Нарындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

Нарында болуп өткөн окуя боюнча «бейбаштык» беренеси менен  кылмыш иши козголду. Учурда бул боюнча маалыматтар топтолуп, материалдар чогултулуп жатат. Ошондой эле ИИМдин коопсуздук кызматы милиция кызматкерленин иши боюнча кызматтык териштирүүсүн баштады.

Эскерт кетсек, 8-июнда Нарын шаарында 100гө чукул жаштар митингге чыгышкан. Буга себеп,  27-майда Борбор азиялык университеттин спорт залында Нарындын жаштары менен аталган окуу жайдын студенттеринин ортосунда баскетбол мелдеши өткөн. Оюндун жүрүшүндө эки команданын ортосунда чыр чыгып, университетте окуган балдар жергиликтүү жаштарды ур-токмокко алышкан.

Буга байланыштуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана аталган окуу жайдын мугалимдери келди. Анда, митингчилер БАУда окуган студенттерди чөгөлөп кечирим сурашын талап кылышты. Жергиликтүү жаштарга кайрылган А.Кайыпов эмоцияга алдырбоого чакырып өттү.

Бирок, кызуу кандуулукка алдырган жаштар БАУнун студенттери турган тарапка отургучтарды ыргытып, кыр көрсөтүштү. Андан улам башаламандык пайда болуп, абал тынчыганда жаштардан аталган окуу жайдын студенттери чөгөлөп кечирим сурашкан