Бүгүн “Комуз күнү”. Өлкөдө кандай иш- чаралар белгиленет?

Президенттин “Комуз күнүн” белгилөө жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өлкөдө 9- сентябрь күнү  бир катар иш- чаралар өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма — сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, республика боюнча аймактарда жана коомдук жайларда, мекеме иш-каналарда комуз күүлөрүн жаңырып, атайын иш-чаралар өтөт.

  • К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында “Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференциясы;
  • А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык  опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун айкелинин алдында Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдындагы эскерүү иш-чарасы;
  • Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын фоесинде “Комуз-улуттук сыймык” аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү;
  • Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук  филармониясынын чоң залында “Таңшы комуз” аттуу Гала концерт.

Ошондой эле өлкөнүн аймактарында жана тийиштүү мекемелерде «Комуз күнүнө» карата иш чаралар өтөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *