте жыл сайын акча каражаттарын карасын;

– өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.