Таштанды: Чолпон-Атадагы кара көлөкө
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”
Кыргыз жеринин бермети аталган Ысык-Көлдүн боюнда, Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылдарынын ортосунда көз жоосун алгандай салынган ат майдан бар. Анын жанында “Газпром-Кыргызстан” ишканасы курган спорт комплекси өзүнчө керемет. Чолпон-Атадагы бул ат майдан көчмөндөрдүн 1-2-дүйнөлүк оюндарында дүйнөгө даңаза болду. Жер шарынын ондогон мамлекеттеринен меймандар келип, көчмөндөрдүн кечээги оюндары гана эмес, бүгүнкүсү да ажайып экенине күбө болуп, суктанып кетти.
Минтип сырттан келгендердин элибиздин меймандостугунан, жергебиздин кооздугунан, элибиздин ынтымагынан, өнүгүп-өсүп жатканынан кабардар болгону жакшы көрүнүш. Бирок, ошол бардык көөнөргүс баалуулуктарга, изги демилге, илгери иштерге көлөкөсүн түшүргөн нерселер бар экенин сырттан келгендерге айтпасак да, өзүбүз билип, ал көйгөйлөрдү так кесе чечкенге аракет кылышыбыз керек. Бул күн тартибинде турган маселе.
Кыргызда: “жакшы деген бир ат бар, кууса жеткис, жаман деген бир ат бар жууса кеткис” деген кеп бар. Анысы кандай, көйгөйлөрдү көз жумуп, көрмөксөнгө салсак, анда “жууса кеткис” окуяга калганыбыз ошол. Дегенибиз, мына ошол бүтүндөй дүйнөгө даңаза болгон Чолпон-Атадагы ат майдан жана спорт комплексинен бир чакырымдай аралыкта, шаарга улай, төш таяп түшкөн жаңы конуштардын үстүндөгү коктуда таштанды полигону жатат.
Ысык-Көлгө “Бирге жаркыра!” эл аралык фестивалына барган журналисттердин тобу жергиликтүү элдин чакыруусу менен, Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги туристтик аймактан анча алыс эмес жердеги таштандыларды көрүп “шок” – эс-мас абалында калдык. Таштанды жайдын сасыгын айтпа, адам чыдап тура алгыс. Жаңы конуштун тургундары: “Силер да жай аяктап калганда келип калдыңар, жайдын саратанында, бул сасык жыт туман сыяктуу жаңы конушту каптап калат. Дем алууга мүмкүн эмес. А түгүл ат майдан, спорт комплекси жайгашкан жактарга шашпай жетет. Мына ушул таштандылардын жытынан улам, балдар да аллергия, астма менен ооруй баштады. А мына ушул таштанды жайдан алыс эмес жерге мектеп курулганы жатат…” деп көздөрүнөн жаш кылгырса, жанына чыдап тура албайсың.
Айтымда бул таштанды жайы мындан бир нече жыл мурда пайда болгон. Жергиликтүүлөр качан, кайсыл шаар башчысынын тушунда таштанды жайы ачылганын так билишпейт экен, эстеринен чыгып кетсе керек. Айтор, кайсы жетекчининин тушунда, кайсы жылы ачылбасын, ал шаар башчысы бул таштанды жайын ачууга уруксат берип жатып, кайсы жери менен ойлонгонуна таң каласың. Калктуу конуштан болгону 300-400 метр алыс аралыкка, болгондо да коктунун оозуна таштанды жайын ачууга болбостугу жетекчи эмес адамга деле көрүнүп турат. Эл камын, улуттун сак-саламаттыгын ойлогон жетекчи эч качан мындай кадамга бармак эмес. Өйдөдөн ылдыйга, тоонун башынан соккон шамал кокту ылдый куюлуп түшөт. Демек, коктунун оозундагы таштандыдан чыккан жыт-жыбыр кокту оозундагы жашагандарга шашпай тарайт. Чолпон-Ата шаарынын бир кездеги жетекчилиги бул тууралуу таптакыр ойлогон эмес. Болуптур, шаардын бир кездеги жетекчилиги ойлобоптур дейли, азыркылары деле эл көйгөйүн ойлоп, таштанды жайды башка жакка көчүрүү камылгасын көрсө, же дагы бир акылга сыярлык иштерди жасаса болмок го. Чындыгында, бул көйгөй жергиликтүү элдин гана маселеси эмес, курорттук-туристтик аймак катары дүйнөгө таанылып келаткан бүтүндөй Ысык-Көлдүн аброюнун, кадыр-баркынын маселеси.
Ысык-Көл облусу боюнча таштанды жайларынын саны – 176. Эгер ошол таштанды жайлардагы абал Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылынын ортосундагы коктудагы таштанды жайындай болсо, анда дагы бир он жылда Ысык-Көл өрөөнү курорттук-туристтик аймак атагынан айрылып калат. Эгер таштандылар ушул темп менен өсө берсе, анда ажайып көлүбүздөн деле айрылып калышыбыз толук ыктымал.
Баарыбыз Көлдү жакшы көрөбүз. Эс алгыбыз келет. Өзүбүз эс алгандан сырткары Ысык-Көлгө сырттан келген эс алуучулардын саны көбөйсө, өлкөнүн бюджетине акча түшөт эле деген ой ар бирибиздин көңүлүбүздө турат. Жергиликтүү эл да сезон учурунда жакшы акча таап алып жатат. Баарыбыздын көңүлдө акча турат. Арийне, сезон учурунда Көлгө 2-3 миллион эс алуучу келип-кеткенден кийин канча тонна таштанды артында калат ошону ойлойбузбу? Албетте, жок. Эгер, күн сайын эле, 1 эс алуучунун артында 1 кило таштанды калса, 2-3 миллион кишинин артында калган таштанды канча болот? Бир сезондо чогулган таштанды канча болот эсептей бергиле.
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, акыркы 28 жылда Көл жээгине заманбап эс алуу жайлары салынып, сырттан келген, өлкө аймагынан барган эс алуучулар үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатат. Анын баары жакшы. Бирок, бүгүн эс алуучулардан калган таштандыларды кайда алпарабыз, Көл жээгин таштандылардан кантип тазалайбыз, таштандыларды кайда алпарабыз деген чоң көйгөй турат.
Албетте, бул өкмөттүн деңгээлинде чечилчү маселе экенинде, Көл өрөөнүнө таштандыларды кайра иштетүүчү комбинат куруу зарылдыгында талаш жок. Бул эми убакыттын маселеси. Арийне, жергиликтүү бийлик качан да болсо, өкмөттү карап отура бербей, таштанды маселесин эртең эмес, бүгүн чечүүсү шарт эмеспи. Чолпон-Ата шаарынын күн чыгышындагы таштанды жай ачылганда кандай болсо, азыр деле ошондой абалда экени өтө өкүнүчтүү. Ушундан улам, шаарда бийлик барбы, бар болсо алар кайда карап жатат деген суроо жаралат. Таштандынын бир-эки жерине сетка тартылганы, анда-санда трактор менен таштандыны тебелетип койгону болбосо, башка иш байкалбайт.
Кыргызстанды туристтик өлкө, ЫсыкКөлдү туристтик аймак кылабыз десек, анда атка минерлердин атка минтип кыйшак минбей, таштанды маселесине өтө олуттуу мамиле жасашы абзел болчу. Таштанды маселеси бүгүн Кыргызстандын же Ысык-Көлдүн чегиндеги көйгөй маселе эмес, таштанды бүт дүйнөлүк көйгөйгө айланган. Дүйнөлүк басма сөз каражаттары океандар таштандыларды ыргытуучу жайга айланып, булганып баратканын, анын айынан океанда жашаган жаныбарлар, балыктар тукум курут болуу алдында калганын айтып коңгуроо кагып жатышат.
Демек, бул маселеге олуттуу мамиле керек. Албетте, Чолпон-Ата менен Бостеридеги таштанды жайды эл жашаган аймактан алысыраак жакка көчүрүп, мурдагысын санитардык-гигиеналык тазалоодон өткөрүп, топурак менен көөмп салса болот. Бирок, бул маселени убактылуу чечүү гана. Маселени биротоло чечүү үчүн Көл өрөөнүнө таштандыны кайра иштетүүчү комбинат куруу керек. Антпесе, улам таштанды толгон жайды жаап, улам кийинкисин ача берсе, анда керемет жерибиз таштанды жайга айланып кетет.
Комбинат демекчи, жергиликтүү элдин айтымында, «Кумтөр» таштанды үчүн миллиондогон каражат бөлөт экен. Таштандыны кайра иштетүүчү комбинатты ошонун эсебинен же чет элдик гранттын эсебинен курууга эмнеге болбосун?