Элге да, экологияга да пайда

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


«Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо» программасы (KyrSEFF) 2013-жылдан бери энергияны жана ресурстарды үнөмдүү колдонууга багытталган ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Аталган программа тууралуу KyrSEFF программасынын каржы бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Аскарбеков айтып берди.

KyrSEFF – элибиз үйүн сапаттуу жылуулатып алып, көмүрүн, электр энергиясын үнөмдөсүн, кыштан үшүбөй, жайдан ысыбай чыксын деп, асыл максатты көздөгөн программа. Евросоюз Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) аркылуу ушул максатка 55 млн. доллар инвестиция бөлгөн. Алты жылдан бери анын 40,3 млн. доллардан ашыгы өздөштүрүлүп бүттү. Программанын алгачкы этабында турак-жайды жылуулатууга жана бизнестин кубаттуулугун арттырууга каражат каралган болсо, экинчи этабында KyrSEFF + программасы кошулуп, башка жаратылыш байлыктарын үнөмдөө ыкмаларын (мисалы сууну үнөмдөп, тамчылатып сугарууну) дагы каржылап жатат.

Жалпысынан 2000ден ашуун энергияны жана сууну үнөмдүү пайдалануучу долбоор каржыланды. Анын 1852 долбоору турак-жайды жылуулатууга, 150дөн ашыгы ишкерлердин бизнес долбоорлорун каржылоого берилди. Совет жылдары курулган көп кабаттуу эски үйлөр борбордук жылытуу системасына туташтырылганы менен алар жылуулукту үнөмдөөнү эске алып салынган эмес. Ушундай көп кабаттуу үйлөргө насыянын 35 пайызы грант түрүндө берилет. Үйдүн ички жылуулугун үнөмдөө менен сырткы дубалы да жаңырып көрктүү болуп, ал үйдөгү батирлердин баасы да жогорулайт, –дейт Бакыт Аскарбеков.

– KyrSEFFтин колдоосуна кандай багыттагы бизнес долбоорлор сунушталып жатат?

– Экономиканын дээрлик бардык тармактары боюнча республиканын аймактарынан долбоорлор сунуштар келип жатат. Ишке ашырылган 150дөн ашык бизнес долбоорго буурчакты кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо, канаттуулар фабрикасын реконструкциялоо, басмакананын жабдуусун жаңыртуу, мейманкананын саркынды сууларын тазалоо, көп кабаттуу батирлерге күн коллекторун орнотуу, балдар мекемелерин жылуулатуу, тамчылатып сугаруу агрегаттары үчүн насос, шлангдарды орнотуу ж.б. багыттагы долбоорлорду каржыладык. Ушунун баары мамлекеттин жашыл экономика программасын турмушка ашырууга зор салым кошуп жатканында шек жок. Азыркы учурда ЕРӨБ тарабынан каржылана турган 15 млн. доллардын көлөмүндө насыялык ресурсубуз бар. Грант кардарга насыянын көлөмүнө жараша бөлүнүп берилет. Мисалы, бизнес долбоорго алган насыялык сумманын 15 пайызга чейинин грант катары кайтарып беребиз.

– KyrSEFFтин адистери “Үшүбө Кыргызстан!” деген социалдык долбоор аркылуу маалыматтык иштерди аткарып жүрүштү эле. Андан кандай жыйынтык чыгып жатат?

– KyrSEFF менен кызматташкан Оптима банк, Компаньон банк, Демир банк, Бай түшүм банк, KICB, Биринчи микрокредиттик компаниянын жер-жерлерде бөлүмдөрү бар. Биз жогорудагы өнөктөш банктардын адистерине программанын максаты боюнча окууларды өткөргөнбүз. Алар насыянын гранттык колдоо тартиби тууралуу элге түшүндүрмө берип жатышат. Андан тышкары, биздин кызматкерлер алты жылдан бери республика аймактарын кыдырып, маалымат жеткирүү иштерин тынымсыз жүргүзүшүүдө. Ал эми массалык маалымат каражаттары менен биргеликте такай иш алып барып, 2014-жылы жана 2018-жылы республикалык деңгээлде эки жолу журналисттер арасында чоң конкурс өткөрүлдү. Өзүбүз “Үшүбө Кыргызстан!” деген социалдык долбоордун алкагында кыштан жылуу чыгуунун натыйжалуу жолун 450 айыл аймактарын кыдырып айтып бердик.

– Кыш күндөрү Бишкекти кара түтүн каптап, уулуу газдар нормадан ашып кеткенин депутаттардан баштап, коомдук активисттерге чейин көтөргөн учурлар көп. Ушул көйгөйдү четтетүүдө программанын салымы тууралуу айта кетсеңиз.

– Сиз айткандай кыш күндөрү абанын булганышы чоң талкууга түшүп, ал эми кыш бүтөрү менен ал көйгөй унутта калып келүүдө. Бишкекти 50дөн ашык жаңы конуштар курчап турат. Кышында алардан чыккан көмүрдүн түтүнү, автоунаалардын зыяндуу газдары абаны абдан булгап жатат. Тилекке жараша, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы конуштарды газдаштырууну улантууда. Анын үстүнө жаңы технологиядагы заманбап мештер сатылууда. Газ үчүн ошол мештерди колдонуу менен уулуу заттардын абага тарашынан арылууга болот. Биздин консультанттардын эсеби боюнча ушул долбоордун алкагында жылына 154 706 мегаватт саат энергияны үнөмдөп жатабыз.

– Бирок, айрым жарандар мешти тандап алууда жаңылыштык кетирип жатышкан жокпу?

– Туура айтасыз, жаңылыштык кетирип жатышат. Биздин консультанттарыбыз үйдү жылуулатуу үчүн келген жеке жактарга да, бизнес чөйрөсүнө да долбоорду сапаттуу аткаруу максатында акысыз консультацияларды беришет. Бир эле меш свет менен да, газ менен да жана отун менен да иштей турган үч функцияны аткара албайт. Анткени, ал бирөөсүнө абдан жакшы иштесе экөөсүнө начар иштеп, жакшы тартпайт. Ошондуктан меш жасап саткандар атайын кесиптик окуу жайлардан окуп, билимин жогорулатып алуулары керек.