“Кыргыз Туусуна” – 95 жыл: Бардыгынын бир кезде сааты чыгат

“Кыргыз Туусу” гезитинин 95 жылдыгына карата бир кезде ушул гезиттен өсүп-өнүп, чыгармачылыгы чырактай жанып чыккан журналисттерибиз өздөрүнүн эскерүүлөрүн, каалоо-тилектерин айтып келип жатышат. Алардын бири гезитибизде узак жылдар бою иштеген Догдурбек Юсупов агайыбыз. Айта кетүүчү нерсе мезгилдин өтүшү менен мунун баары тарыхка айланат. Ал эми бай түп теректей бой керген “Кыргыз Туусунун” тарыхы ого эле узун. Анын тамырына ушул Догдурбек агайыбыздай таланттарыбыз, эл арасындагы кабарчыларыбыз, жүз-миңдеген окурмандарыбыз өз салымдарын кошуп келишет…Кошо да беришмекчи. Анда эскерүүгө көңүл буралы.

Колду жүрөк тушуна коюп чынын айтканда “Кыргыз Туусунда” иштеп калам деген ой түшүмө да кирбегендиги ырас. Пржевальск педагогикалык институтун аяктагандан кийин адегенде өзүм он жылдыкты бүтүргөн орто мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, капыстан журналистикага өтүп калдым. Узак жылдар бою райондук, облустук гезиттерде иштедим. Журналистикага кандай капысынан келсем, “Кыргыз Туусуна” да капысынан келип калдым. Басылманын ошол кездеги жетекчиси А.Матисаков алып келди. Адегенде экономикалык баяндамачы кылып алды. Төрт айга жетпей эле анын сунушу менен башкы редактордун орун басары болуп иштеп калдым.

“Кыргыз Туусуна” барганыма эч өкүнбөйм. Өмүрүмдүн он жети жылы ушул кут уялаган ыйык жайда өттү. Өткөн кылымдын этегинде, токсон сегизинчи жылдын өктөбүрүнөн бешинен баштап иштей баштагам. Ушул ыйык кут уялаган жайда кыргыз элинин тунгуч гезитинин ысыгына күйүп, суугуна тоңгон, өз кесибин жанындай сүйгөн кесипкөй журналисттер менен ийиндешип иштегениме сыймыктанам.

Бул эскермени жазуума гезиттин учурдагы кабарчыларынын бири Темирбек Алымбеков себеп болду. Жолугушуулардын биринде басылманын ардагери катары мааракеге карата ой-пикиримди орто салууну сунуштады. Ошондо өткөн өмүр көз алдыга тартылды.

Адеп он саптан турган маалымдамам “Советтик Кыргызстанга” 1967-жылы 8-класста окуп жүргөндө жарык көргөнү күнү бүгүнкүдөй эсимде. Окуучулук, студенттик кездеримде, мугалим болуп айылдык мектепте жана райондук гезитте иштеп жүргөнүмдө бул басылма менен байланышымды үзбөй, тагдырга айла жок экен, кийин өмүрдүн өтөлгөлүү өрүшүндө он жети жыл бою бел чечпей салттуу-нарктуу басылманын арабасын тартышып келдим.

“Эркин-Тоо – “Кыргыз Туусу” элүүгө толгон жылы, жогорудагы куттук кагазды алган жылы мен Пржевальск (азыркы Каракол) педагогикалык институтунда 4-курста окуп жаткам. Мектепте окуп жүргөндөн баштап өзүбүздүн Жайыл райондук “Эмгек даңкы” гезитине, “Кыргызстан пионерине” кат-кабарларды жаза коюп жүрүп, студенттик кезде аны улантып, облустук, республикалык басылмаларга жибере баштагам. Өзгөчө “Советтик Кыргызстанга” макалаларым жарык көрүп калса, кубанычым өзгөчө болоор эле. Себеби бул гезит басма сөздүн “көзүрү” болчу да. Гезит менен байланышымды өмүр бою үзгөнүм жок.

“Ар нерсенин өз учуру келет” деп айтылат элдик накыл кепте. Эгерде “Кыргыз Туусу” 95 жашка толбогондо кырк беш жылдан бери таберик катары сактап жүргөн куттук кагаз тууралуу сөздүн болушу деле күмөн болмок. Эми көпөлөктүн канатындай болгон куттук кагаз тууралуу кийинки муундар үчүн “Кыргыз Туусунун” дагы бир мааракелеринде эскермей бар. Аманчылык болсо анын да өз учуру келээр…

“Советтик Кыргызстандын” окурмандар менен тыгыз иш алып баруу боюнча алгылыктуу аракетине өлкөбүздүн бардык райондорунда кабарчылар постторун ачкандыгын баса белгилеп кетер элем. Адегенде кабарчылар постунун жетекчиси редакциялык коллегияда бекитилип, ал өз районунда айылдык кабарчыларды ишке тартып, кабарчылар постунун курамын түзгөн.

Мындай жагымдуу окуя менин башыман да өтүп, өзүм жашап, иштеген Панфилов району боюнча кабарчылар постунун жетекчиси болуп дайындалгам. Учурунда абройлуу басылмага кат-кабарлардын келиши жана кабарлардын гезит бетинен жарык көрүүсү боюнча Панфилов району редакциянын жетекчилиги тарабынан белгиленгендиги алигиче эсимде. Ошо кезде учурдун талабына ылайык, гезит республикабыздын туш тарабындагы калктын суроо талаптарын канааттандыруунун аракетинде болуп, айылдык кабарчылар менен максатка үндөш иш алып баргандыгы айгине. Калктын каттарына астейдил мамиле жасап, бир да кат жоопсуз калган эмес. Ошондуктан басылманын каттар бөлүмүнө бекер жеринен чоң милдеттер тагылбаган чыгаар.

Гезиттин чыгышына айылдык кабарчылардын кошкон үзүрлүү үлүштөрү көп болгон. Алар “Түркүн кабарлар” деген рубрикага майда маалыматтардан репортаждарды, маанилүү маектерди жазышкан. Сүлүктүдөн Ф.Усаров, Оштон Ж.Келешбаев, Э.Осмонов, А.Гиязов, Жалал-Абаддан А.Сооронбаев, А.Калбаев, С.Садыков, Кочкордон О.Усубалиев, А.Жумагулов, ЫсыкКөлдүн М.Сарыбаев, К.Чамаев, И.Жунушев, А.Бейшенбаев, К.Асаналиев, Кара-Балтадан Ы.Чудиев, Кенес-Анархайдан Ж.Раманкулов, Сокулуктан С.Султаналиев, Москва районунан М.Мусакеев, К.Абалбеков, Кеминден Ж.Кубанычев күн алыс өз чөлкөмдөрүндө болуп өткөн жаңылыктарды “ысык” кезинде жазып турушкан. Алар партиялык турмуш, экономика, курулуш, көркөм өнөр, мектеп темаларына кайрылышып, учурдун урунттуу маселелерин көтөрүп чыгышкандыгы менен айырмаланышкан.

Догдурбек ЮСУПОВ, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторунун Ардактуу орун басары, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери