Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: «Манастын» баркын кетиргендер

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдогу олуттуу айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Учурда Алмазбек Атамбаевдин тушунда жасаган кылмыштары үчүн иш козголуп, тергелип жана соттолуп жаткандардын арасында “Манас” орденинин ээлери да бар.

Атап айтсак, Сапар Исаков менен Фарид Ниязов II даражадагы, Икрамжан Илмиянов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланышкан. Бул фактынын өзү өткөн бийлик убагында айрымдар сиңирген эмгеги үчүн эмес, мурдагы Президентке жеке берилгендиги жана жакын болгондугу үчүн эле сыйлык алышканын айгинелеп турат.

II даражадагы “Манас” орденин алгандардын дагы бири Аида Салянова бир кылмыш иши боюнча соттолуп, азыр кримавторитет Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча шектелип жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *