Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен сабагандар кармалды

Эки адамды мыкаачылык менен сабаган Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн жүргөн жери аныкталып, Бишкек ШИИББинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, 28-август күнү Бишкекттин Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ярмарка” дүкөнүнүн жанынан мушташ чыгып, андан эки адам оор жаракат алган. Жабырлануучулардын биринин жакындары Ленин райондук милициясына кайрылып, эртең мененки саат 7.00дөрдө сабагандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Жаракат алган адам тез жардам менен Улуттук госпиталга жеткирилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын биридктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө  алынган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *