Жыланды адам кылган “Үч мээрим”

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Кыргыз Эл жазуучусу, маркум Асанбек Стамов агай балпая басып, гезитибизге келип калчу. Айрыкча, жаңыдан колго калем кармаган жаш калемгерлер үчүн мындай улуу адамдардын карааны алыстан калдайып, опол тоодой көрүнөр эле. “Эмне деп сын айтып жиберер экен…” – деп жалтактай учурашчубуз. Улуу адамдардын кыраакылыгы ушунда – алик алып эле, унчукпай кетип калбай атайын токтоп: “Сен ким элең?” – деп, аты-жөнүңдү дааналап угуп, атайын убактысын бөлө акыл-кеңешин айтып, анан арылап узап кете бергенине канча ирет күбө болдум.

А.Стамов адабиятка “чү” дегенде эле повесть жазуу менен келгендей сезилет. Анткени, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуп жүргөндө анын “Ата” аттуу повести “АлаТоо” журналына жарыяланыптыр. Андан кийин бат эле “Таанышуу” аттуу биринчи китеби жарык көргөн.

Дээрлик чыгармаларында башынан эле жазуучу жаш муундардын образына көбүрөөк басым жасап, алардын жан дүйнөсүндөгү руханий жана психологиялык процесстерди ар тараптуу камтууга ынтызарланганы, алардын көз карашынын, түйшүктөрүнүн, ишенимдеринин, элестөөлөрүнүн диалектикасын көрсөтүүгө аракеттенгендей.

Мисалы, “Ата” повестинин башкы каарманы Мардын балалык туюмун, кыял-жоругун, айлана-чөйрөсүнө карата мамилесин карап көрөлү. Баланын психологиясы, анын өзүн курчап турган көрүнүштөргө, кубулуштарга болгон катышы, биримдиги бир топ деңгээлде көркөм чагылдырылган.

Жазуучу “Кеч күздө” (1969) аттуу повестинде адамдык сапат, касиеттердин ичинен анын мазмунун, инсандык дүйнөсүн аныктай турган белгилерин өз мүмкүнчүлүгүнө, жөндөмүнө жана чеберчилигине жараша ачып берүүгө аракеттенет. Ошол эң башкы белги коомго, турмушка, жеке өзүнө кылган мамилесинен көрүнөт. Повесттин башкы каарманы Акылбек жүрүш-турушу, түшүнүк-сезими, ойлоо мүмкүнчүлүктөрү жагынан өзүнө окшогон замандаштарынын жалпылаштырылып түзүлгөн тиби. Анын ички жан дүйнөсүндөгү татаал жана сырдуу процесстин өзүнчө көркөм изилдөөгө алынышы автордун замандаш көркөм талабына ылайык изденгич табиятын күбөлөйт.

Ал эми “Жаңы тууган” (1973) повестинде курч социалдык конфликт, сюжеттик ашкере бурулуштар окуялардын ойкукайкылыгы деле жок. Автор барынан мурда өз каармандарынын кулк-мүнөзүндөгү, психологиясындагы процесске басым коёт. Чыгарма – максатына жетпей калган адам тагдырын, өлүм, өксүткөн сүйүү баянын чагылдырат. Повесттин сюжети жөнөкөй, ары реалдуу окуялардан турат. Каармандардын образы, психологиясы жактан табигый өнүгүшкө ээ. Жазуучунун “Чүй баяны” (1975) жана “Нөшөрдөн кийин” (1977) деген повесттерин өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Ырасын айтканда, бул чыгармалар мурдагы “Кеч күздө” (1969) повестин идеялык-тематикалык, стилдик, көркөм-эстетикалык жана жанрдык жагынан болсун аны табигый түрдө улаган, толуктаган көркөм тажрыйбаларга кирет. Автор бул жаңы повесттеринде жаш адамдын жетилүүсүн, жүрөк сырларын ачуу, көркөм сүрөттөө жагынан дагы алга илгерилегенин ачык баяндайбыз. «Жоголгон бала же чоңдорго арналган насыят” (1978), “Келгин куштар”, “Жол боюндагы жалгыз там” (1983) аттуу повесттерин окурмандын түшүнүгүн дагы бир тепкичке көтөрөт, тереңдетет.

90-жылдардын башында жазуучунун көркөм өнөрканасынын багыты башка нукка бурулуп, изилдөө диапазону кеңигендигине анын “Жортуул” аттуу романы күбө. Эгерде ал буга чейинки жараткан повесттеринин басымдуусунда чыгармачыл интеллигенциянын турмушун иликтөөгө, образ менен мүнөздөрүн түзүүгө өз ышкысын жумшап келген болсо, ал эми соңку чыгармачылыгында тарыхый темага, философиялык жана диний мурастарды кайрадан иштеп чыгууга көңүл бурат. Буга “Жортуул” романынын курамын түзгөн “Каргабай каракчы”, “Сарытай мырза”, “Жусуп адилет” жана “Үч мээрим” аттуу повесттери мисал.

Жыланды адам кылган “Үч мээрим”: 1 комментарий

  • Сентябрь 9, 2019 в 11:35 дп
    Permalink

    Асанбек Стамов агайдын «Чүй баяны»,»Нөшөрдөн кийин», «Жол боюнда жалгыз там», «Кеч күздө, «Жортуул» аттуу чыгармалары билген адамга колдон түшүрбөй, каалаган маалда кайра-кайра окуй бергенге татыган сонун китептер
    Ырысбай Абдыраимов

Комментарии запрещены.