Акыркы үч жылда Кыргызстанда 220 мектеп жана 16 бала бакча курулган

2016-жылдан 2019-жылга чейин Кыргызстанда 220 жалпы билим берүүчү мектеп жана 16 бала бакча курулуп, дагы 34 мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Маалыматка ылайык, акыркы 3 жылда  республикада 229 мектеп жана 16 бала бакча курулган. Алар:

2016-жылы 28 мектеп жана 1 бала бакча;
2017-жылы – 46 мектеп жана 6 бала бакча;
2018-жылы – 68 мектеп жана 6 бала бакча;
2019-жылы – 38 мектеп жана 3 бала бакча курулган,  дагы 27 мектеп жыл аягына чейин курулуп бүтмөкчү.

«Капиталдык салым» беренеси боюнча каржыланган объекттердин тизмесине ылайык, 2019-жылы 2 млрд. 133 млн. сом бөлүү каралган.

«Жарандык активисттерге жаңы мектеп куруу үчүн каражат топтоо демилгеси үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Нарын облусунун Кеңеш айылында орто мектеп куруу маселесин чечет. Нарын облусунун Кеңеш айылындагы орто мектептин курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш-кагаздары даяр жана 2020-жылдын планына киргизилген», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак,  2-сентябрда  Нарын облусунун кеңеш айылында контейнерден салынган мобилдик мектептин ачылышында тартылган сүрөтттөр коомчулукта кызуу талкууланып, активисттер мектеп куруу үчүн каражат чогулта башташкан.