Разаков Чырпыкты айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылындагы Касым Тыныстанов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министрдин айтымында, учурда 2026 мектеп Интернетке кошулду, бул 94,7% пайызды түзөт. Бул жылы 157 билим берүү мекемесин куруу боюнча тизме бекитилди. (111 мектеп, 10 кошумча жаңы корпус, 24 бала бакча, 11 спорт зал).

Жеңиш Разаков Өкмөттүн атынан мектеп жетекчилигине компьютердик жабдуулардын топтомун алуу үчүн сертификат тапшырды.

Маалымдама үчүн:

Чырпыкты айылындагы орто мектептин курулуш иши 2008-жылы башталган, бирок каржынын жоктугуна байланыштуу иш токтоп, кайра 2017-жылы курулуш иши жанданган. «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен 63 млн сом бөлүнгөн. Окуу имараты 324 орунга ылайыкталган.