Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Оңой олжо деле «оңой» эмес

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Экс-вице-премьер-министрликке чейин жеткен, учурда соттолуп жаткан Дүйшөнбек Зилалиевдин банк ячейкасында 900 миңдей доллары сакталганы жөнүндө соттук териштирүүлөр убагында банк кызматкери дагы бир жолу тастыктады.

Негизи акыркы убакта коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга айыпталып, соттолуп жаткан чиновниктерден жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнөн мындай накталай ири суммалардын жана кыймылсыз мүлктөрдүн табылып жатканы жаңылык деле болбой калды. Алардын булагы (пара) да жашыруун эмес.

Мени кызыктырган суроо – эмне үчүн ушундай акчалары бар чиновниктер, аларды, айталы, кендерди иштеткенге инвестиция катарында салышпайт? Бирок, бул суроонун жообу да ошол эле чиновниктердин өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө жатат.

Анткени, алар чет элдик таза инвесторлордун келип, биздин кен байлыктарды мыйзамдуу иштетип, өздөрүнө да, өлкөгө да пайда алып келүүсүн камсыз кылууга, тактап айтканда, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин мыйзамдуу жана өлкө кызыкчылыгында аткарууга кызыкдар эмес. Андан көрө, “эртеңки куйруктан – бүгүнкү өпкө” принцибинде кенди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз сатуу менен жеңил жана оңой пайданы өз чөнтөгүнө салууга тап болушат эмеспи!

Бирок, Зилалиевге окшогондордун мисалы көрсөткөндөй, оңой олжо деле “оңой” эмес, анын да сурагы болуп калышы мүмкүн…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *