Сууда сүзүү боюнча президенттин кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкекте  суучулдар арасында КР президентинин кубогу боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 30-31-август күндөрү өтүп, ага 92 спортчу катышкан.

Президенттин кубогунда эркектер арасында биринчи орунду Денис Петрашов алса, Кирилл Вайс менен Владимир Лифинцев экинчи орунду ээлешкен.

Кыздар арасындагы мелдеште алтын медалды Елизавета Рогожникова тагынды. Күмүш медалга Анастасия Филина, коло медалга Арина Ким татыды.