Футбол: Кыргызстан-Тажикстан командалары беттешет

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Тажикстандын командасы менен беттешет. Аталган оюн 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигинин жана Азия кубогунун тандоо турунун алкагында өтүп жатат.

Оюн Тажикстандын борбор калаасы Душанбеде Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Эскерте кетсек, тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курамасы Тажикстан, Монголия, Мьянма, Япония менен оюн өткөрөт.