ЕАЭБдин рыногуна жетпеген жер-жемиштер: Айыл чарба министрлиги айла табабы?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Евразия экономикалык комиссиясынын материалдарына таянсак, 2018-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө экспорту 27,7 пайызга кыскарган. Экспорт бардык позициялар боюнча төмөндөгөн. Анын ичинен азык-түлүк товарлары жана айыл чарба чийки заты 6,8 пайызга ылдыйлаган. Бул Кыргызстандын экспортунун жалпы көлөмүнүн 21,5 пайызын түзөт. Кошуна Казакстандын да ЕАЭБге экспорт көлөмү 6,3 пайызга кыскарган. Ошол эле учурда Армения менен Беларусь ЕАЭБ рыногуна экспорт жиберүүлөрүн көбөйткөн.

Минтип, ЕАЭБ рыногуна азык-түлүк товарлары жана айыл чарба чийки затын экспорттоонун ылдыйлашы Кыргызстанда айыл чарбасында өсүү, өнүгүү жок дегенди билдирбейт. Биздин оюбузча, мунун баары барып-келип, Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн азык-түлүк жана жер-жемиштерди РФнын мамлекеттик чек арасынын россиялык-казакстандык участкасынан ар кандай шылтоолорду, айрым учурда жүйөөлүү себептерди айтып, өткөрбөй жатканы менен байланышкан.

Алыс барбай эле, соңку бир мисалды келтирели. 22-29-августта Оренбург облусу боюнча Росайылчарбакөзөмөл башкармалыгы РФнын мамлекеттик чек арасынын россиялык-казакстандык бөлүгүнөн 42 тонна жүзүм, кара өрүк жана кургатылган жемиштерди өткөрбөй койгон. “Жаман көргөндүн бөркү казанбактай” демекчи, бажыканачыларга өткөргүсү келбесе, миң шылтоо, себеп табылат эмеспи. Росайылчарбакөзөмөл башкармалыгынын басма сөз кызматы фитосанитардык көзөмөл учурунда: Кыргызстандан чыккан 20 тонна жүзүм жана кара өрүк анык эмес фитосанитардык сертификат менен коштолуп алынып киргенин, 22,5 тонна кургатылган жер-жемиш белгиленген тосоттук фитосанитариялык талаптарга шайкеш келе турганын тастыктабаган фитосанитардык сертификат менен коштолгону аныкталганын билдирген. Тосоттук мыйзам талаптарына ылайык бул продукцияларды РФнын аймагына алып өтүүгө тыюу салынат, күнөөлүү тараптар административдик жоопкерчиликке тартылат делет билдирмеде.

Аймактык Росайылчарбакөзөмөл башкармалыгынын кызмат адамдарынын көзөмөлү астында тосот азык-түлүктөрүн ташыган эки автоунаа Россиядан артка кайтарылган.

Бул бир эле жолку окуя эмес. Аймактык Росайылчарбакөзөмөл башкармалыктары бирде 9 тонна балды артка кайтарса, бирде Новосибирскиге 167 тонна өсүмдүк продукциясын, Оренбургга 20 тонна миндалды, бирде кайрадан эле 179 тонна өсүмдүк продукциясын, бирде Омск облусуна 700 килограмм кыргыз балын өткөрбөй койгон.

Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болуп туруп, өзү өндүргөн продукцияны ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагына өткөрө албаса, анан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногунда Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын экспорту азайбаганда көбөймөк беле.

Биз бул фактыларды жөн-жай эле тизмектеп жаткан жокпуз, Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин кулагына күмүш сырга кылып айтып жатабыз.

Айыл чарба тармагында иштеген фермерлер жана дыйкандардай эле, бизде деле аталган министрликке болгон ишеним аз. Бирок, башка айла канча?

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган жылдарда кургуйга кулаган республиканын айыл чарба тармагы акыркы жылдарда кадыресе жанданып, дыйкандарыбыз өздөрү өндүргөн азык-түлүк, жер-жемиштерин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногуна алып чыгууга аракет кылышууда. Тилекке каршы, дайым болбосо да, кээде айыл чарба продукциялары тигинтип Казакстан, Россия мамлекеттик чек арасынан нары өтпөй, дыйкандарыбыз миллиондогон сомго күйүп кеткен фактылар аз эмес. Мунун өзү эми гана бутуна туруп, оожалайын деген дыйкан чарбаларын тизеге чаап жыгуу менен барабар экени айтпаса да түшүнүктүү.

Финансы министрлигинин Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата фискалдык саясатынын негизги багыттары деген документинде айыл чарбасынын жылдык орточо өсүш темпин 3,4%, анын ичинде мал чарбасынын жылдык орточо өсүү темпин 2,8 пайыз деңгээлинде кармап туруу болжолдонууда. Бул илгери үмүт, изги ниет. Арийне, бул көрсөткүчтөр документтерден, кагаздардан эмес, чек аралардан, бажы постторунан, барып-келип Казакстандын бажысы менен аймактык Росайылчарбакөзөмөл башкармалыктарынан көз каранды. Кыргыз дыйкандарынын ала жаздан баштап, жайды жайлай кылган мээнети эки өлкөнүн аталган мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлеринин маанайына жараша болот. Алар кааласа, кыргыз азык-түлүк товарларын, жер-жемиштерин чек арадан нары өткөрөт, каалабаса өткөрбөй коет. ЕАЭБ деңгээлиндеги кол коюлган келишимдерди бир-эки эле төмөнкү звенодогу мамчиновник оң же тескери чечип коет. Демек, бул багытта жеке эле Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги эле эмес, Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстандын ЕАЭБдеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги креслого жабышып отура бербей иштеши керек.

Кыргызстандан ЕАЭБ аймагына өтпөй, артка кайтарылган ар бир тонна эмес, ар бир кило жер-жемиштин артында кыргызстандык миңдеген дыйкандардын тагдыры жатат. Ар бир тонна жер-жемиштин, кыргыз балынын артында Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын экспортунун келечеги жатат.

Ал арада Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги республиканын эки облусунда кылкандуу дан эгиндеринен жогору түшүм (Жалал-Абад буудай -31,8 ц/га, 34,3 ц/га, жана Талас буудай — 31,8 ц/га, 33,3 ц/га) алынганын айтып жетине албай жатат. Гектарына 30 центнер Кыргызстан үчүн чоң көрсөткүч болсо, дүйнөнүн айыл чарбасы мыкты өнүккөн өлкөлөрдө бул мыкты көрсөткүч болбой калган. Азыр буудайдан гектарына 80-90 центнерден алган өлкөлөр четтен кездешет.

Сыягы, профилдик министрлик кайсы кылымда жашап жатканын унутуп калгандай. Министрликтин дарегине ар качандан бир качан сын айтылат. Бирок, негедир аталган министрлик сындан тийиштүү жыйынтык чыгара элек. Натыйжада, Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүк продукциясы, анын ичинде кыргыз балы, жер-жемиштер Казакстандын мамлекеттик чек арасынан ары өтпөй, Казакстандан өтсө, Россиянын мамлекеттик чек арасынан ары өтпөй, артка кайтарылууда. Бул дыйкандар миллиондогон сомго күйүп тим болбой, кыргыз дыйкандары өндүргөн айыл чарба продукциялары эл аралык стандартка жооп бербейт деген коомдук пикир жаратып жатканын билдирет. А министрлик болсо, эч нерсе көрбөгөндөй, эч нерсе билбегендей, камаарабай отурганы таңгалычтуу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *