Шабдандын Россия императору Александр III таажы кийүүсүнө барышы (Жаңы архивдик документтердин негизинде)

1881-1894-жылдары Россия империясынын башында турган император Александр III 1883-жылдын 15-28-майында Москва шаарында салтанаттуу расмий таажы кийүү аземинин расмий бөлүгүн өткөрүп, андан ары эң ызааттуу конокторун Санкт-Петербургга алпарып орус элинин маданиятынын жетишкендиктери менен тааныштырууну чечкен. Бул аземге дүйнөнүн ар тарабынан чакырылган коноктор, шахзаадалар, төрөлөр, герцогдор, орус дворянчылыгы, Россиянын бардык бийлик түзүмү менен орус-казак аскерлери, ошондой эле Кавказия жана Орто Азия хандыктарынын өкүлдөрү катышкан.

Кыргыз элинин атынан Жантай уулу Шабдан баатырдын (1839-1912-жж.) бул аземге катышканы – анын ошол мезгилдеги коомдогу ээлеген ордун, падыша бийлигине эң жогорку деңгээлде таанылганын ырастайт. Шабданды Жети-Суу областынын аскер губернатору генерал-майор Алексей Фриде сунуштап, аны 1882-1889–жж. Түркстан талаа генералгубернатору болгон генерал-лейтенант Герасим Колпаковский (1819—1896-жж.) “туура” деп кубаттаган жана өзү да ал салтанатка катышкан.

1883-жылдын 2-апрелинде Верный шаарында, Шабданга тапшырылган күбөлүктөн көрүнгөндөй, анын императордун таажы кийүү аземине Жети-Суу областынын жергиликтүү калкынын өкүлдүгүнө дайындалып, ага кызматчы катары берилген Тынай волостунун тургуну Изетбай Данаев менен Москвага жол жүрүшүндө эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек экендиги айтылган. Ошол күнү жолго чыгышкан жетисуулуктар Москвага 8-майда жетет.

Жаңы табылга

Бул жаңы табылган, архив дареги “ысымдар тизмеси” – уникалдуу жана маанилүү документ 7 бөлүктөн турат. Биз бул документтен өзүбүзгө тиешелүүлөрүн айталы. Документтин экинчи бөлүгүндө, Бухара эмирчилигинин өкүлчүлүгүн Музафар-Эддин эмирдин экинчи уулу Сеид-Абдул-Агат-хан (мындан кийин атасы өлгөндөн соң бийликке 26 жашында 1885-жылы келип 1910-жылга чейин болгон) башчылыгында жана анын иниси паже (төрө) Сеид Мир-Мансур беш жандоочуну котормочу Юнусов менен подполковник Путинцев коштоп келгени тууралуу маалымат бар.

Шабдан баатыр Бухара эмири Сеид-АбдулАгат-хан менен ошол азем учурунда жакындан таанышып, кийин Санкт-Петербургга чейин чогуу барып, жакшы мамиледе болууга жетишкендей. Дегенибиз, Шабдан баатыр өзүнүн Шааке деген аялын Меккеге жибергенде, жолдогу Бухара эмирине кымбат баалуу тонду белекке берип жибергени белгилүү. Айтмакчы, буларды коштоп жүргөн полковник Путинцев да Пишпек уездин 1913-1916-жылдары башкарып турган подполковник Григорий Федорович Путинцев менен кандайдыр бир байланышы бар сыяктанат.

Үчүнчү бөлүктө, Түркстандын башкаруучулары – депутаттары делет. 1. Ташкенттик сарт Мухуедин казы; 2. Самарканддык сарт Мир Салих-бай (Капас комитетинин мүдүрү); 3. Кокондук сарт Сарымсак казы; 4. Каракалпак Адил Аталык; 5 Туркмен Джумагелди; 6. Галча улугу (старшина) Тюра-Гассан; 7. Ферганадан кыпчак молдо Магдали; 8. Кыргыз (тагыраагы казак – Д.С.) жүз башы Султан Ахмед Кенесарин (Чымкент уездинин башчысынын кенже жардамчысы); 9. Кара кыргыз волост башчысы молдо Хасан; 10. Дунган улугу (старшина) Юсуф Ахун. Булардын коштоп жүрүүчүсү штабс капитан Калитин.

Тизмедеги “кара кыргыз волост башчысы молдо Хасан”- Талас жергесинен чыккан Түркстан губернаторлугунун Сыр-Дарья областынын Аулие-Ата уездинин Карабура волостунун 1877-1883 жж. волост башчысы (кыргыздардын кытай уруусунун, кыйра уругунан) молдо Асан Жангелди уулу. Ал Түркстан орус жетекчилери тарабынан орус бийлигине “өзгөчө эмгеги” үчүн 1878–жылы Россия императору Александр IIнин Станислав тасмасындагы “Аракети үчүн” (“За усердие”) деген кичи күмүш медалы менен сыйланган. Мындан кийин ал ушул сыйлыктын жогорураагы чоң күмүш медалына да татыган. Жазуучу Элүүбай Отунчиевдин маалыматында Молдо Асан Александр IIIүнүн таажы кийгизүү аземинде, султан Ахмет Кенесарин, Шабдан баатырлар менен бирге болуп, чынжырлуу күмүш саатка татыган. Журналист Эрмек Кошчу уулунун маалыматында молдо Асан императордон капитан деген ченин жана алтын ачкыч баалуу белектерди алган.

Төртүнчү бөлүктө, Жети-Суунун өкүлдөрү деп аталып ага төмөндөгүлөр көрсөтүлгөн: 1. Кыргыз манабы Шабдан Жантаев; 2. Дунган Машхун; 3. Таранчы (уйгур – Д.С.) Бушри Жалилев. Булардын жанында ысымы аталбаган котормочу бар делген, мунун дарегин биз 1883-жылы Москвага таажы кийүү аземине келгенде алар түшкөн сүрөттөн тактадык. Ал Россия империясынын жоокерлерге ыйгарылуучу Георгийдин крести орденине жана башка сыйлыктарга татыган Абдул Басит Юсупов болуп чыкты. Документтик маалыматтардан көрүнгөндөй, Шабдан баатыр Москвага келгенде 14-май 1883-жылы падышанын жарлыгы менен ага милициянын аскердик старшинасы (зауряд Войскового старшины) чени ыйгарылып, эполеттери (ийинге тагылуучу кооздолгон белгилер-погондор) менен аскердик кийим, кылыч тартууланган. Мындан тышкары алтын чынжырлуу алтын чөнтөк саат жана I даражадагы сый халаты да ыйгарылган. Булардын күбөлүктөрү кийинчерээк, 14–декабрь 1883-жылы берилген.

Документтик маалыматтар боюнча Шабдан ошол учурда эч кандай административдик кызматта турган эмес, бирок Пишпек уездинин башчысынын жардамчысы катары иштерди өз ыктыяры менен аткарган. Бул жагынан, жогоруда айтылгандай, Шабдандын сыйлыктары Чымкент уездинин уезд башчысынын кичи жардамчысы кызматында болгон жүзбашы (сотник, дагы бир маалыматта зауряд поручик – Д.С.) Ахмет Кенесарин менен бирдей сыйлыкка татышы да муну ырастайт. Бир жылдан соң, 4-май 1884-жылы Шабдан баатыр “Александр IIIүнүн ыйык таажы кийишинин эстелиги” деген коло медалы менен сыйланган.

Тизмедеги 2чи “дунган Машхун” –- бул Жети-Суу областынын Пишпек уезиндеги Александровка дунган волостунун көп жылдар бою башчысы болгон Мухарме Мацун. Мухарме Мацун 1882–жылы февраль-март айларында Синцяндагы Кулжа шаарынан алыс эмес жайгашкан Суйдун шаарынын дунгандарын Каркыра – Челек аркылуу кыргыз жергесинин Сокулук менен Ак-Суу айылдарынын ортосуна көчүрүп келген дунган жетекчилердин бири.

Тизмедеги 3-чүсү –Бушри Жалилев уйгур элинин чыгаан саясий ишмерлеринен болгон. Ал Кулжада 1867-1871–жж. уйгурлардын Цин империясынан боштондук көтөрүлүштүн натыйжасында пайда болгон эгемен Или султанатынын жетекчилеринин бири.

Императордун такка отуруу аземи

Император Александр IIIүнүн такка отуруу аземи Москвада 15-майда Ыйык Успенск чиркөөсүндө алтын таажыны кийүү менен башталган. Замбиректердин атылышы менен коңгуроолордун кагылышы жаңы императордун расмий түрдө бийликке келгендигин айгинеледи.

Башкы окуялар Москвадагы Кремлдин Чоң Сарайындагы Георгиев жана Андреев үлпөт залдарында өткөн. Адегенде, императорго бир нече чет элдик элчилер өздөрүнүн куттуктоолору менен өлкөлөрүнүн ишенич грамоталарын тапшырышкан. Чоң Георгий жана башка залдар чакырылган жогорку деңгээлдеги чиновниктер менен конокторго толду. Алардын колунда алтын жана күмүш табактарга нан менен туз салынган идишчелери бар эле. Жалпы топтон Азиядан келгендер өзгөчө кийимдери менен кызыгууну жаратты (Ушул учур белгилүү орус сүрөтчүсү Н.Н. Каразин тарабынан «Приём императором азиатских послов» – “Императордун азиялык элчилерди кабыл алышы” деген түстүү картинада ийкемдүү чагылдырылыптыр – Д.С.). Андан ары куттуктоо башталат. Андреев залындагы императордун тактысынын эки тарабында бийлик белгиси болгон кооздолгон таяктарды (жезл) кармап герольддор (үлпөт аземине катышуучу адамдар – Д. С.) турушту. Тактынын төмөн жагында турушкан, император генерал-адьютанттын мундиринде, ал эми император айым кооздолгон орус көйнөгүн кийип турушкан. Императордун оң тарабында анын жакын бир тууганы жана балдары менен бийик даражадагы айымдар жайгашкан.

Алгачкылардан болуп, дин коомчулугунан Синоддун өкүлү жана Москва Метрополити куттук айтышып иконаларын тартуу кылышкан. Мындан соң, чет өлкөлөрдүн элчилери кыска саламдашып, куттук айтуу менен чектелишкен. Андан ары орус дворяндарынан кийин, өз ирети менен кавказдык, текелик жана мервдик (түкмен – Д.С.) калмак, кыргыз (жана да казак – Д.С.) депутаттар биринин артынан бири куттук айтып келишти. Императорду куттуктоого жергиликтүү губерниялык өкүлчүлүктөр топ-топтору менен келип турушту. Аларды Россиянын тышкы иштер министри граф Толстой падышага тааныштырып турду. Волост улуктары (старшиналары) падышага белек катары көбүн эсе күмүш табактарга салынган нан менен чөйчөкчөгө салынган туз тартуулап жатышты…

Шабдан баш болгон Жети-Суулук өкүлчүлук императорго кандай белек алып баргандыгы жөнүндө документалдык маалыматтар азырынча биздин колго тие элек. Шабдандын уулу Кемелдин маалыматы боюнча, Шабдан императордун жанына барганда император Александр III баатырдын төшүндөгү VI даражадагы Георгий крести орденин көрүп: “Кайдан алдың?” – деп сураганда, “Коконду каратканда алгам”, – деп жооп берген экен. Ал эми буга күбө болгон Түркстан талаа генералгубернатору генерал-лейтенант Герасим Колпаковский Шабдан баатырды мындан кийин көпкө мактап жүрүптүр.

Майрамдоо өтө көп, кызыктуу иш чараларды камтыган. Алардын эң бир маанилүүлөрүнө токтоло кетели. 16-18-май аралыгында, үч күн – император менен император айым куттуктоолорду кабыл алышкан.

16-майда Москва шаардык ипподромунда ат чабыш мелдештери башталып, “Императордун ыйык таажы кийиши” кубогунун жеңүүчүсү аныкталып, аны князь Г.Хилковдун “Ахил” деген күлүгү ээлеген.

17-май күнү Москва губернатору конокторго сый тамак жана бий уюштурган. 18-май күнү кечинде Кремлдин бардык залдарында саат 9дан 11ге чейин бий уюштурулган. Москванын Чоң театрында М.И.Глинканын музыкасына жазылган “Жизнь за царя” – (“Цар үчүн өмүр”) аталыштагы опера жана Маркус Петиптин “Ночь и день” – (“Түн менен Күн”) деген балети коюлган. 19-май күнү Гранд палатасында падышанын сый тамагы берилген. 21-майда элдик майрамдоо жана Петр сарайында конокторго кайрадан сый тамак тартылган. Кыскартып айтканда бул салтанат үч жумага созулуп, 28-май күнү Москвадагы Хадынск талаасында 36 миң адам жана 7 миң жылкынын катышуусунда өткөрүлгөн чоң аскерий парад менен аяктаган.

Шабдан баатыр жана анын жолдоштору андан ары Санкт-Петербургга өзгөчө коноктордун арасында барышып, падышанын сыйурматына бөлөнүшүп, маданий жана тарыхый жерлерин кыдырышкан. Ал шаардан 21-июнда темир жол поездине түшүп, кайра өз жерлерине кайтышкан.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *