Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Бишкек Фрунзе боло алабы?

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Өз алдынча мамлекет болгондон бери Бишкекте биринчи жолу ири парк түптөлдү. 30-августта Президент Сооронбай Жээнбеков 10 гектар аянтта түптөлгөн парктын ачылышына катышты жана аны “Ынтымак” деп атоону сунуштады.

Анда дээрлик 200 автомобиль коюучу жай бар, 245 фонардан турган заманбап жарыктандыруу коюлган, эки стационардык даараткана, топиарий, балдар лабиринти, заманбап воркаутаянтча, коопсуз жабуусу менен эки балдар аянтчасы, чуркоочу жана велосипед тебүүчү жолчолор салынып, 150дөй отургуч коюлуп, жомоктор менен мультфильмдердин кейипкерлери тургузулган. 82 млн. сом турган бул паркка дагы 1800 бак отургузулмакчы. Бир сөз менен айтканда, заманбап парк болуп калмакчы.

Мамлекет башчы Бишкекке мурдагы “жашыл шаар” статусуна кайрадан ээ болушу үчүн аракеттер көрүлөрүн да айтты. “Түштүк магистралда 30 га. бош жер бар, ал жерге спорттук комплекс курулуп, футбол жана хоккей талаалары, ошондой эле шаардыктардын ден соолугун чыңдоочу жана көңүл ачуучу башка нерселер да болмокчу», — деди ал.

Мамлекет башчы айткандай, бул багытта иштер улана берсе, Бишкек кайрадан илгерки жашыл шаар Фрунзедей болуп калышы ажеп эмес.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *