«Манас, маданият жана туризм» фестивалы өтүп жатат

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Манас, маданият жана туризм» аталышындагы фестиваль өтүп жатат.

Иш-чара «Ыйман, адеп жана маданият жылынын» алкагында уюштурулуп, быйыл 4-ирет өтүүдө. Ага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана облустук, райондук администрациянын өкүлдөрү катышып жатышат.

Фестиваль алкагында Баетов айылындагы А.Карасартов атындагы сейил бакта бир канча боз үйлөр тигилген. Ошондой эле, тамак-аш, кийим-кече, кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөр ачылып, «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылууда.