Футбол: Кыргызстан курама командасы Тажикстанга жеңилип калды

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Душанбеде Тажикстан менен беттешип, 1-0 эсебинде жеңилип калды. Оюндун 42-мүнөттүндө тажик футболчулары эсепти ачып, оюндун калган бөлүгүндө эсеп өзгөрүүсүз калды.

Аталган оюн 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигинин жана Азия кубогунун тандоо турунун алкагында өтүп жатат.

Эскерте кетсек, тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курамасы Тажикстан, Монголия, Мьянма, Япония менен оюн өткөрөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *