Жашообузду сулуулук менен кооздойлу

Даярдаган Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


“Дүйнөнү сулуулук сактап турат” дейбиз. Табияттын ажайып кереметтигин жана адамзаттагы сулуулукту сактаганга же аны кол менен жасаганга аракет кылабыз. Канчалаган айымдар менен мырзаларга сулуулук, жаштык, келишимдүү келбет тартуулап, кыз-келиндердин кумирине айланган косметолог, Бишкектеги Пластикалык хирургия, тери косметологиясы жана эстетикалык медицина борборунун жетекчиси – Айнура САГЫНБАЕВА. Бүгүн биз окурмандарга Айнура Сагынбаеванын жан дүйнө “дептериндеги” айрым ой-берметтеринен бөлүшөбүз.

Аялзатынын сулуулугу – табияттын төрт мезгили сыяктуу жана ар бир мезгилдин өз сулуулугу бар өңдүү, аялзаты да ар бир куракта ар бөлөк сулуулукка ээ.

Мен азыр сезимтал, секелек кездин эмес, тотуккан аялзатынын дооранын сүрүүдөмүн жана мага өзүмдүн бул курагым да абдан жагат. Мен аны сүйүп, аярлоо менен өткөрүүдөмүн.

***

Эгерде сени жалаң сулуулук, кооздук курчап турса, анда сенин жан дүйнөң дагы сулуу, кооз. Анда сен бул жашоонун сулуулугун, жашоонун кереметин аңдап, туюп, көрүп жетишүүгө умтулуу, суктануу, ырахаттануу менен жашайсың жана көкүрөк-көңүлүңдөгү көп көйгөйдү унутасың.

Сулуулукту көрүү – жан дүйнөнү жагымсыздыктан айыктыруу.

* * *

Сулуулуктун түрү арбын…

Эң негизгиси – жылдызы жок, суз, мерез болуудан Кудай сактасын…

Бул – адамдын ички дүйнөсүнүн, ички жашоосу менен жагымсыз ойлорунун сыртка чагылуусу.

Анткени, адамдын жүзү жана көзү – ички дүйнөсүнүн күзгүсү.

***

Азыр менден сулуулуктун, жаштыктын сырларын дайыма сурашат…

Качандыр бир мен да ошентип сурасам керек эле.

Анткени, мен да бала кезде, студент кезде эң сулуу, ажарлуу кыздардын катарында, биринчи катарда болгум келчү. Бирок кандай болсом, так ошондой бойдон калууга жана так ошондой бойдон өзүмдү сүйүүгө ынанганым эсимде.

Эми ойлосом күлкүлүү сезилет.

Чындыгында, анда жаштык кылыпмын.

“Көрө-көрө көсөм болот” адам. Улам убакыттын өтүшү менен, абалкыдан алда канча акылдуу, тажрыйбалуу, илимбилимдүү болдум.

Көкүрөк-көңүлдө жүргөн көп эңсөөнү аткарууга мүмкүн экенине ынандым…

Жашыруун эмес, сулуулукту сактап калуу жана өзгөрүү үчүн беш жыл ичинде спортту сүйдүм, чуркоону жана көнүгүүлөрдү жасоону адатка айланттым, ун азыктарынан баш тарттым, арыктадым, эстетикалык медицинанын жардамы менен ботокс жасаттым, көзүмдү өзгөрттүм, богокту болтурбоого кам көрдүм, липосакция жана липолитика жасаттым.

***

Кээде сулуулукту биз табияттан, жаратылыштан да үйрөнөбүз.

Биздин тоолорубуз, көлүбүз, өсүмдүктөрүбүз – керемет… Болгону эле аларды тааный билишибиз керек, сүйө билишибиз керек жана сырларынан бөлүшө, “сүйлөшө” билишибиз керек.

Көп учурда буларды сезбей, көрбөй жатканыбыз өкүнүчтүү. Мисалы, Ысык-Көл бизди сулуулайт, кубантат, бактылуу кылат, сергитет, эргитет…

Бирок биз аны кирдетип, чүнчүтүүнүн үстүндөбүз.

Эгерде табияттын сулуулугуна ушул боюнча кайдыгер, муздак мамиле кылсак, эс алуучулардын жүрүм-турумуна көңүл бурбасак, көлүбүздө таза жээк калбайт…

Бул – ар бирибиз үчүн зыян.

Көл – Ата-Журтубуздун сулуулугу жана байлыгы.

Кам көрө билели.

***

Табият демекчи, анын камкордугун караңыз…

Кадимки эле чычырканактын ашы…

Анын курамында адамды стресстен чыгарып, терини жашарта турган клеткалар бар.

“С” витамини иммунитетти көтөрүп, экзема жана угри сыяктуу кычыткылардын алдын алат. Ошол эле убакта чычырканактын майы жаратты тез бүтүрүп, таксыз айыгууга жардам берет. Терини жумшартат.

Мендеги сулуулуктун бир сыры – ушулар менен.

***

 Кайсы бир убакта, балким себепсиз эле маанайыңыз чөгүп, көңүлсүз болуп калган кезде эмне кыласың?

Өзүңдөн-өзүңдү издейсиң…

Кайсы бир таңда ойгоносуң да, ойлоносуң, баарын өзгөртүүгө туура келгенин түшүнөсүң.

Эң жөнөкөй эле нерселерден ырахат алып, шашпай, канааттануу менен жашоо керек экенин сезесиң…

***

 Качандыр бир мен дагы көп нерсе менин башыма келбечүдөй ойлочумун. Мен дайыма эле жап-жаш бала бойдон калчудай сезилчүмүн.

Андай эмес экенин азыр да жаш муундар сезе бербейт.

Демек, дене катып, ийкемсиз болуп калбашы үчүн дайыма кыймыл керек.

Бир орунда, эңкейип олтуруп иштей берүүдөн желке жагыбыз дүңкүйүп, катып кетет. Муну медицинада «Климактерический горб “ деп коет. Мындай нерсе аялды картаң көрсөтүү менен бирге, кийим дагы жарашпай калат.

Ошондуктан 15-20 мүнөт убакытты көнүгүү жасоо менен өткөрүүнү сунуштайм.

Мындай көнүгүүлөрдү мен күнүгө эртең мененки чуркоодон кийин жасайм.

***

Жасалма, жалган сулуулук деген болбойт.

Биздин жашообуз ар бир ирмемдерден турат.

Ошол ирмемдерде биздин көздөрүбүз, табигый сулуулукпу же чебер мастердин колу менен жасалган кошумча сулуулукпу, кандай болсо да сулуулукту көрүп, кубанып турганы кандай жакшы.

Сулуулук – адамдын ажары, көркү болуу менен бирге, жашоонун көркү.

***

Айтмакчы, а сиз адамга сулуулук операциясын жасаган пластикалык хирургдун мыктылыгын кантип баамдаш керектигин билесизби? Албетте, биринчи кезекте – колдорунан… Мыкты хирургдун колу жумшак жана ийкемдүү, керек болсо ичке манжалардан турат.

Ошондой эле мыкты хирургдун бир куралы – илим. Алар дайыма изденүүнүн үстүндө болуп, керек болсо илим менен азыктанышат.