Жаңы конуштарда ынтымак, ишенимдүүлүк түбөлүк орносун

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”


“Роза Отунбаева демилгеси” Эл аралык фондусу жана ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУнун Калк фондусу уюмдарынын колдоосу менен биргеликте жаңы турак жай конуштардын социалдык маселелерин чечүүдө көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келе жатышат.

“Ынтымактуу конуштар” долбоору иштеп баштагандан бери Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата, Бакай-Ата, Жеңиш, КалысОрдо, Көлмө, Мурас-Ордо, Рухий-Мурас, ЭнеСай турак-жай конуштарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна медициналык жабдуулар жана оргтехникалар өткөрүлүп берилген. Атай кетсек компьютер, медициналык жабдыктар жана медициналык муздаткычтар, электрондук тараза, электрокардиограф, небулайзер, ультра нурдуу дарт аныктоочу жабдыктар ж.б тапшырылган.

Долбоордун негизги багыттарынын бири, турак-жай конуштарынын туруктуу өнүгүшү жана гүлдөп-өсүшү үчүн социалдык оорчулукту төмөндөтүү, тынчтык, ынтымак жана биримдик идеяларын алга илгерилетүү максатында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун зарыл болгон жабдуулар менен камсыз кылуу, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат. Ошондой эле бул калктын ден соолугун жакшыртуу үчүн, пилоттук турак-жай конуштарында сергек жашоо ыңгайын, социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү боюнча коомдук ден соолук комитеттеринин ишин колдоого көмөктөшөт. Ушул багыттар боюнча 10 пилоттук конуш тандалып алынган.

Аталган долбоордун алкагында БакайАта конушунда “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” долбооруна пилоттук болуп кирген 10 жаңы конуштун тургундары катышкан “Ынтымактуу кошуналар – ынтымактуу конуштар!” аттуу ден соолук жана биримдик фестивалы дагы өткөрүлдү. Фестивалдын алкагында аталган конуштун жаштарынын демилгеси менен воркаут спорттук аянтчасы менен көчмө сахна салтанаттуу ачылды. Спорттук аянтчада балдар ар кандай спорттук көнүгүүлөрдү көрсөтүштү. Майрамдык иш-чарага 10 конуштун жашоочулары, жаш лидерлер, коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, Бишкек шаарынын мериясынын өкүлдөрү жана чакырылган коноктор катышты.

Фестивалдын жүрүшүндө конуштардан куралган беш команданын ортосунда воркаут турнири өткөрүлүп, жеңүүчүлөр медалдар, дипломдор жана он миң сомдон акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан башка 5 конушта дагы воркаут спорттук аянтчалары орнотулган. Ошондой эле ар бир конуштан келген активдүү жаштар тарабынан ынтымак, биримдик тынчтык темасындагы театрлаштырылган номерлер коюлуп, чакан концерттик программа тартууланды. Ошону менен бирге тандалган пилоттук конуштардагы бир жылдан берки ишке ашырылып жаткан “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун жыйынтыгы да чыгарылып, долбоорго активдүү катышкан жалпы жашоочуларга, жаштарга ыраазычылыктар айтылды.

Фестивалдын жүрүшүндө БУУнун Калк фондунун Кыргызстандагы өкүлү Медер Өмүрзаков буларга токтолду. “Бүгүн биз Бакай-Ата конушуна воркаут аянтчасын ачып берип жатабыз. Бул жаштардын демилгеси менен тургузулду. Бул аянтча жаштар үчүн абдан керек. Жаштар келип машыгып ден соолуктарын чыңдап, келечекте дени сак жарандар болушуна биз колдоолорду көрсөтө беришибиз керек. Бүгүнкү фестивалдын негизиндеги иш-чараны колдогон Бишкек шаарынын мэриясына, өнөктөштөргө, Р. Отунбаеванын демилгеси Эл аралык фондуна ыраазычылык билдирем. Негизги максатыбыз Кыргызстанда тынччылыкты орнотуу, ынтымакты өнүктүрүүгө салым кошуу болуп саналат. Бул долбоор 2018-жылдан бери ишке ашып келатат. Буюрса долбоор дагы улантылат деп ишенем”.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева: “Бир жылдан ашык биз менен бирге иштеп, демилгелерди колдоп, ушул ишке ишенгениңер үчүн биз ыраазычылык билдиребиз. Баарыбыз бир эле максаттын ичинде иштедик. Мындан ары дагы кыргыз элибизде, жаңы конуштарда ынтымак, ишенимдүүлүк түбөлүк орносун. Баарыбыздын демилгебизди, долбоорлорду колдоого алган БУУнун Калк фондуна өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Долбоордун ар кандай багыттарында жашоочулар менен биргеликте талдоо, тандоо окууларды үзгүлтүксүз өткөрдүк. Мамлекеттик кызмат органдарына болгон элдин ишенимин сактап калууга жана өзү жашаган аймактарда тынчтыкты сактап калууга умтулуу менен пайдалуу иштерди жасай алдык деп ишенем. Тынчтыкка сөз жетпей калган жерлерде ыр менен, күлкү менен жеткиргенге аракет кылдык. Сиздерге кайрылаарым эң биринчи өзгөрүүнү өзүбүздөн баштайлы. Ден соолукта спорт менен атаандашканды үйрөнөлү. Коңшулар менен ынтымакты бекемдей берели. Ушундай эле колдоого муктаж болуп турган дагы 50гө жакын конуштар бар. Алар дагы ушундай жакшы долбоордон четте калбайт деп ишенем. Мына бүгүн БакайАта конушуна көчмө сахнаны дагы орнотуп бердик. Мындан сырткары воркаут аянтчасы орнотулду, буларды сактап каласыңарбы, сындырасыңарбы, мындан ары булар силерге аманат”.

Фонддун бир жылдан ашык “Ынтымактуу конуштар” долбоорун ишке ашырууда элдин ишеничине ээ бололу деп, күнү-түнү талыкпай иштеп келе жаткан фонддун командасы бар. Алар Роза Отунбаева башында турган, мыкты долбоорчулар Чынара Абдраимакунова, Сагыйпа Жусаева, Сагынтай уулу Арстанбек, Нурия Кийизбаевага жаңы конуштун жашоочулары тарабынан ыраазычылыктар, алкоолор айтылды. Фонддун жалпы аткарылып жаткан долбоорлоруна ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУнун Калк фонду жана башка донорлук уюмдар каржылык колдоо көрсөтүшүүдө.