Коррупция менен күрөш эсебине кезектеги миллиондор которулду

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 39 миллион 735 миң 700 сом которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, ЭККМК тарабынан бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 795 миллион 488 миң 606 сомду түздү.

Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 11 млн. сом которгон. Натыйжада УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 283 млн. 535 миң 391 сомду түзгөн.